Ширшовго карматтык. Депутаттар "Дастан" заводу министрликке өткөнүнө каршы чыкты

Дастан заводу. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.05.2022
Жазылуу
Парламентарийлер министр менен Алексей Ширшов дос экенин айтып, экөө жеке кызыкчылыктарын көздөп жатканынан шек санашты.
БИШКЕК, 18-май — Sputnik. Жогорку Кеңештин айрым депутаттары мамлекеттик ишканалардын Санариптик өнүктүрүү министрлигине берилишине каршы чыгып, кооптонууларын билдиришти.
Белгилей кетсек, буга чейин министрлер кабинети аталган министрликтин карамагына Megacom, "Кыргыз телеком" ишканаларын, "Евразия сактык банкын" жана "Дастан" заводун өткөрүп берген.
Эл өкүлү Дастан Бекешев былтыр парламентте Megacom менен "Евразия сактык банкын" менчиктештирүү токтому чыгарылганын эске салып, алгач бул чечимди жокко чыгаруу керектигин айтты.
© Фото / пресс-служба Жогорку КенешаДепутат Жогорку Кенеша Дастан Бекешев
Депутат Жогорку Кенеша Дастан Бекешев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.05.2022

"Megacom үчүн канча саясатчылар түрмөдө отурду, мамлекет эл аралык соттордо күрөшүп, акыркысы ушул жылда бүткөн. Күрөшүп-күрөшүп отуруп аягында Ширшовго берип атабыз. Алексей Ширшов менен санариптик өнүктүрүү министри Талант Иманов дос. Экөө тең мурда "Дастан" заводун жетектеген. Курал, торпедо чыгарган заводду data-борбор ачабыз деп министрликке берип жатышат. Аны Megacom же "Кыргыз телекомдо" деле ачса болот да", — деди Бекешев.

Жанар Акаев мындай учурда ири суммадагы акчаны өлкөдөн мыйзамсыз чыгарып кетпешине ким кепилдик бере алат деп суроо салды.
© Фото / пресс-служба Жогорку КенешаДепутат Жогорку Кенеша Жанар Акаев
Депутат Жогорку Кенеша Жанар Акаев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.05.2022
"Алексей Ширшовдун оң колу, шопуру Талант Имановго төрт мекемени өткөрүп берди. 3 миллион абоненти бар Megacom менен 300 миң кардарды тейлеген "Кыргыз телеком" макул, багыты бир экен. Торпедо, ок-дары чыгарган заводдун, банктын Санариптик өнүктүрүү министрлигине эмне тиешеси бар? Ушундай токтомду жокко чыгарыш керек", — деди Акаев.
Ал эми Улугбек Ормонов бул жагдай боюнча өкмөт башчы Акылбек Жапаровду чакырып түшүндүрмөсүн угууну сунуштады.
© Фото / пресс-служба Жогорку КенешаДепутат Жогорку Кенеша Улугбек Ормонов
Депутат Жогорку Кенеша Улугбек Ормонов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.05.2022
"Мен "Дастан" ишканасында 20 жыл иштеген кызматкер катары айтпасам болбойт. Акылбек Үсөнбекович бул заводдун мүмкүнчүлүгүн аябай жакшы билет. Ушунча болду "Улан" заводун да кошуп койсун, ал түздөн-түз "Дастанга" баш иет. Бул министрликке Кыргызстандын жарымын эле берип койсо болот. Талант Иманов мурда иштеп кеткен ишканасын колдон чыгаргысы келбей жатабы? Анда кайра ошол жерге алып барып коюш керек. Санарипти башка билген кишиге берели. Data-борбор үчүн кошуп жатабыз дегени адамдын күлкүсүн келтирет", — деди Ормонов.
Ошондой эле депутат Жогорку Кеңештин атайын токтому менен "Дастан" боюнча өкмөттүн токтомун жокко чыгарыш керектигин белгиледи. Натыйжада кийинки жумада министрлер кабинетинин толук курамын парламентке чакыруу чечими кабыл алынды.
Эске салсак, "Дастан" трансулуттук корпорациясынын мурдагы жетекчиси Алексей Ширшов 9-майда кармалып, бирок эртеси баш коргоо чарасы тандалып, үй камагына чыгарылган.
Курманбек Бакиевдин тушунда Ширшов анын уулу Максимге жакын болгон. Ширшовду Кыргызстандын энергетикадагы "көмүскө кардиналы" деп аташкан. Ал тургай коррупциялык иштерди жасаган "ширшов схемасы" болгону айтылат.
2010-жылдан кийин ага карата төрт кылмыш иши козголуп, кээ бири боюнча соттолгон. Бирок өлкө бийлиги ал 2015-2019-жылдары айып пул төлөп, акталып чыкканын айтууда.
Башкы прокуратуранын имараты. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.05.2022
Башкы прокуратура Алексей Ширшовго кандай кылмыш иштери козголгонун тизмектеди
Жаңылыктар түрмөгү
0