Простатит менен ооругандардын нерви, жүрөгү да жабыркайт. Уролог Рысбаевдин маеги

© Sputnik / Нурбол КурманбековДоцент кафедры урологии и андрологии и последипломного образования КГМА Болот Рысбаев
Доцент кафедры урологии и андрологии и последипломного образования КГМА Болот Рысбаев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.04.2022
Жазылуу
Простатит — дүйнөдөгү эң кеңири тараган оорулардын бири. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун статистикасына ылайык, 20 жаштан 42 жашка чейинки эркектердин 30 пайызы ушул оорудан жапа чегет.
Sputnik Кыргызстан редакциясында Иса Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын урология жана андрология кафедрасынын башкы окутуучусу, доцент Болот Рысбаев мейманда болду.
— Простатиттин түрлөрү бири-биринен кандай айырмаланат?
— Простатит урология ооруларынын ичинен пиелонефрит жана заара жолдорунун таш оорусунан кийинки үчүнчү орунда турат. Негизи Кыргызстанда 2013-жылдардан бери өткөрүлүп келе жаткан ден соолук жумалыгынын жыйынтыгында простатит менен жабыркаган эркектердин саны бир топ эле өскөнү байкалууда. Бизге көбүнчө 20 жаштан 50 жашка чейинкилер кайрылышат. Эл аралык классификация боюнча оорунун курч простатит, өнөкөт бактериялык простатит, өнөкөт абактериялык простатит жана симптомсуз простатит деген төрт түрү бар. Алардын ичинен өнөкөт абактериялык простатит көп кездешет. Ал жалпы простатит менен жабыркагандардын 67 пайызын түзөт. Эң аз кездешкени эле өнөкөт бактериялык простатит оорусу. Бул дарттын белгилери көп. Ал эң ириде заара чыгаруу системасына тиешелүү. Простатиттин белгилерин санай кетсек, бейтап бат-бат заара ушатып, түнкүсүн дааратканага көп барып, заарасы тамчылап аз-аздан чыгып калат. Анан чаттын айланасы жана заара кылуу учурунда табарсык ооруп, жыныстык катнашка болгон каалоо төмөндөп, бел суу жана заара толугу менен чыкпай калгандай сезим болсо урологго кайрылуу зарыл. Мурда сексуалдык көйгөй эркектерде 50 жаштан кийин башталса, азыр 20-30 жаштагы жигиттердин да бел кубаты төмөндөп, импотенцияга чалдыгышууда. Муну менен катар бел суусу бат бүтүп калуу көйгөйү менен көп жабыркап жатышат. Простатит тукумсуздукка алып келүү боюнча 2-орунда турат.
Ошондой эле бул социалдык жактан да көйгөй жаратат. Анткени оору адамдын нерв системасына жана жүрөккө да таасир этет. Эркек адам бир жылда бир жолу керектүү анализдерди тапшырып турушу керек.
© Sputnik / Табылды КадырбековБолот Рысбаев: аз кыймылдуу эркек адамдын простата бездеринин ичиндеги өтмөктөрдө ириң туруп калып, ал ооруну козгошу мүмкүн.
Доцент кафедры урологии и андрологии и последипломного образования КГМА Болот Рысбаев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.04.2022
Болот Рысбаев: аз кыймылдуу эркек адамдын простата бездеринин ичиндеги өтмөктөрдө ириң туруп калып, ал ооруну козгошу мүмкүн.
— Простатиттин симптомсуз түрлөрү да бар экен. Мында оору кандай өтөт?
— Организмдин коргонуу системасы бар. Анын күч-кубаты азайып баштаса эле иммунитет төмөндөп кетет. Анан патогендүү инфекциялар да таасир бере баштайт. Азыр хламидия, трихомонада, уреаплазма, микоплазма өңдүү жыныстык жол менен өткөн инфекциялар да көп. Булар барган сайын көбөйүп жатат. Симптомсуз простатитти лабораториялык жол менен аныктабаса билинбей жүрө берет. Бул да сезгенген жана сезгенбеген болуп экиге бөлүнөт. Простатитти аз кыймылдап, бир орунда отуруп иштегендик, суук тийүү, экологиянын бузулушу, жыныстык жол менен жугуучу инфекциялар (хламидия, трихомонада, уреаплазма, микоплазма ж.б.), узакка чейин жыныстык катнашта болбоо, иммунитеттин начарлашы жана стресс шарттайт.
