Гитлердин өз жанын кыйганы боюнча жаңы архивдик документтер жарыяланды

© AP PhotoНацисттик Германиянын лидери Адольф Гитлер
Нацисттик Германиянын лидери Адольф Гитлер - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.04.2022
Жазылуу
Документте Адольф Гитлердин жеке учкучунун көрсөтмөлөрү жазылган.
БИШКЕК, 29-апр. — Sputnik. Россиянын Федералдык коопсуздук кызматы нацисттик Германиянын лидери Адольф Гитлердин 1945-жылдын апрель айынын аягында өз жанын кыйганы тууралуу жаңы архивдик материалдарды жарыялады. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Сөз Гитлердин жеке учкучу, СС группенфюрери, полициянын генерал-лейтенанты Ганс Баур боюнча ФСБнын Новгород облустук архивинде сакталган тергөө материалдары тууралуу болуп жатат.
Баурдун немец тилиндеги өмүр баяны, 1945-жылы декабрда НКВДда сурак учурунда берген көрсөтмөсү биринчи жолу ачыкка чыкты. Ошондой эле СССР Мамлекеттик коопсуздук боюнча башкы башкармалыгынын Бутырка абагынан Баурга берилген маалым кат тиркелген.

Гитлердин калтыраган колдору

Ал сурак учурунда айткандай, Берлиндеги Рейх-канцлеринин бункеринде Гитлер менен өмүрүнүн аягына чейин болгондор дагы фюрердин ниетин билишкен эмес.

"30-апрелде түштөн кийин адъютант полковник Бетц экөөбүздү чакырды. Гитлер мени коридордон тосуп алып, өз бөлмөсүнө алып барды. Колумду кысып: "Баур, мен сиз менен коштошкум келди. Көп жылдар бою кызмат кылганыңыз үчүн ыраазычылык билдирем", деди. Ошондо анын карып кеткенин, колдору калтырап калганын байкадым. Ошол эле учурда ал өз жанын кыюу чечимин кабыл алганын даана сездим, — деген экс-учкуч.

Гитлер ага өзүнүн бөлмөсүндө илинип турган сүйүктүү картинасы — Улуу падыша Фредериктин портретин белек кылгысы келгенин билдирген. Баур Гитлерди өз жанын кыйбашы керектигин, андай болсо бир нече сааттын ичинде бардыгы жок болуп кетерин айткан.
"Менин жоокерлерим салгылашкысы келбей калды, мен аларды мындан ары кармай албайм. Чыдай албай калдым", — деп жооп берген Гитлер.
Ошондой эле ал Советтер Союзунун аскерлери Потсдамер аянтына жетип калганын, жакында анын өзүн кармап алышарын айткан. Андыктан кол алдындагыларга өзү менен кошо аялы Ева Браундун өлүгүн өрттөөгө буйрук берген. Анткени партизандар фашисттик Италиянын лидери Бенито Муссолининин сөөгүн эл алдына алып чыккандай, аларды дагы элге көрсөтүп дарга асат деп корккон.
Гитлер Баур менен Бетцти карап качандыр бир кезде менин эстелигиме "Ал өзүнүн генералдарынын курмандыгы болгон" деп жазасыңар" деп айткан. Ошондон кийин гана экөө жетекчиси менен кол алышып коштошуп, сыртка чыгышкан.
Мындан соң Баур менен Бетц кагаздарды жок кылып, Рейх канцлеринен кетүүгө даярданууга жөнөшкөн. Бир нече саат өткөндөн кийин Баур буюмдарын чогултуп, убадаланган портретти алуу үчүн бункерге кайтып келген.

"Гитлердин бөлмөсүн тамекинин түтүнү каптап кетиптир. СС күзөтчүлөрү айласын таппай чуркап жүрүштү. Мен баары бүттүбү десем, алар "ооба" деп жооп беришти. Өлүктөр кайда экенин сурасам, жуурканга ороп барып Императордук канцлердин бакчасында өрттөп жатабыз дешти", — деп жазган учкуч.

Георгий тасмасы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.04.2022
“Георгий тасмасы – 2022” өнөктүгү “Россия сегодня” медиатобунун кеңсесинде башталды

Рейхтин лидерлерин издөө

1945-жылдын апрель айында Берлиндин алдындагы салгылашка аз калганда "Смерш" советтик аскердик контрчалгындоо кызматына Гитлерди жана фашисттик Германиянын башка жетекчилерин таап, камакка алуу милдети жүктөлгөн.
Беларусь фронтунда алга бара жаткан контрчалгынчылар Рейхстагга жана Рейх канцлерине барып, анын короосундагы "фюрербункерге" чабуул коюшкан. Ал кылдаттык менен бекемделип, акыркы бир нече айдан бери мында Гитлер жана мамлекеттин пропаганда министри Жозеф Геббельс жашынып жатышкан.
1945-жылдын 2-майында "фюрербункердегилер" колго түшүрүлгөн. "Смерш" жоокерлери чогулткан маалыматка караганда, Гитлердин өмүрүнүн акыркы күндөрүндө анын жанында "Цитадель" секторунун коргонуу начальниги Вильгельм Монке, Гитлердин жеке гвардиясынын башчысы Ганс Раттенхубер, улук валет Хайнц Линге, жеке адъютант Отто Гюнше жана учкучу Ганс Баур болгон.
Күбөлөрдүн көрсөтмөлөрүнө караганда, 1945-жылдын 30-апрелинде Адольф Гитлер менен Ева Браун, 1-майда Жозеф менен Магда Геббельс өз жандарын кыйышкан. Геббельстер өз өмүрүнө кол салганга чейин өздөрүнүн алты баласын өлтүрүшкөн. Кийин советтик аскерлер алардын сөөгүн бункерден табышкан.
1945-жылдын 13-майында "Смерш" чалгынчылары Рейх канцлеринин бакчасында Гитлер жана Браундун күйүп кеткен өлүктөрү көмүлгөн жерди табышкан. Анын аныктыгы кийинчерээк көптөгөн соттук-медициналык экспертизалар менен тастыкталган.
Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.04.2022
Быйыл согуштун ардагерлерине 100 миң сомдон берилет
Жаңылыктар түрмөгү
0