Активист Алмаз Аскар уулу: коомдук уюмдардын каржы булагы көзөмөлдөнүшү керек

© Фото / Эржан Кадырбеков"Эл үмүтү" социал-саясий партиясынын лидери Алмаз Аскар уулу
Эл үмүтү социал-саясий партиясынын лидери Алмаз Аскар уулу - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.05.2022
Жазылуу
Соңку учурда дүйнө бир полярдуулуктан көп полярдуулукка өтүп, көптөгөн саясий тирештер, социалдык карама-каршылыктар орун алып жаткандыгы байкалат. Кыргыз коомчулугу да мындан четте калбай, өзгөчө социалдык тармактарда кайчы пикирлер көп айтылууда.
Дүйнөлүк геосаясаттын алкагында кыргыз коомчулугундагы өзгөрүүлөрдү жана анын себебин талкуулоо үчүн Sputnik Кыргызстан агенттигинде мейманда "Эл үмүтү" социал-саясий партиясынын лидери Алмаз Аскар уулу болду.
— Геосаясатта өзгөрүү болгону белгилүү. Албетте, мында да кайсы бир тарапты жактагандар менен каршы чыккандар да болуп жатат. Кыргызстан бул жагынан нейтралдуу позицияны карманарын айтты. Бирок тигил же бул тарапты тандоого үндөгөн атайын активисттер да жок эмес. Бул боюнча пикириңиз кандай?
— Биз жаңы доорго кирип бара жатабыз. Ал эми Кыргызстанды алганда биздин коом ички процесстерден мурда сырткы өзгөрүүлөргө өтө активдүү көңүл бурат. Бирок социалдык сурамжылоонун жыйынтыгында жалпы эл эки тараптын тең ишине киришип, бирөөнүн таламын талашайын деген деле ниети жок. Негизи эл кайсы жаңылыкты көп көрсө, ошол маалыматтын ичинде гана жашап калат. Бул адамдын кесибине байланыштуу же кайсы бирикме менен байланышта болсо, ошол тар чөйрөнүн көз карашы менен гана геосаясатка баа берип баштайт. Азыр ушул адамдардын ортосунда гана талаш жаралууда. Жакында мен дагы геосаясат боюнча өз оюмду социалдык тармакка билдирип чыккам. Бирок көпчүлүктүн таландысында калдым. Демократиялык өлкөдө жашайбыз, ошол себептен да элибиз ар бир чоң темага өзгөчө көңүл бурат. Анан эртең башка тема жаралса, ага баш-отубуз менен кирип муну унутуп калабыз.
— Бирдиктүү идеологиябыз жокко эсе. Ичтен ириткендер да бар. Сырттан келген терс маалыматтарга, ар кандай бузукуларга туруштук бере албай калдыкпы?
— Ооба, даяр эмеспиз. Башка өлкөлөрдүн кайсы бир тарыхый окуяга же геосаясий процесске өзүнүн бирдиктүү көз карашы жана идеологиясы болот. Канча бийлик келип-кетсе да жаштарды ынтымакка алып келе турган бир идеологияны эч кимиси орното алган жок. Азыр жаштар да башыбызды бириктирген улуттук идеологиябыз кайсы экенин билбейбиз. Чынында, мен да билбейм. Анткени бизде бирдиктүү багыт жок. Жарандарыбыз да жаңы багыт издеп, ар башка динди чаржайыт кабыл алышууда.
Аймактардын баарын кыдырып келгенибизде, алыскы райондогулар такыр башка түшүнүктө жашап жатканын көрүүгө болот. Кичинекей бир мамлекет болуп туруп ар башка деңгээлде калгандайбыз. Эл-жер үчүн күйгөн жаштар чогулуп, бир консенсуска келип, мамлекеттин, улуттун кызыкчылыгын көздөөнү максат кылган идеяга биригишибиз керек. Кыргызстан кайсы өлкө менен кандай мамилеси бар, кандай социалдык-экономикалык байланыштабыз ошонун баарын анализдеп, эсибизге келели. Бирок баарыбыз көрүп тургандай эле бул жерде чоң акча да ойноп жатат. Анткени бизде абдан көп коомдук фонддор, бирикмелер бар. Анын дээрлик көбү чет өлкөдөн каржыланат. Ачык айтпаса деле чоң акчалар келип жатканын угуп-билип жатабыз. Ошол фонддордун ишин алып барган адамдарды карасаң, кымбат автоунааларды айдап, балдары жеке менчик мектепте окуп, өздөрү чет өлкөдө эс алып келишет. Буларда мындай акча каяктан? Туруктуу иштеген жумушу да жок. Ар кандай долбоорлордон табарын айтышат. Же ал долбоорлорунун да тыңгылыктуу дайыны жок.
