"40 жылда мындай болгон эмес". АКШнын инфляцияны тизгиндөө аракетине сереп

© Sputnik / Юки Ивамура / Медиабанкка өтүүАКШ желеги. Архивдик сүрөт
АКШ желеги. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.05.2022
Жазылуу
АКШ Федералдык резервдик системасы негизги ченди 0,7-1,0 пайызга көтөрдү. Мындай кадамга кескин кымбаттаган баалар мажбурлоодо. Америкалыктар мындайды 1980-жылдардан бери көрө элек болчу.
Айрыкча бензин менен электр кубатынын акысы жарандардын эсептерин эңшерүүдө. Кошмо Штаттардын каржылык бийлиги инфляцияны тизгиндей алар-албасына Ирина Бадмаева баам салган. Серепчинин макаласын РИА Новости сайты жарыялаган.

Жогорулап барат

АКШнын Федералдык резервдик системасы быйыл катары менен эки ирет пайыздык ченди жогорулатты. 2000-жылдын май айынан бери алгач жолу бул 50 базистик пунктка чыкты. Адатта америкалык каржылык жөнгө салуучу абдан этияттанат. Дал ушул мүнөзү үчүн да аталган мекемени көп сынга алышат. Бирок тез өсүп бараткан инфляция андай жай аракет этүүгө мүмкүндүк берген жок. Март айында — 8,5 пайызга чыкканын АКШ Эмгек министрлиги маалымдаган. Ал эми февралда бул көрсөткүч 7,9 пайызды түзгөн.
Баарынан да бензин аябай кымбаттады. Буга ылайык транспорт чыгымдары да көбөйдү. Америкалыктар сүйгөн тез татымдын да баасы көтөрүлдү. Булардан электр кубаты жана ижара акысы кем калышпайт. Булардын баарына Россиянын Украинадагы аскердик операциясын айыптаган Жо Байден: "Инфляциянын жетимиш пайызына Путиндин бензинди кымбаттатканы себеп", — деген. Ал эми чынында кымбаттоолор Америкада былтыр эле башталганын жазат The Wall Street Journal. Басылма рекорддук инфляциянын себеби "ашкере федералдык чыгымдар жана жумшак акча-насыялык саясат" экенин белгилейт.
АКШ Федералдык резервдик тутуму 2021-жыл бою инфляция убактылуу экенин кайталап келди. Бирок иш жүзүндө аталган мекеме кымбаттоолорду ооздуктай турган маалды колдон чыгарып жиберген. "Биз эрте кыймылдашыбыз керек эле", — деп моюнга алат анын жетекчиси Жером Пауэлл.
Украиналык качкындар - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.05.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Качкындар жагдайы: европалыктардын акчасы тургай, сабыры да түгөнгөн сыяктуу
АКШда каржылык бийликтин жайбаракаттыгы – кенебестиги жумушсуздуктун өсүшүнө кептеди. Өткөн айда бул көрсөткүч алты пайыздан ашты. Ошол эле учурда өлкөнүн Соода министрлигинин алдын ала маалыматтарына таянсак, өлкө ички дүң өндүрүмү биринчи чейректе дээрлик жылдык бир жарым пайызга азайган.
"Бул – импорттун өсүп, запастардын өтө жай толукталышынын кесепети, мындан улам соода балансынын таңсыктыгы күчөп кетти. Пандемиянын айынан Кытайдагы чектөөлөр да катуу таасир этти", — деп түшүндүрөт BitRiver компаниясынын каржылык аналитиги Владислав Антонов. Ушундай шарттарда негизги ченди кескин өзгөртүүгө туура келди. Чынында бул күтүлгөн эле көрүнүш, рынокко да жакшы таасир этти. Жума ортосундагы сооданын жыйынтыгы боюнча америкалык фондулук индекстер пайда таап, мисалы, S&P дээрлик үч пайыз кошту. Тескерисинче доллар еврого да, япониялык иенге карата 0,65 пайызга чабалдады.
"Каржылык жөнгө салуучу мартта башталган акча-насыя саясатын улам катаалдантууда. Жером Пауэлл жакынкы жыйындарда дагы 50 базистик пунктка дароо көтөрүү маселеси караларын кабарлады. Эки-үч пайызга жогорулатылышы ыктымал. Андан соң анын инфляцияга, керектөөгө таасирин байкоо үчүн тыным алышат", — дейт Каржыны тескөө жогорку мектебинин аналитикалык изилдөөлөр бөлүмүнүн жетекчиси Михаил Коган.
Айрым аналитиктер 75 пунктка чыгарылышын да болжошот. ФРСтин жетекчилигинде Сент-Луистин Федералдык резервдик банкынын ашынган тарапташы Жеймс Буллард бар. Ал киши жыл аягына дейре 3-3,25 пайызга көтөрүү керек деген пикирде. Бирок бул абалды жакшырта алары күмөн экенин эскертет "Практикалык инвестициялоо мектебинин" негиздөөчүсү Федор Сидоров. АКШ экономикасын каатчылык каптаганы турат. Энергетикалык ресурстар, агроөнөр жай комплекстин өндүрүмдөрүнүн баалары да асман чапчып барат. Алигүнчө пандемия маалында үзгүлтүккө учураган логистикалык жана өндүрүштүк байланыштар кайра калыптана элек.
"Инфляцияны ооздуктоо үчүн алты-жети пайыздык чен керек. Бирок америкалыктар буга жол бере албайт. Мамлекеттик карыздын көлөмү өтө эле жогору: 30,4 триллион долларга жетти. Чет өлкөлүк насыялардын пайыздарын төлөөгө да өкмөттүн алы өп-чап", — дейт эксперт. Ошол себептен баалар өсүп жатканын айтышат талдоочулар. АКШ экономикасы стагфляцияга өтүп, башкача айтканда, инфляция жана жумушсуздук күчөп, ошол эле убакта ички дүң өндүрүм төмөндөйт.
НАТО желеги. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.05.2022
Кытай басылмасы: НАТОнун экспансиясы Азияда кагылышууларды пайда кылат

