Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Муканбетов: Россиянын Украинадагы позициясын коомчулук эми түшүнүүдө

© Sputnik / Асель СыдыковаСаясат талдоочу Сабыр Муканбетов
Саясат талдоочу Сабыр Муканбетов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.05.2022
Жазылуу
Саясат талдоочу Сабыр Муканбетов Батышта учурда Украинадагы атайын операцияга байланыштуу сөз эркиндиги катуу кысымга алынып жаткандыгын айтты.
Россиянын Украинада жасаган атайын операциясын алгач коом баскынчылык катары кабылдаган. Бирок Украина аскердик күчтөрүнүн ушул жылдын март айынан тарта Луганск, Донецкиге, Крымга кыргын салып, жай тургундарды өлтүрүп, Россия Федерациясынын аймагына чейин кирип келүү пландары Россиянын атайын кызматтары тарабынан аныкталган соң эл атайын операциянын маңызын түшүнө баштады. Мындай пикирин Сабыр Муканбетов Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Муканбетов: Россиянын Украинадагы позициясын коомчулук эми түшүнүүдө
Анын айтымында, учурда коом НАТОнун Чыгышты көздөй тынымсыз жылып келе жатканын, Американын антироссиялык саясат жаратып жана жүргүзүп келгенин түшүнүп жатат.
"Украинадагы атайын операция муктаждыктан улам жаралды десек да болот. Анткени эгер Россия мындай кадамга 24-февралда чукул барбаса, март айында украин аскерлери Донецк, Луганскиде чабуулга өтүп, Крымдагы орус тилдүү элди кырып, Россиянын чек арасына чейин кирип келмек. Бул украин аскер жетекчилиги, генералдар тарабынан кол коюлган документтердин түп нускалары Россиянын атайын кызматы тарабынан ачыкталып, коомчулукка жарыяланган соң эл орус өкмөтү жүргүзүп жаткан азыркы геосаясатты түшүнүү менен кабыл ала баштады. Украинанын чыгышында 70-80 пайыз орус тилдүү калк жашайт. Алар немецтик фашизмди жеңген ата-бабаларынын арбагын сыйлап, Украинанын азыркы неонацисттик саясатын колдобой келишет", — деди Муканбетов.
Саясат талдоочу учурда коомчулуктун дээрлик басымдуу бөлүгү өзүнүн гегемондугун сактап калып, СССРди жок кылгандай Россияны талкалоону максат кылган Американын чыныгы жүзүн таанып калганын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0