Россия ЖККУ өлкөлөрү менен кызматташууну күчөтүүнү пландап жатат

© Sputnik / Амир Исаев / Медиабанкка өтүүЖККУ мамлекеттеринин желектери. Архив
ЖККУ мамлекеттеринин желектери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.05.2022
Жазылуу
Россиянын Тышкы иштер министрлиги ЖККУ бүгүнкү күндө аймактык стабилдүүлүктү сактоодо негизги ролду ойноорун белгиледи.
БИШКЕК, 15-май — Sputnik. Жамааттык коопсуздук келишиминин 30 жылдыгына карата Россиянын Тышкы иштер министрлиги ЖККУ мамлекеттери менен ар тараптуу кызматташтыкты күчөтүүнү пландап жатат.
Келишимге 1992-жылдын 15-майында коопсуздукту биргелешип камсыздоо жана аскердик-саясий чөйрөдө кызматташтыкты өнүктүрүү максатында кол коюлган.
ЖККУ бүгүнкү күндө аймактык стабилдүүлүктү сактоодо негизги ролду ойноп, аймактагы коопсуздукту ишенимдүү кепилдеп жатканы белгиленген.
"Россия ЖККУга мүчө-мамлекеттер менен ар тараптуу кызматташтыкты мындан ары бекемдөө жана өнүктүрүүнү тышкы саясаттын артыкчылыктуу багыты катары карайт", — деп айтылат маалыматта.
ЖККУга Армения, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Россия жана Тажикстан кирет. Эртең, 16-майда, мүчө-өлкөлөрдүн лидерлери уюмдун жоопкерчилик чөйрөсүндөгү кырдаалды жана анын өнүгүү келечегин талкуулоо үчүн Москвада чогулушат.
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.05.2022
Жапаров Москвага ЖККУга мүчө-өлкөлөрдүн лидерлеринин саммитине учуп кетти
Жаңылыктар түрмөгү
0