Россияда иштеген Тик-Ток жылдызы Тимур: эки күндө миллион көрүүчү топтодум

© Фото / Никита КоровинУроженец Кыргызстана живущий в Москве Тимур Акимов
Уроженец Кыргызстана живущий в Москве Тимур Акимов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.04.2022
Жазылуу
Россияда жашап, иштеген мекендешибиз Тимур Акимовдун Тик-Токтогу видеолорун көргөндөрдүн саны 13 миллионго жетти. Мекендешибиз Москвадагы цехтердин биринде эмгектенип, иш үстүндө эле ырдап, ар кандай контенттеги кавер, видеороликтери менен таанылган.
Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы таланты көптөрдү суктандырган интернет жылдызы Тимур Акимов менен маектешти.
@sputnik.kyrgyzstan Үнү жактыбы? @tima.akimov #ырчы #акимов #кыргызстан ♬ оригинальный звук - Sputnik Кыргызстан
— Интернетте видеолоруңузду көрүп көпчүлүк абдан жакшы пикир калтырып жатат. Атайын тематикадагы контентиңиз бар экен. Идея качан келген, кантип ишке ашыра баштадыңыз?
— Бул үчүн атайын образ түзүп, идея издеген деле жокмун. Чындыгында эле Москвада таш иштетүүчү цехте иштейм. Бир жолу жумушта жалгыз калып эриккенимден ырдап, аны видеого тартмай болдум. Кийинчерээк Тик-Токтон аккаунт ачып, ал жакка өзүмдүн каверлеримди жүктөй баштагам. Ал видеомду оюмда эч нерсе жок эле Тик-Токко да жүктөп койдум. Эки күндөн кийин бир миллион ирет көрүлдү. Жасап жаткан ишим элге жагып жатса, демек, мындан ары да токтобой тарта беришим керек экен деп ойлондум.
— Күйөрмандар үнүңүздү абдан баалашууда. Чынында эле жакшы ырдайт экенсиз. Мындай талант сизде кайдан? Мүмкүн үй-бүлөңүздө музыкага жакын чыгармачыл инсандар бардыр?
— Ооба, үй-бүлөбүз менен ыр жандуубуз. Эч кимиси музыкалык билим алган эмес, бирок баарынын үнү жакшы жана ырга шыктуу. Арасынан атам экөөбүз гана өзгөчөлөнүп, чакан чөйрөдө талантыбызды тартуулоого жетиштик. Ал киши да өз чөйрөсүндө керемет үнү менен таанымал, кайсы жерде болбосун суранып ырдатышат. Эми мен да анын жолун жолдодум окшойт (күлүп).
© Фото / Никита КоровинАкимов: үй-бүлөбүз менен ыр жандуубуз. Эч кимиси музыкалык билим алган эмес, бирок баарынын үнү жакшы жана ырга шыктуу
Уроженец Кыргызстана живущий в Москве Тимур Акимов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.04.2022
Акимов: үй-бүлөбүз менен ыр жандуубуз. Эч кимиси музыкалык билим алган эмес, бирок баарынын үнү жакшы жана ырга шыктуу
— Сиздин Тик-Токтогу "чыгармачылыгыңызды" үй-бүлөңүз кандай кабыл алды?
— Ата-энем абдан түшүнүктүү адамдар. Алар азыр мени ар тараптан колдоп, чыгармачылык жактан өнүп-өсүүмдү гана каалашат. Башында менин видеолорумду көп этибар деле алган эмес. Бирок социалдык тармакка жүктөгөн видеолорум интернет колдонуучулар тарабынан жакшы колдоо таап, көрүүчүлөрдүн саны улам өскөн сайын жакындарым да ишеним арта баштады.
— Бул ийгилик өзүңүзгө да дем берсе керек?
— Азыр да цехте иштеп жатканым менен чыгармачылыкка көп басым жасап жатам. Эми ырларды жаздырып, жакынкы аралыкта өзүмө жаккан, жан дилим менен ырахаттанып иштей турган тармакта эмгектенип баштайм деп ойлойм.
@tima.akimov Концовка специально для аудитории ТикТока #любименялюби ♬ оригинальный звук - tima.akimov
— Москвага качан, кандайча барып калдыңыз эле?
— Мен өзүм Россиянын Ростов-на-Дону шаарында чоңойгом. Үй-бүлөм мен бир жашка чыга электе эле Кыргызстандан көчүп келишкен экен. Бала чагым Ростовдо өттү, ошол шаардан мектепти бүттүм. Андан кийин жогорку окуу жайга тапшырууну каалаган жокмун. Ал эми музыкалык билим алуу үчүн жетиштүү даярдык жана акча керек болду. Ошол себептен окубай эле иштеп калдым. Досторумдун чакыруусу менен 18 жашымда Москвага келип, чоң мегаполисте турмуштун агымына аралашкам. Төрт жылдан бери бул шаарда иштеп жүрөм, азыр жакындарым да Москвага көчүп келишти. Ушу тапта цехте байкелерим менен иштейм.