Мисалы, биз саясий уюм катары өзүбүздүн ой-мүдөөбүздү, пландарыбызды ачык айтып келгенбиз. Бирок алардын андай жакшы маселелерди көтөрүп, мыкты долбоорлордун өтөөсүнө чыкканына күбө болгон эмеспиз. Болгону батышты колдогон митингдерден гана көрөбүз. Бирок бул да убактылуу деп ойлойм. Жаштардын баары биригип, бир консенсуска келип, өлкөнүн бирдиктүү позициясын билдирген идеологиясын түптөп алсак, акырындап баары ордуна келмек.
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Кабар агенттигине маек учурунда - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.04.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Жапаров: Украинадагы кризис боюнча нейтралдуу позициябыз өзгөрбөйт
— Сырттан каржыланган коомдук уюмдар деген маселени көтөрдүңүз. Алардын максаты эмне? Коомдун бүйүрүн кызытып ичтен иритүүбү же кандайдыр бир жакшы ой-тилеги барбы?
— Геосаясат деген — бул чоң державалардын оюну болуп эсептелет. "Чоң шахмат тактасы" (Великая шахматная доска) деген китепти окусаңыздар керек. Анын автору Збигнев Бзежинский учурунда ЦРУда иштеген. Ал адам АКШнын, батыштын геостратегиясын 50 жыл алдын ала жазып койгон. Ошонун алкагында ар бир мамлекетте көптөгөн фонддор ачыла баштаган. Батышчыл бейөкмөт уюмдар бар. Булар жөнөкөй түзүмдөр эмес, батыштын жарандарынын төлөгөн салыктарынын эсебинен каржыланат. Башкача айтканда, жеке кызыкчылыктарын биздин активисттер аркылуу коргоп, алдыга улам жылдырып жатат. Айрым уюмдар кайсы бир жерден жаңжал чыкса анын катализатору да болуп чыгышууда. Бирок булар менен аралашкан биздин активисттер түпкүрүндө эли-жерине күйүп, мамлекетке жакшылык алып келүү ниети менен жүрөт деп ишенгим келет. Бул фонддордун, уюмдардын тарыхында кара чекиттер бар. Башка мамлекеттерге абдан жаман таасир тийгизген учурлары кездешет. Керек болсо ал өлкөлөрдүн арасында бүгүн мамлекет катары жоголуп кетүү коркунучунда тургандары да бар.
— Мындай уюмдардын каржы булагын ачык көрсөтүү боюнча мыйзам долбоору көтөрүлүп, бирок ал ишке ашпай келет. Өздөрү да ачыктабайт. Сырттан каржыланган уюмдар ушунчалык эле чоң күчкө ээ болуп калдыбы?
— Албетте, мен башында айтып кеткендей эле, бизде коомчулук абдан күчтүү. Алардын арасынан суурулуп чыккан активисттер бар. Булардын айрымдары сырттан акча алууга катышып калышууда.
Ал эми жогорудагы мыйзам долбоору абдан туура. Бул бардык өлкөдө бар. Анткени мамлекет сырттан келип жаткан акчанын булагын жана максатын билип турушу керек. Канча бийлик келип-кетсе да жаштарды ынтымакка алып келе турган бир идеологияны эч кимиси орното алган жок. ХХI кылымда террордук, руханий коркунучтар көп болуп жаткан убакта кооптонбой коюуга болбойт. Азыр экстремисттик секталар абдан көп. Алар да өлкөгө келип өз кызыкчылыгын көздөшү толук ыктымал. Экинчиден, булар кайсы жактан каржыланып жатканын бүгүнкүгө чейин биле албайбыз. Жабык маалымат болуп жатат. Бирок отчёттору бар. Окуп көрсөм, өлкөгө миллиондогон акчалар келет экен. Анын баары доллар менен ар кандай фонддорго бөлүнөт. Бирок булар толук кайда жумшалып жаткандыгы белгисиз. Ооба, социалдык тармактар аркылуу чоң үгүттөөлөр жүрүп жатканын көрүп жатабыз. Митинг, акциялардан да алардын катыштыгы байкалууда. Ошентсе да жакшы бир долбоорлор, пайдалуу иштер сезилбейт. Жадагалса бак отургузганын да көрө албай жатабыз. Мисалы, биз кичинекей эле акча менен чакан долбоорлорду жасайбыз. Бирок ошонун 100, 200 адамга пайдасы тийсе деле бизге жеңиш.
© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Эл үмүтү" социал-саясий партиясынын лидери Алмаз Аскар уулу
Лидер политической партии Надежда народа Алмаз Аскар уулу - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.05.2022
"Эл үмүтү" социал-саясий партиясынын лидери Алмаз Аскар уулу
— Сырттан келген каражат менен жакшы долбоорлорду кылып жаткан уюмдар да жок эмес. Бирок кооптуу деп эсептелгендеринин ишин көзөмөлдөөчү мамлекеттин рычагы барбы?
— Бул оңой эмес. Ал үчүн ошол кооптуу элементтерди аныктап, ага чоң анализ жасоо керек. Буга атайын адистерди даярдоо абзел. Азыр бизде андай адистер болсо да өтө аз. Ушул бирикмелер кандайдыр бир жакшы иштердин демилгечиси болумуш этип, ишенимге кирип туруп анан өз максаттарын ишке ашырышы мүмкүн. Учурда экстремисттик уюмдар менен түз жолду көздөгөндөрүн талдап, бири-биринен ажыратып алууга мамлекеттин көзү жетпей турат.
— Башка өлкөлөрдө бул багытта кандай иш алып барып жатышат?
— Алардын бул багытта иштөө тарыхы бар. Адистери да жетиштүү. Бизде жок дегенде бейөкмөт уюмдардын каржы булактарын көзөмөлгө алуу керек. Канча акча келип, канчасы кайда кетип жатканын болжолдуу түрдө билип турган оң. Салык төлөө маселеси да четте калбашы зарыл. Ошол фонддорго акча бөлүп берип жаткан чет мамлекеттер менен да жакшы келишимдерди түзүп, ал эми Кыргызстан үчүн жемиштүү ишмердүүлүк жүргүзгөн коомдук бирикмелер болсо аны тескерисинче колдоо зарыл.
— 2021-жылы сиз айткан маселелерди камтыган мыйзамга президент кол коюп, ал коомчулукта көп ызы-чууну жараткан...
— Акыркы учурда көп эле мыйзам кабыл алынып жатат, бирок ишке келгенде папкада эле басылып калат. Карапайым эл эмес, жаш саясатчы катары мен деле көбүн билбей калам. Жогоруда айткандай, эл социалдык тармак аркылуу кайсы бир маселеге чуу жаратып, анан дароо басылат. Калкты ошого көндүрүп коюшту. Ал эми жаңы мыйзам чыкканда мамлекет пропагандалоо жагын колго алышы керек. Чет мамлекетте көп эле болдум, аларда жаңы мыйзам долбоору кабыл алынганда участкалык милициядан тарта жергиликтүү бийликке чейин элди чогултуп, жаңы мыйзамды түшүндүрүп чыгат. Андан тышкары ЖМК аркылуу "мындан ары момундай болуп жашайсың" деп баарын айтып беришет. Бизде кээ бирлери мыйзам чыгарып алып, эмнени жазып койгонун өзү түшүнбөй отурбайбы. Бул күлкүлүү көрүнгөнү менен мамлекет үчүн чоң трагедия.
— Айрым коммерциялык эмес уюмдар туура эмес багытта иш алып барып жатканын айттыңыз. Биз көрүп турганды мамлекеттик атайын органдар деле байкап жатышат да...
— Демократиялуу мамлекет катары бизде ар ким ой-пикирин ачык айтууга укугу бар. Бирок мамлекеттик органдар бир аз коркуп турушат. Анткени алар кандайдыр бир чара көрсө, айрым уюмдар ал маалыматты тезинен иштеп чыгып, социалдык тармакта таратып элди чуулдата коюшат. Анан маселени чындап түшүнгөн жана түшүнбөгөндөрү деле жамандап жатып калышат. Мындай коомдук бирикмелердин социалдык тармакта ресурстары абдан күчтүү. Биздин эл азыр маалыматты анализдегенди үйрөнүшү керек.
Жогорку Кенештин депутатынын мандаттары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.04.2022
Депутаттардан диплом талап кылуу нормасын алып салуу мыйзамы сунушталды
Жаңылыктар түрмөгү
0