Доллар 80 сомдон ылдый түштү, рубль кымбаттап жатат. 21-майга карата маалымат

© Sputnik / Виталий Тимкив / Медиабанкка өтүүДоллар акчасы. Архивдик сүрөт
Доллар акчасы. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.05.2022
Жазылуу
Америкалык валютанын орточо курсу бир күндө 1,45 сомго төмөндөдү.
БИШКЕК, 21-май — Sputnik. Соңку бир сутканын аралыгында доллар менен евро арзандады, ал эми күйүүчү майдын баалары өзгөрүүсүз турат.
Валюта менен күйүүчү майдын баасы (сом) (21-май, 2022-ж)
Валюта менен күйүүчү майдын баасы (сом) (21-май, 2022-ж) - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.05.2022
Валюта менен күйүүчү майдын баасы (сом) (21-май, 2022-ж)
Жума күнү эртең мененкиге салыштырмалуу долларды сатып алуу жана сатуунун орточо курсу 1,45 сомго төмөндөдү. Белгилей кетсек, кечээ күндүз америкалык валютаны сатып алуу 80 сомдон ылдый түшкөн. Орточо курс 1,2 сомго арзандаган.
Ошол эле учурда рубль күчүн бекемдеп, бир нече тыйынга кымбаттады. Теңге боюнча анчалык өзгөрүү байкалган жок. Күйүүчү майдын баасы да мурдагы күндөрдөгүдөй турат.
Ал эми алтын куймалары боюнча айтсак, Улуттук банк дем алыш күндөрү аларды сатпайт.
Улуттук банк. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.05.2022
Улуттук банк интервенция жасап, валюта рыногунан 20,5 млн. доллар сатып алды
Жаңылыктар түрмөгү
0