Ашыкча акчадан арылуу

1-июндан тарта ФРС ипотекалык жана казыналык облигацияларды айына 17,5 жана 30 миллиард доллардан сатууга киришет. Акырындап күзүндө аны 35 жана 60 миллиардга чыгаруу пландалган. Жыл ичинде аталган державанын каржылык жөнгө салуучусунун балансы болжол менен триллион долларга кыскарды. Азыр анда дээрлик тогуз триллион бар. Өлкөнүн каржылык бийлиги рыноктон "ашкере" ликвиддүүлүктү алып салуу менен баалардын өсүш ыргагын жайлатууну көздөөдө.
2020-жылдын март айынан бери экономикага триллиондогон каражаттарды салып, пандемия убагында ишкердик активдүүлүккө өбөлгө түзүшкөн. Болгондо да дээрлик нөлдүк чен менен ушул аракеттерге барышкан.
"Эми Кошмо Штаттарда Федералдык резервдик система рекорддук инфляцияга кептеген фондулук рыноктогу "көбүктү" жарууга далбас урууда. Фонддор жана башка борбордук банктардын жапырт облигация сатып киришине жеткирбөө үчүн баалуу кагаздарды абдан кылдат сатуу абзел", — деп тактайт Владислав Антонов.
АКШнын акча-насыя саясатын катаалдантуу глобалдык каржы-экономикалык каатчылыгынын башталганын туюндурарын айтышат аналитиктер. Инвесторлор экономиканын калыптанышына ынанышпайт. Акция, облигациялардан арылып, тобокелдүү активдерди — алтын жана накталай каражатты ылайык көрүшүүдө.
Бул өз кезегинде дүйнө жүзүнүн фондулук рынокторун солгундатарын түшүндүрөт Федор Сидоров.
Рим понтифиги Франциск - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.05.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Рим папасы Россияга жакын келген НАТОнун аракеттеринен неге кеп салды?
Биринчи жана акыркы жолу америкалык каржылык жөнгө салуучу сандык көрсөткүч боюнча 2017-2019-жылдары гана катаалданткан. Бирок ал кезде ФРСтин балансынан активдерди акырындык менен сатышкан, тагыраак айына он миллиарддан баштап, жыл ичинде 50 миллиардга чейин жеткиришкен. Баса, 2018-жылдын күзүндө S&P 500 20 пайызга төмөндөгөн. Рыноктогу дүрбөлөңдү басаңдатып калышкан. Пауэлл акча-насыя саясатын америкалык индекстерди капитализациялоонун пайдасына жөнгө салуудан баш тарткан.
Жакынкы айларда бардык өлкөлөрдө инфляция дагы ыкчамдай турганын боолголошот. Литвада 15,5 пайыздан ашты. Германияда 40 жылда каттала элек жогорку көрсөткүчкө — 7,3 пайызга чыкты. Калктын реалдуу кирешеси азаят. Натыйжада толук масштабдуу жана узакка созулчу рецессияга кабылат.
Дүйнөлүк экономика коронакаатчылыктан кийин тирдене электе Украинадагы атайын операциялардан улам салынган антироссиялык катаал санкциялар да отко май тамызгандай эле болду.
Ушул тапта мунай жана көгүлтүр оттун баалары рекорддук деңгээлде. Өндүрүш, транспорт кымбаттап, ал эми бул дүкөн текчелериндеги товарлардын наркына чагылды. Негизги пайыздык ченди жогорулатуу мындай туңгуюктан чыгууга көмөкчү болору арсар.
Евросоюздун штаб-квартирасын жанында адам. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.05.2022
Володин: Европа өлкөлөрүнүн биримдигине доо кетти
Жаңылыктар түрмөгү
0