Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Ырсалиева: тоого эс алууга жөнөгөндө таштанды салуучу мүшөк ала барыңыз

© Sputnik / Табылды КадырбековЭколог, айлана-чөйрөнү коргоонун мыкты кызматкери Айгүл Ырсалиева
Эколог, айлана-чөйрөнү коргоонун мыкты кызматкери Айгүл Ырсалиева  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.05.2022
Жазылуу
Эколог, айлана-чөйрөнү коргоонун мыкты кызматкери Айгүл Ырсалиева Кыргызстандын жарандарынын экологиялык маданияты орточо деңгээлде деген баасын берди.
Күн жылуу мезгилде адамдар цивилизациядан алыстап тоо койнунда эс алууга чыгышат. Бирок ошол эле учурда мүмкүн болушунча өзүбүзгө ыңгайлуу шарт түзүүгө аракет кылабыз. Биз тиричиликте колдонгон жөнөкөй эле нерселер жаратылышка зыян келтириши мүмкүн. Ошол эле пластик буюмдар, тиричилик химиясы, отурган жерде калган таштандылар жаратылышты булгап, жергиликтүү фаунаны ууландырат. Бул тууралуу Айгүл Ырсалиева Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Ырсалиева: тоого эс алууга жөнөгөндө таштанды салуучу мүшөк ала барыңыз
Анын айтымында, пластик буюм, целлофан жарым кылым сакталат, андыктан кайра иштетип, өлкө ичинде оюнчук, кире беришке төшөгөн килемчелерди, дөңгөлөк, телефондун кабын жасоону колго алуу керек.

"Бишкек шаарындагы төрт райондогу 47 конуштан күндө тонналаган таштанды чыгат. Дүйнөнүн башка мамлекеттеринен айырмаланып бизде таштандыны кайра иштетүүчү ишкана болбогондуктан калдыктардын чиригени чирип, чирибегени жылдап, кылымдап жатып, ал абага уулуу заттарды бөлүп чыгарууда. Өлкөдө айрым таштандыны иштеткен өтө чакан жайлар гана бар. Бул аталган маселени чече албайт. Учурда шаардыктар жана борбор калаанын коноктору күн сайын жаратылыш койнуна эс алганы чыгууда. Кыргызстандын жарандарынын экологиялык маданияты орточо деп баалайм. Тилекке каршы, шаардын четиндеги жерлерди акыр-чикирлер басып бараткандыктан, анын алдын алышыбыз керек. Эгер талаага эс алууга бара жатсаңыз экологиянын коопсуздугу үчүн даярдык көрүп алган оң. Сиз тоого алып барган нерсени кайра алып кете аласыз. Эң биринчиден, мүшөк же чоң пакет ала барып калдыктарды өзүңүз менен ала кетиңиз. Отту жаратылышка зыян келбегидей кылып жагыңыз. Ошондой эле аккан сууга ар нерсени төгүп же идиш-аяк жууган туура эмес. Самын же идиш жуучу каражаттарды суудан берирээк жерде колдонуу зарыл. Айтор, барган жериңизге экинчи келбечүдөй мамиле кылбаңыз", — деди Ырсалиева.

Ал өлкөнү таза кармоо үчүн адамдардын аң-сезимине өзгөртүү киргизип, экологиялык маданиятты жогорулатуу керектигин кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0