00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
7 мин
Ачык кеп
Кепилдик фонддун ишмердүүлүгү жана 2025-жылдын жыйынтыгы: ишкерлерге колдоо жана санариптештирүү
15:08
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
4 мин
Личный интерес
Как формируется иммунитет нации и что здесь зависит от государства
16:05
48 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
Жаңы жылдык майрамдан кийин организмди кантип калыбына келтиребиз?
17:04
53 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Рост товарооборота и новые инвестиционные проекты — беседа с торговым представителем РФ в КР
18:07
24 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:30
18:30
3 мин
Тема дня
Как дефицит воды меняет сельское хозяйство Кыргызстана
18:34
22 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
6 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
7 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Кепилдик фонддун ишмердүүлүгү жана 2025-жылдын жыйынтыгы: ишкерлерге колдоо жана санариптештирүү
21:04
46 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1
Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Кудайбердиева: товардагы географиялык көрсөткүч экономикага чоң салым кошот

© Sputnik / Асель СыдыковаКыргызпатенттин товардык белгилерди экспертизалоо бөлүмүнүн башчысы Гүлбара Кудайбердиева
Кыргызпатенттин товардык белгилерди экспертизалоо бөлүмүнүн башчысы Гүлбара Кудайбердиева - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.05.2022
Жазылуу
Кыргызпатенттин товардык белгилерди экспертизалоо бөлүмүнүн башчысы Гүлбара Кудайбердиева Кыргызстанда интеллектуалдык менчиктин жаңы объекти болгон "географиялык көрсөткүчтү" киргизүү аракеттери тууралуу айтып берди.
Буга чейин Кыргызстандын аймактык товарлары өз географиялык уникалдуулугун товар чыгарылган жердин аталышы (НМПТ) катары гана мыйзамдаштыра алган. Бул өтө татаал каттоо процедурасы жана өндүрүүчүгө катуу талаптарды коёт. Эми "Товардык белгилер, тейлөө белгилери, географиялык көрсөткүчтөр жана товар чыгарылган жердин аталыштары жөнүндө" мыйзамынын жаңы редакциясы кабыл алынгандан кийин белгилүү бир региондо өндүрүлгөн уникалдуу товарды географиялык көрсөткүч катары каттоого мүмкүнчүлүк түзүлөт. Ага ылайык, товарларды каттоо процедурасы жөнөкөйлөштүрүлөт. Бул тууралуу Гүлбара Кудайбердиева Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Кудайбердиева: товардагы географиялык көрсөткүч экономикага чоң салым кошот
Анын айтымында, регионалдык өндүрүүчүлөр өз продукциясын коргоо үчүн географиялык көрсөткүчтөрдү колдонуу укугуна ээ.
"Географиялык көрсөткүчөр интеллектуалдык менчиктин объекти катары өлкөбүз үчүн, ата мекендик продукцияны өндүргөн фермерлер, ишкерлер, чакан жана орто бизнес, ошондой эле региондорду өнүктүрүү үчүн абдан маанилүү. Ошондуктан "Товардык белгилер, тейлөө белгилери, географиялык көрсөткүчтөр жана товар чыгарылган жердин аталыштары жөнүндө" мыйзамынын жаңы редакциясы иштелип чыкты. Мында "географиялык көрсөткүч" сыяктуу көптөгөн жаңы түшүнүктөр киргизилет. Регионалдык өндүрүүчүлөр өз продукциясын коргоо үчүн географиялык көрсөткүчтөрдү колдонуу укугуна ээ болуп, ички рынокко да, эл аралык рынокко да тайманбай чыга алышат. Ошол эле учурда алар ар кандай жасалмалардан корголот. Демек, Кыргызстанда Токтогул же Ат-Башынын балы, Өзгөн же Баткен күрүчү, Оштун самсасы, Караколдун ашлям-фусу жана башка географиялык абалга байланыштуу бренддер ортого чыгат. Мыйзам кабыл алынса биздин ишкерлерге мындай брендди расмий каттоого мүмкүнчүлүк түзүлөт. Географиялык көрсөткүч бренд катары аймактагы ассоциациялар же башка бизнес-ассоциациялар тарабынан гана катталышы мүмкүн. Башкача айтканда, бир эле бизнесмен бренд ала албайт. Бул үчүн продукт өндүрүүчүлөрдүн тобу биригип брендге ээ боло алат. Бренд катары көрсөтүлүп жаткан географиялык көрсөткүч ошол аймакка гана тиешелүү, уникалдуу продукт болууга тийиш", — деди Кудайбердиева.
Ал продукциянын келип чыгышынын географиялык көрсөткүчү товар өндүрүүчүгө кошумча киреше алып келерин кошумчалады.
Подкасттын толук вариантын төмөнкү видеодон көрүңүз:
Жаңылыктар түрмөгү
0