Пандемияда корогон үч тонна кан плазмасынын ордун толтуруу зарыл болуп турат. Маек

© Sputnik / Илья Питалев / Медиабанкка өтүүКан тапшырып жаткан донорлор. Арихв
Кан тапшырып жаткан донорлор. Арихв - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.05.2022
Жазылуу
Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун билдирүүсүнө караганда, 1000 кишиге 40-60 донор туура келиши керек. Бирок бул көрсөткүч Кыргызстанда абдан эле төмөн. Ал эми канга муктаждардын саны көп жана барган сайын өсүп жатат.
Sputnik Кыргызстан редакциясынын студиясында Республикалык кан борборунун жетекчисинин дарылоо иштери боюнча орун басары Айганыш Сатыбалдиева болуп, өлкөдө кан донорлорунун жетишсиздиги жана донор болуу үчүн эмне кылуу керектиги тууралуу айтып берди.
© Sputnik / Табылды КадырбековАйганыш Сатыбалдева: дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун билдирүүсү менен 1000 кишиге 40-60 донор туура келиши керек болсо, бизде 6-7 гана донор болууда.
Заместитель директора республиканского центра крови в Бишкеке Айганыш Сатыбалдиева - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.05.2022
Айганыш Сатыбалдева: дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун билдирүүсү менен 1000 кишиге 40-60 донор туура келиши керек болсо, бизде 6-7 гана донор болууда.
— Бүгүн кан донорлорунун жетишсиздиги канчалык деңгээлде курч, алардын саны канча?
— Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун билдирүүсү менен 1000 кишиге 40-60 донор туура келиши керек болсо, бизде 6-7 гана донор болууда. Албетте, бул эң төмөн көрсөткүч, себеби дүйнө жүзү боюнча ар бир үчүнчү жаран кан куюуга муктаж. Бул үчүн донор керек. Ушул кезге чейин анын ордун баса турган жасалма кан ойлонулуп чыккан эмес. Республика боюнча 4-4,5 миң ардактуу донор бар. 30 жолу акысыз кан берген жаран "ардактуу донор" аталат. Ал эми акы төлөп кан бергендер 45 жолкудан кийин ушул наамга жетет. Буларга эч кандай деле милдеттемелер тагылбайт. Врачтын кароосунан өтүп, кандын резус-фактору текшерилет. Мыйзам боюнча, акысыз кан тапшыргандарга 100 сом, акыга тапшыргандарга 300 сом өлчөмүндөгү акча төлөнөт. Албетте, бул эң арзан баа.
— Жылына канча көлөмдө кан алынып, кан компоненттери даярдалат? Бул көрсөткүч саламаттык сактоо тармагынын муктаждыгынын канча пайызын жабат?
— Республика боюнча быйыл 45 миң донор кан берсе, анын 50 пайыздан ашыгын биздин республикалык борбор алды. Статистика боюнча, быйыл бизге 25 200 донор кан тапшырды. Албетте, бул муктаж болгон жарандарды толук камсыз кыла албайт. Борбордо кандын компоненттерин да даярдайбыз. Донор медициналык кароодон өткөндөн кийин кандай компонентти тапшырарын врач аныктайт. Андан кийин кан аркылуу жугуштуу ооруларга (сарык, гепатит В, гепатит С, ВИЧ, СПИД, бруцеллез) текшеребиз. Кан берүүнү каалагандардын 30 пайызынын ден соолугу талапка жооп бербей калат. Көбү барсам эле баса калып кан алышат деп ойлойт. Жок, биз дагы 18 жаштан 60 жашка чейинкилердин саламаттыгын текшерип, анан салмагы 50 килограммдан жогору болсо гана алабыз. Туугандары үчүн кан тапшырган донорлор кандын бир дозасын бекер ала алат жана эки донорго бир плазма берилет. Ошондой эле кансырап келген бейтапты да акысыз камсыздайбыз. Медициналык мекемелер менен да келишим түзүлгөн. Анын натыйжасында канга муктаждык жаралганда алар бизге акчасын же донор алып келип берип, кан плазмасын алышат. Негизи калктын муктаж бөлүгүн толук камсыздоого мүмкүнчүлүк бар.
© Фото / Жаныбекова ЭльмираАйганыш Сатыбалдиева: эритроциттер 35 эле күн сакталат. Ошондуктан аны толуктап туруу оңой эмес. Плазма үч жыл, тромбоцит клеткалар беш гана күн турат.
Заместитель директора республиканского центра крови в Бишкеке Айганыш Сатыбалдиева - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.05.2022
Айганыш Сатыбалдиева: эритроциттер 35 эле күн сакталат. Ошондуктан аны толуктап туруу оңой эмес. Плазма үч жыл, тромбоцит клеткалар беш гана күн турат.
— Сейрек кездешүүчү кан топтору бар да. Аларды албайсыздарбы?
— Алар донорлордун 7-8 пайызын эле түзөт. Бүгүнкү күндө кандын сегиз тобунун баарын алабыз. Анткени эч ким эч качан өзүнө кепилдик бере албайт. Сейрек кездешүүчү топтогу адамдар да кырсыктап кайрылышы мүмкүн. Мисалы, төрөт учурунда эле аялдан беш литр кан кетип калышы ыктымал. Бул — 20 донордун каны. Негизи компоненттерге бөлүп иштеп чыккан соң кандын дозасы азаят да. Ал компоненттердин да мөөнөтү бар. Эритроциттер 35 эле күн сакталат. Ошондуктан аны толуктап туруу бизге оңой эмес. Плазма үч жыл, тромбоцит клеткалар беш гана күн турат. Бул да чайкоочу атайын жабдыктын жардамы менен даярдалат. Андай аппарат бизде, Ошто жана Жалал-Аббада эле бар. Калган аймактарда жок. Туугандары үчүн кан тапшырган донордун каны текшерүүдөн кийин жараксыз болуп калса да аныктаманын негизинде бекер кан беребиз.
