Инженердик илимдердин ааламы. Конструкторлук кесипти кайдан алса болот?

© Sputnik / Евгений БиятовСтуденттер сабак учурунда. Архив
Студенттер сабак учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.05.2022
Жазылуу
Кыргызстандан жүздөн ашуун студент учурда Томск политехникалык университетинде (ТПУ) так илимдер боюнча билим алууда. Жыл сайын жаштар ар кыл кесиптерди өздөштүрүү үчүн Кыргызстандын булуң-бурчунан аттанышат.
Университетте алар билим, тажрыйба жана кесипке гана ээ болбостон, илим жана техникалык чыгармачылыкка сүңгүгөн 11 миңден ашуун студенттик чөйрөгө да туш болушат.

Инженерликтен жетекчиликке дейре

Кыргызстандык Нуржигит Мамытов Томскидеги политехникалык университетти аяктаган.
"Томск политехникалык университетин бүтүрөрүм менен эле Кыргызстандагы “Дастан” ири ишканасына инженер-конструктор болуп ишке киргем. Негизинен атайын продукциялар жана медициналык жабдуулар чыгарылат", — дейт Нуржигит Мамытов.
"Дастан" компаниясында ал азыр да эмгектенет. Жумушка орношкондон үч жыл өтпөй Нуржигит башкы конструктордун орун басарлыгына көтөрүлгөн. Томскидеги политехке ал жумушундагы өзүнөн улуу кесиптештери жана окуу жайындагы – Исках Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетиндеги окутуучуларынын кеңеши менен тапшырган.
Бүтүрүүчүнүн айтымында, ТПУну совет мезгилинде аяктагандардын көпчүлүгү жакшы билим жана практикалык жөндөмдөргө үйрөтүүчү окуу жай катары өзүнөн кийинки муундарга сунушташат. Аталган окуу жайда билим алгандардын арасында ысымы дүйнөгө даңаза академик жана окумуштуулар да арбын. Мисалы, Нобель сыйлыгынын ээси Николай Семенов, "Ка" тик учактарын кураган Николай Камов, Айдагы жердин тосмосун бургулоочу агрегатты жасаган Олег Алимов жана башкалар да ТПУну аяктаган.
Окуу жайда академиктер, илимдин кандидаттары жана докторлору дарс окуп, 1700дөн ашуун адис иштейт. Томскидеги политехтин адистери эл аралык уюмдарда, маселен, CERN — Өзөктүк изилдөөлөр боюнча европалык уюмунда (жогорку энергия физикасынын дүйнөдөгү эң ири лабораториясы), DESY “Немец электрондук синхротрон” улуттук борборунда эмгектенип, ошондой эле ири илимий изилдөөлөргө катышат. Илим жана жогорку технологиялар дүйнөсүнө студенттер да баш бага алышат.
"Томск политехникалык университетинин илимий инфраструктурасына изилдөө өзөктүк реактору (бул Россиядагы жападан жалгыз университеттик реактор) ошондой эле Хакасиядагы геологиялык полигон жана заманбап лабораториялардын кеңири спектри кирет", — дейт окуу жайдын билим берүү ишмердиги боюнча проректору Михаил Соловьев.
АКШ желеги. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.05.2022
"40 жылда мындай болгон эмес". АКШнын инфляцияны тизгиндөө аракетине сереп

Аудитория тышында

ТПУнун студенттери коомдо талап кылынган инженердик кесиптерди алууга умтулушат. Бирок билим берүү процессинен тышкары университет маал-маалы менен окуудан тыш иш-чараларды уюштуруп турат. Бул студенттерге маданий горизонтторун кеңейтип, Россия жана башка өлкөлөрдүн тарыхы тууралуу жаңы нерселерди үйрөнүүгө шарт түзөт.
"ТПУда эч качан зерикпейсиң. Китепканада убакыт өткөрүп, компьютердик класста иштегенди жактырчумун. Айрымдар спортзалга барып, кээ бирлери бийге кызыкчу. Университетте эс алуунун түрлөрү көп. Ал тургай окуу жайдын санаторийинде эс алып, саламаттыгыңа кам көрө аласың", — дейт Мамытов.
ТПУнун студенттик шаарчасында жашоо үчүн гана эмес, окууга даярдануу, спорт менен машыгууга бардык шарттар түзүлгөн. Студенттер бассейн, көнүгүү залдары, бокс менен машыгуу жайларына барып, маданий иш-чараларга чогуу катыша алышат.
"Окуу жайда чет өлкөлүк студенттердин терең билим алуусуна гана эмес, маданий горизонтторун да кеңейтүүгө мүмкүндүк берген мультимаданий жагдай түптөлүп калган. Томск политехинде сырттан келген студенттердин аралашуусу үчүн социалдык-маданий иш-чаралар тынбай өткөрүлөт. Мисалы, "Улуттук маданияттар күнү" долбоору бар. Ошондой эле ТПУ жердештик жаатында да кызуу иш алып барып, биздин студенттер ар кандай концерт жана фестивалдарга катышат", – дейт Михаил Соловьев.
Башка шаар жана өлкөлөрдөн келген студенттер эгер каалашса жатакана алышат. Окуу жай бул керектөөнү толук камсыздап берет. Мындан тышкары, университет кабыл алуу экзамендери маалында да абитуриенттерге студенттик шаарчадан орун бөлүп берет.