— Кыргызстанга да келип турасызбы?
— Ооба. Ата-энем Оштун Алайкуу өрөөнүнөн болот. Негизи Кыргызстанда үч курдай болдум. Бала кезимде алты, 12 жашымда жана бой жеткенде, 2019-жылы бир бардым. Ошондон кийин бара элекмин. Акыркы жолу Бишкекте эле болуп кайттым.
© Фото / Никита КоровинАкимов: ата-энем абдан түшүнүктүү адамдар. Алар азыр мени ар тараптан колдоп, чыгармачылык жактан өнүп-өсүүмдү гана каалашат
Уроженец Кыргызстана живущий в Москве Тимур Акимов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.04.2022
Акимов: ата-энем абдан түшүнүктүү адамдар. Алар азыр мени ар тараптан колдоп, чыгармачылык жактан өнүп-өсүүмдү гана каалашат
— Эс тартканда мекенге барып, кандай сезимде болдуңуз?
— Башында ыңгайсыз болуп, чочуркайм го деп ойлогом. Бирок келерим менен баары башкача болду. Тескерисинче, адамдар менен бат тил табышып, эл да мага сонун мамиле кылды. Ошентсе да Москвада жашагандан кийин Бишкек менен салыштырып, чоң айырмачылык сезилди.
Эң негизгиси Кыргызстандын жаратылышына эч нерсе тең келбейт. Тоолор, таза аба жана айлананын мемиреген бейпилдиги тимеле укмуш сонун.
— Үй-бүлөңүз тууралуу айтсаңыз?
— Апам тамак-аш боюнча консультант, атам куруучу. Эки агамдын бири менден 10 жаш, экинчиси 8 жаш улуу. Алар азыр үй-бүлөлүү, балдары бар.
@tima.akimov #voiceeffects #кавер#cover#дениздеги#кгз#кз#азия#кыргыз#кыргызстан#акапелла ♬ оригинальный звук - tima.akimov
— Видеолоруңузду миллиондон ашык адам көрөт экен. Ушунча катталуучу чогултуу кыйын болгон жокпу?
— Аябай кыйын болду деп айтуудан алысмын. Бирок биринчи видеоролигим бир миллиондон ашык көрүүчү топтогондо бул агымды кармап туруу кыйын болду. Темпти түшүрбөө үчүн күн сайын бир нече ролик чыгарууга туура келди. Ошол себептен абдан аракеттенип, издендим. Оңой көрүнгөнү менен бул дагы ойлонууну, изденүүнү, эмгекти талап кылат экен. Ошентсе да бир убакта көрүүчүлөрдүн саны жана идея улам азайып баратканы байкалып турду. Акырындап отуруп Жорж Майклдын Сareless whisper аттуу ырын аткарып, ал 13 миллион көрүү алды. Ошондон кийин кайрадан баары жанданды.
© Фото / Никита КоровинАкимов: эми ырларды жаздырып, жакынкы аралыкта өзүмө жаккан тармакта эмгектенип баштайм деп ойлойм
Уроженец Кыргызстана живущий в Москве Тимур Акимов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.04.2022
Акимов: эми ырларды жаздырып, жакынкы аралыкта өзүмө жаккан тармакта эмгектенип баштайм деп ойлойм
— Кызматташуу сунушу түшүп жатса керек?
— Жорж Майклдын ырынан соң ири компаниялардан кызматташуу сунуштары түшө баштады. Башында алар мени манекен жана кул катары колдончудай сезимде болуп, ар кайсы компаниянын лейбли болгум келген жок. Бирок бара-бара бардык эле лейблдар мындай шарт койбосун түшүндүм.
Көпкө ойлонуп, анан мага чыгармачылык жактан жол көрсөтүүчү компетенттүү команда керек экенин аңдадым. Ошол себептен Invite лейблын тандап алып, алар менен эки тарапка тең пайдалуу шартта иштешүүнү туура көрүп, эң башкысы коммерциялык эмес, чыгармачылык максатты көздөдүк. Лейблде иштеген адам көп каражат табат деп ойлоо да жаңылыштык. Башында бул эч кандай каражат алып келбейт, ошондуктан цехтен кетпей азырынча иштеп жатам.
— Алдыда кандай пландарыңыз бар?
— Алгач мен каржылык жактан көз карандысыз болгум келет. Андан нары музыка индустриясына таасир берген, мыкты ырчылардын деңгээлине жетким келет. КМШ аймагында же болбосо Кыргызстанга таанымал ырчы болууну максат кылам. Алдыдагы пландарымдын баары чыгармачылык менен байланышкан. Өлкөнүн шоу дүйнөсүн өнүктүргүм келет.
Apple, Google компанияларында иштеген Бекназар Жамангараев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.02.2022
Apple, Google компанияларында иштеген Жамангараев: кыргызстандыктарды бекер окутабыз
Концерттеги көрүүчүлөр. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.01.2022
Кремлдеги "Борбор Азия эл достугу" мекендештерди колдоп-сүрөөгө арналды. Маек
Жаңылыктар түрмөгү
0