— Сырттан кан сатып алууга болобу?
— Мыйзам боюнча, биз чет мамлекеттен кан сатып ала албайбыз. Сыртка да бере албайбыз. Бул улуттук баалуулукка кирет. Кудай сактасын, бизде кырсык болуп кетсе эч ким сырттан келип кан бербейт.
Анан да татаал жол менен даярдалуучу компоненттерге заманбап жабдыктар, чыгымдоочу материалдар керек. Сапаттуу жана коопсуз кан менен камсыз кылууга өнүккөн өлкөлөр абдан чоң каражат бөлөт. Канды эки этап менен тестирлеп, анан инактивациялайбыз. Ошондо 100 пайыз таза кан алып чыгабыз. Ага каражат жана аппарат талап кылынат. Учурда дагы бир заманбап жабдык алганбыз. Ага керектүү материалдарды сатып алууга тендер өттү. Эми стандартка дал келген эки этаптуу тестирлөөнүн экинчи этабын баштайбыз. Дагы зарыл болгон жабдыкты алуу үчүн инвестор менен сүйлөшүп жатабыз.
Доцент кафедры урологии и андрологии и последипломного образования КГМА Болот Рысбаев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.04.2022
Простатит менен ооругандардын нерви, жүрөгү да жабыркайт. Уролог Рысбаевдин маеги
— Акыркы эки жылда коронавирус жайылды. COVID-19 канга кандай таасир этет жана ооруган адамдар кан бере алабы?
— Ошол эпидемияга чейин күнүнө 150дөй донор келсе, пандемиядан баштап бизге бирөө да келе албай калды. Ал күндөрү кандын запасын толуктоо кыйын болду. Ошол учурда MegaCom компаниясы бизге унаа берип, майын куюп турушту. Анан өзүбүздүн унааны кошуп, эки машина менен донорлорду ташып кан алып жаттык. Биз да оор учурду баштан өткөрдүк. Медиктер ооруп, донорлорду ташып, күндө адамдардын өлүмү, жүрөктүн үшүн алган жаңылыктар. Мунун баары бизге да кыйынчылык жаратты. Азыр плазманын запасын толуктоо керек. Пандемияга чейин үч тонна плазманын запасы бар эле, баары пайдаланылды. Кандын плазмасына муктаждар көп болду. Азыр болгону 100 литр эле калды. Көп донорлор ооруп, вакцина да алышты. Андан кийин бир ай чектөө бар. Эгер жеңил түрү менен ооруса, бир айдан үч айга чейин убакытты сактап, текшерилип, анан донор болсо болот. Ал эми оор түрүнө кабылгандар алты айдан кийин гана кан тапшырат. Организм толук калыбына келиши керек. Бирок бул вирус кан аркылуу жукпайт.
Ошондой эле ичкилик ичип, майлуу тамак жеп, эки-үч күн жакшы уктабагандарга, кош бойлуу же бала эмизип жаткан аялдарга да убактылуу чектөөлөр бар.
© Фото / Жаныбекова ЭльмираАйганыш Сатыбалдиева: кан берүү адамдын ден соолугуна эч кандай зыян алып келбейт. Тескерисинче, сергек жашоодо бул абдан пайдалуу.
Заместитель директора республиканского центра крови в Бишкеке Айганыш Сатыбалдиева - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.05.2022
Айганыш Сатыбалдиева: кан берүү адамдын ден соолугуна эч кандай зыян алып келбейт. Тескерисинче, сергек жашоодо бул абдан пайдалуу.
— Ыктыярдуу донорлор кимдер? Пайдасы барбы?
— Донорлор аял-эркек деп бөлүнбөйт. Жаш курагы туура келген жарандардын ден соолугу чың болсо жарайт. Донор болуу сооп иш. Алар бирөөнүн өмүрүн сактап калып жатышат. Кан берүү адамдын ден соолугуна эч кандай зыян алып келбейт. Тескерисинче, сергек жашоодо бул абдан пайдалуу. Себеби анализ тапшырып, тестирлөөдөн өткөндө анын жыйынтыгын да айтып беребиз. Организминде кандай көйгөйү бар экенин билип турат. Анализдин баары бекер. Кан берип жүргөн эркек киши кансыроого кабылса ошол кырдаал менен организм тааныш болгондуктан жеңил көтөрөт деген түшүнүк бар.
Бизде 10-15 пайызы ыктыярдуу, 5-6 пайызы акы төлөнүүчү донорлор, ал эми 70 пайыздан көбү тууганчыл донорлор (туугандары үчүн кан берүүгө келген). Өз ыктыяры менен келген донорлордун санын көбөйтүү керек. Бул үчүн Кызыл жарым ай коому менен тыгыз иштешүү зарыл. Ошентсе да алгылыктуу иш алып бара албай жатабыз. Анткени бул уюм да туруктуу каржылык колдоого муктаж болуп калат. Финансы жагынан колдоочулары болсо долбоорлорду бирге ишке ашырат элек. Кайсы бир программанын негизинде гана кызматташып калып жатабыз.
Каалоочулар Чыңгыз Айтматов проспекти, 60 дареги боюнча эртең мененки саат 8:00дөн түшкү 14:00гө чейин кан тапшырса болот.
Спорт менен машыгуу учурунда кыз. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.04.2022
Ашыкча салмак адамды 10-15 жылга эрте картайтат. Адистин маеги
Жаңылыктар түрмөгү
0