Ыңгайлуу шарттар менен кабылдоо

Томск политехникалык университети — 1896-жылы императордук институт катары негизделген эзелки сибирдик жогорку окуу жай. Кылым карыткан тарыхында Томскидеги политехте 170 миңден ашуун инженер даярдалып чыккан. Бүгүнкү күндө ТПУ улуттук 10, эл аралык предметтик рейтингдин алдынкы 100 сабына кирип, Россиянын Билим берүү жана илим министрлигинин "Приоритет 2030" программасына катышат.
Ушул тапта университетте 11 миңден ашуун студент билим алат. Алардын 4000ге чукулу – дүйнөнүн 37 өлкөсүнөн келген чет өлкөлүк студенттер. Ал эми Кыргыз Республикасынан окуу жайда 110 студент так илимдерди өздөштүрүүдө. Болочок студенттер үчүн да республика аймагында ТПУнун көчмө комиссиясы иштейт. Балдар жеринде документ тапшыра алышат. Ошондой эле Томскиге барып тапшырууга мүмкүнчүлүк болбосо, бул үчүн аралыктан кабыл алуу жолу да бар. Быйыл кыргызстандык окуучулар онлайн режимде окуу жайдын Ачык эшик күнүнө да катышты.
"Университет өз аудиторияларында Кыргыз Республикасынан да жаштарды көргүсү келет. Айтмакчы, бизде КМШ мамлекеттеринен келген балдар үчүн "Политехникалык олимпиада" өткөрүлөт. Бул балдардын математика, физика, химия, информатика, орус тили, коом таануу, география жаатындагы билимин текшерип, чыгармачылык боюнча сынакка катышууга жол ачат. Ошондой эле Томск политехине тапшыруу боюнча суроолору боюнча адистердин консультацияларын алышат. Магистратурага тапшырууну каалагандар үчүн университет "Дың жаруу" олимпиадасын уюштурат. Ага жогорку курстагылар, КМШ өлкөлөрүндөгү окуу жайлардан бакалавриат жана адистикке ээ болуп чыккандар да катыша алышат.
Олимпиадада топтогон упай жана сыйлыктар ТПУнун магистрдик даражасын алууга умтулгандар үчүн сынактын жыйынтыгы катары пайдаланылат. Мындан сырткары, 2019-жылдан тарта Кыргызстандагы эки окуу жай, атап айтканда, Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети, ошондой эле Борис Ельцин атындагы Кыргыз-Россия славян университети менен биргеликте электроника жана биомедициналык технологиялар боюнча эл аралык олимпиада өткөрүп келишет. Анын катышуучулары жеңүүчүлөрү жана сыйлыкка татыгандар ТПУнун магистратурасынын бир катар багыттарына бюджеттик бөлүмгө кирүү сынактарын тапшырбастан кабыл алынат. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети менен ТПУнун медицинадагы технологиялык ишкердиктен математикалык моделдөө жана компьютердик эсептөөлөргө чейинки алты тармактык магистрдик программасы бар", — деп айтып берди Соловьев.
Чет өлкөлүк студенттер россиялыктардай эле ТПУга бакалавриатка да, магистратурага да бюджеттик бөлүмгө өтө алышат. Быйыл, 2022-жылга Томскидеги политехте 3443 бюджеттик орун бар.
Университеттин сайтында РФтен тыш өлкөлөрдүн жарандары үчүн окуу жайга тапшыруу боюнча кеңири маалымат жарыяланган. Мындан сырткары, ТПУнун Telegram боту ачылган, ал абитуриенттерге экзамендерге даярдануу, документ тапшыруу жаатындагы суроолордун тегерегинде маалымат берет. Ал даярдык үчүн суроолорду да жөнөтүп, багыт тандоо, даярдык курстарын ылгоо боюнча тесттен өтүүнү сунуштап, абитуриенттин күн санагы менен тааныштырат.
Москва мамлекеттик эл аралык мамилелер институту. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.04.2022
Кыргызстандыктар үчүн МГИМОго конкурстук тандоо башталды. Эрежелери
Жаңылыктар түрмөгү
0