Германияда азык-түлүк тартыштыгы жаралат деген коркунуч күч

© AFP / INA FASSBENDERСупермаркеттеги кардар. Архив
Супермаркеттеги кардар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.05.2022
Жазылуу
Украина кризисинен улам чийки заттын баасы көтөрүлүп, аны менен катар тамак-аш азыктары кымбаттап жатат.
БИШКЕК, 9-май — Sputnik. Германиянын азык-түлүк боюнча ассоциациялары чийки заттын кымбатташынан улам жакында тамак-аш тартыштыгы жаралат деген коркунуч бар экенин эскертти. Бул тууралуу жергиликтүү ЖМКларга шилтеме берип "Прайм" агенттиги жазды.
Макалада айтылгандай, Украина кризисинен улам чийки заттын баасы көтөрүлүп, аны менен катар тамак-аш азыктары да кымбаттап жатат. Буга байланыштуу азык-түлүк ассоциациялары өлкө бийлигин чара көрүүгө чакырды.
"Кээ бир учурда биздин продукциянын ингредиенттери дүйнөлүк рынокто канча турат деген суроо эмес, биз аларды дегеле ала алабызбы деген суроо пайда болууда", — деди Федералдык тамак-аш өнөр жай ассоциациясынын президенти Кристиан фон Беттичер.
Ассоциация өкүлдөрү жакынкы апталарда сүт азыктары менен нан 20-30 пайызга чейин кымбаттай турганын айтышты.
Буга далил катары Нан бышыруучулар ассоциациясынын башкы директору Даниэль Шнайдер энергия, сырьё жана персоналдын эмгек акысы жогорулаганын билдирди. Ал эми Сүт өнөр жай ассоциациясынын башкаруучу директору Бьорн Боргерманн дүкөндөр менен мурда узак мөөнөткө келишим түзүлүп калгандыктан гана азырынча сүттүн жана сырдын баасы кармалып турганын кошумчалады.
Батыш өлкөлөрү Россияга каршы санкцияларды Украинаны демилитаризациялоо боюнча атайын операция баштагандан кийин киргизген. Мындай кадам АКШ жана Европа үчүн экономикалык көйгөйгө айланып, күйүүчү майга жана азык-түлүккө баалардын олуттуу өсүшүнө алып келген.
АКШнын президенти Жо Байден - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.05.2022
Америкалыктар Байдендин экономика тууралуу сөздөрүнө нааразы болууда
Жаңылыктар түрмөгү
0