00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
14:00
4 мин
Итоги недели
Информационно-аналитическая программа
14:04
55 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
ОГО! Люди и события, которые не оставили нас равнодушными
14:04
48 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:00
3 мин
Жаңылыктар
17:30
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:00
4 мин
Киноблог
Советские кинотеатры Бишкека: золотая эпоха киномехаников
18:05
47 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Үч кыргызстандыктын өлүмү: өзбек чек арачыларынын гильзалары КР аймагында табылды

© Sputnik / Евгений Епанчинцев / Медиабанкка өтүүАтылган гильзалар. Архив
Атылган гильзалар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.05.2022
Жазылуу
5-майда Ала-Бука районунда өзбек чек арачылары ок чыгарып, үч кыргызстандык каза болгон.
БИШКЕК, 6-май — Sputnik. Ала-Бука районуна караштуу Чанач-Сай аймагында Кыргызстандын Жалал-Абад жана Өзбекстандын Чыгыш (Восток) багыттары боюнча чек ара өкүлдөрүнүн жолугушуусу болду. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматы кабарлады.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Өзбекстандын чек арачыларынын Кыргызстандын үч жаранына каршы курал колдонуп, кийинчерээк алар октон алган жараатынан каза болгон чыр-чатактын чоо-жайы боюнча өз маалыматтарын айтышты.
КРдин чек ара өкүлү Кыргызстандын аймагындагы мамлекеттик чек ара сызыгынан 50-55 метр алыстыкта гильзалар жана кандын издери табылганын белгилеп, Өзбекстандын чек ара кызматы мамлекеттик чек араны бузуп кирип Кыргызстандын жарандарына каршы курал колдонгондугунун себептерин түшүндүрүүнү талап кылды. Мындан тышкары, кыргызстандыктар каза болгон жерден 80 метр алыстыкта 2000 килограмм селитра табылган.
Коңшу өлкөнүн чек ара өкүлүнүн маалыматы боюнча, Өзбекстандын чек арачылары чек арадан мыйзамсыз түрдө минералдык жер семирткичтерди алып өтүүгө катышкан жарандарды аныкташкан.
“Ошондой эле алар чек ара бузуучуларды кармоого аракет кылып жатканда таш ыргытып, аларды Кыргызстандын аймагына сүйрөп өтүүгө аракет кылышкан. Өзбек аскер кызматкерлери жарандарга каршы курал колдонууга аргасыз болушкан”, — деп айтышты өзбек тараптан.
Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча төмөндөгүдөй чечим чыгарылды:
чек арачылардын көзүнчө мамлекеттик чек араны кокустан бузган учурда чек ара кызматына курал колдонууга кескин түрдө тыюу салуу;
кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасындагы чек арачылардын жүрүм-турумун сактоо боюнча эки тараптын өздүк курамы менен кошумча биргелешкен сабактарды өткөрүү;
Кыргызстандын Ала-Бука жана Өзбекстандын Янги-Курган багыттары боюнча чек ара өкүлдөрү бардык көйгөйлүү аймактарда мамлекеттик чек араны кайтарууну уюштуруунун тартибин аныктоого тийиш.
Мындан тышкары, чыр-чатактарды болтурбоо боюнча эки өлкөнүн чектеш жайгашкан аймактарынын жергиликтүү жашоочуларына түшүндүрүү иштери жүргүзүлөт.
Чыр-чатактын чоо-жайын укук коргоо органдары иликтеп, соттук-медициналык, соттук-биологиялык жана соттук-баллистикалык экспертизалар дайындалды. Ала-Бука райондук ички иштер бөлүмү тарабынан Кыргызстандын үч жаранын өлтүрүү фактысы боюнча кылмыш иши козголду.
Саат 18.30га карата мамлекеттик чек аранын кыргыз-өзбек тилкесиндеги кырдаал салыштырмалуу туруктуу деп мүнөздөлөт.
Эске салсак, 5-майда Ала-Бука районунда өзбек чек арачылары ок чыгарып, үч кыргызстандык каза болгон.
Курал менен аскер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.05.2022
Чек арада өзбек аскерлери ок чыгарып, Кыргызстандын үч жараны каза болду
Жаңылыктар түрмөгү
0