Жапаров Москвага ЖККУга мүчө-өлкөлөрдүн лидерлеринин саммитине учуп кетти

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевКыргызстандын президенти Садыр Жапаров. Архив
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.05.2022
Жазылуу
Жамааттык коопсуздук келишиминин 30 жылдыгына жана уюмдун түптөлгөндүгүнүн 20 жылдыгына карата ага мүчө-мамлекеттердин башчылары саммитке чогулат.
БИШКЕК, 15-май — Sputnik. Президент Садыр Жапаров ЖККУга мүчө-мамлекеттердин лидерлеринин жолугушуусуна катышуу үчүн Москвага учуп кетти.
Мамлекет башчысынын маалымат кызматынан аны менен кимдер кеткендигин кошо билдирди.
Кыргызстандын расмий делегациясынын курамында:
Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев;
Президенттин өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлү Таалатбек Масадыков;
Кыргызстандын Россиядагы элчиси Гүлнара-Клара Самат бар.
Мурдараак Жапаров саммитке төрагалык кылуучу тарап Армениянын чакыруусу менен 16-майда Москва шаарына барары кабарланган.
Эске салсак, эртең, 16-майда, Жамааттык коопсуздук келишиминин 30 жылдыгына жана уюмдун түптөлгөндүгүнүн 20 жылдыгына карата уюмга мүчө болгон мамлекеттердин башчылары саммитке чогулат. Анда ЖККУнун алкагында маанилүү маселелер — эл аралык жана аймактык актуалдуу көйгөйлөр, жамааттык коопсуздук системасын жакшыртуу талкууланмакчы.
ЖККУга мүчө мамлекеттердин желектери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.04.2022
Президенттин маалымат катчысы: Кыргызстандын ЖККУдан чыгуу ниети жок
Жаңылыктар түрмөгү
0