— Бардык оорулар жашарып жатканын айтышат, буга эмне себеп болууда?
— Көбүнчө эркектер жакшы жашоо издеп чет мамлекеттерге кетип калышууда. Ички жана сырткы миграция күч. Чет жерде иштегендердин көбү сыз жерлерде эмгектенишет. Нормалдуу тамак да жешпейт. Өнөкөт абактериялык простатит ошол суук тийүүдөн болот.
— Кыргызстанда эркектердин канча пайызы ушул оору менен ооруйт?
— Пайыз менен айтуу кыйын. Болжол менен 15-20 пайызы болушу мүмкүн. Простатит оорусу айрым оорулардай стадияларга бөлүнбөйт. Ал эми үчүнчү түрү менен ооругандар нерв жактан да жабыркап, стресске кабылат. Бул үй-бүлөсүнө да таасир этет.
Бишкек шаардык санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун санитардык дарыгери Үмүт Сатыбалдиева - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.03.2022
Санитардык дарыгер: тамактануу жайларын текшере келгенде көп калпыстык чыгат
— Баланын памперсти көп кийүүсү ден соолугуна таасир бериши мүмкүнбү?
— Эркектердин жумурткасынын температурасы денесиникинен бир градуска төмөн. Памперс вакуум болуп ысытышы ыктымал. Бирок анын терс таасирин изилдеп, эч ким аныктаган эмес. Ошондуктан зыян деп айта албайм.
— Простатит өнөкөт оорубу же андан толук айыкса болобу?
— Бардык оорунун курч, анан өнөкөт түрү болот. Адам өзүн жакшы караса толук сакайып кетүүсү мүмкүн. Бирок дарылануу көпкө созулат. Бардык оорунун дарылоо протоколу бар. Алыскы аймактардагы үй-бүлөлүк дарыгерлер бейтапты борборго жөнөтпөй, ошол протоколдун негизинде деле дарыласа болот. Анан ар бир дарыгер жеке тажрыйбасына жана кошумча ыкмаларына таянып иштейт.
— Көбүнчө кайсы ыкма менен дарылайсыздар?
— Дары-дармек менен эле дарылайбыз. Простатитке операция жасалбайт.
© Sputnik / Нурбол КурманбековБолот Рысбаев: простатит урология ооруларынын ичинен пиелонефрит жана заара жолдорунун таш оорусунан кийинки үчүнчү орунда турат.
Доцент кафедры урологии и андрологии и последипломного образования КГМА Болот Рысбаев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.04.2022
Болот Рысбаев: простатит урология ооруларынын ичинен пиелонефрит жана заара жолдорунун таш оорусунан кийинки үчүнчү орунда турат.
— Ооруну алдын алуу максатында простата бездерине укалоо да жасалат экен…
— Мурда эле укалоо жасалчу, бирок ага дарыгердин көрсөтмөсү болушу керек. Бир орунда көп отурган, аз кыймылдуу эркек адамдын простата бездеринин ичиндеги өтмөктөрдө ириң туруп калып, ал ооруну козгошу мүмкүн. Ошондо гана укалоо жасатууга болот.
— Урологиялык ооруга чалдыкпаш үчүн эркектер өзүнө кандай кам көрүшү керек?
— Негизи эркектер өзүн көп карабайт. Буту же колу сынганда эле дароо ооруканага барбаса, өнөкөт оорулары менен жүрө берет. Андан көрө балдарына там салып, кызын күйөөгө берүүнү биринчи планга коёт. Чет мамлекетте адам биринчи орунга өзүн, ден соолугун жана эс алуусун коюп, үй-бүлөлүк маселелери кийинки орунда турат экен.
Көбүрөөк кыймылда болуп, стресстен, суук тийүүдөн абайлап, тамак-ашын карап жана жыныстык жол менен жугуучу оорулардан сак болсо эле баары жакшы болот. Простатаны эркектин экинчи жүрөгү деп коёт. Ошондуктан бир жылда бир-эки жолу барып көрүнүп коюшу керек.
Республикалык тери-венерология борборунун дерматовенерологу Кундузбек Тургунбеков. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.03.2022
Дерматовенеролог Тургунбеков: баланын диатезин дарылабаса астмага айланып кетет
Жаңылыктар түрмөгү
0