Башкы прокуратура Алексей Ширшовго кандай кылмыш иштери козголгонун тизмектеди

© Sputnik / Жоомарт УраимовБашкы прокуратуранын имараты. Архив
Башкы прокуратуранын имараты. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.05.2022
Жазылуу
Башкы прокуратурадан кошумчалагандай, Ширшовго карата кылмыш иштери 2010-жылы жана 2014-жылы козголуп, алар боюнча соңку өкүмдөр 2015-жылы чыккан.
БИШКЕК, 13-май — Sputnik. Башкы прокуратуранын маалымат катчысы Сирожиддин Камолидинов Алексей Ширшовго карата козголгон кылмыш иштерин санап, алардын жыйынтыгы кандай болгонун айтып берди.
Ал билдиргендей, Ширшовго 2010-жылдын апрель айынан баштап үч, ал эми 2014-жылы бир кылмыш иши козголгон.
Алар:
Биринчи кылмыш иши "Дастан" трансулуттук корпорациясынын акцияларын мыйзамсыз чыгаруу фактысы боюнча козголгон. Кылмыш жана жаза кодексинин 221-беренесинин экинчи бөлүмү менен ("Коммерциялык же башка уюмдардын кызматкерлеринин ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануу") козголуп, 2011-жылы январь айында соттун кароосуна жиберилген;
Экинчи кылмыш иши 2010-жылдын 30-июлунда "Кыргызстан улуттук электр тармагы" ААКсы жана "Сити холдинг" ЖЧКсынын ортосунда түзүлгөн мамлекеттин кызыкчылыгына каршы келишим деген негиз менен козголгон. Кылмыш жана жаза кодексинин 166-беренеси ("Алдамчылык") боюнча ачылган иш 2010-жылдын 27-сентябрында соттун кароосуна жөнөтүлгөн;
Үчүнчү кылмыш иши Ширшов "Бишкек энергокомплекс", "Ресурс энергоуниверсал", "Бишкек газ проект" ЖЧКларынын жана "Кыргыз газ" ААКсынын ортосунда мамлекеттин кызыкчылыгына каршы түзүлгөн келишим боюнча бир нече ("Алдамчылык", "Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу", "Финансылык жеңилдиктерди мыйзамсыз берүү же алуу" жана "КР кызыкчылыктарына каршы келишим түзүү") кылмыш иши ачылган. 2010-жылдын 27-сентябрында соттун кароосуна жиберилген.

"Аталган 3 кылмыш иши Бишкек шаардык Биринчи май райондук сотунун чечими менен бириктирилип, чогуу каралган. Жыйынтыгында 2015-жылдын январында Ширшов "Дастан" ачык акционердик коомунун акцияларын мыйзамсыз чыгаргандыгы фактысы боюнча күнөөлүү деп табылып, үч жылга эркинен ажыратылган. Ал эми калган беренелер боюнча акталган", — деди Камолидинов.

Бул өкүм боюнча Ширшовдун жактоочулары даттануу арызын жазып, жогору турган Бишкек шаардык сотунун 2015-жылдын 19-январында өкүм өзгөртүлгөн жана Ширшовго айып салынган.
Ал эми 2014-жылы 20-июнда Башкы прокуратура тарабынан Ширшовдун Ысык-Көл районундагы "Витязь" ЖЧКсындагы кыймылсыз мүлктөрдү улутташтыруудагы мыйзамсыз аракеттери боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 309-беренеси (“Ишкердик кылуу ишине мыйзамсыз катышуу”) менен кылмыш иши козголгон. Ошол эле жылы 19-ноябрда соттун кароосуна жиберген.
"2018-жылдын октябрында Октябрь райондук соту Алексей Ширшовду Кылмыш жана жаза кодексинин 309-беренеси менен күнөөлүү деп таап, кылмышка тартуу мөөнөтү эскиргендигине байланыштуу жазадан бошоткон", — деди маалымат катчы.
Башкы прокуратурадан кошумчалагандай, Ширшовго карата кылмыш иштери 2010-жылы жана 2014-жылы козголуп, алар боюнча соңку өкүмдөр 2015-жылы чыккан.
Эске салсак, Кыргызстандын энергетика тармагында "серый кардинал" атыккан, "Дастан" трансулуттук корпорациясынын жетекчиси Алексей Ширшов 10-майда кармалып, бирок кечкурун баш коргоо чарасы өзгөртүлүп, үй камагына чыгарылган.
Бул боюнча социалдык тармактагы талкуулардан улам президент Садыр Жапаров өз пикирин билдирген. Ал Ширшов Максим Бакиевдин 200 миллион доллары камакта жаткан банкты тапканын, бул маселе боюнча президенттин кабыл алуусун суранганын айткан. Ошондой эле Башкы прокуратура, УКМК, ИИМ жетекчиликтери Ширшовго карата кылмыш иши жок экенин айтканын билдирген.
Мындан соң 2010-жылдагы Убактылуу өкмөттүн мүчөсү, азыр Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси Азимбек Бекназаров бир катар ЖМКларга маек берип, ага карата учурунда бир нече кылмыш иши козголгонун маалымдаган.
13-май күнү президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев Алексей Ширшовго козголгон иштер болгонун, бирок 2015-2019-жылдары айып пул төлөп, акталып чыкканын билдирген.
Президент Садыр Жапаров - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.05.2022
Жапаров Ширшовду кабыл алганы, Бакиевдин мүлкүн талагандар боюнча үн катты
Жаңылыктар түрмөгү
0