Жума күнгө карата аба ырайы

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкектин четиндеги жапайы гүлдөр. Архив
Бишкектин четиндеги жапайы гүлдөр. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.04.2022
Жазылуу
29-апрелде республика боюнча жаан-чачын күтүлбөйт. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетет.
БИШКЕК, 28-апр. — Sputnik. Жума күнү абанын температурасынын жогорулашына байланыштуу өлкөнүн тоолуу райондорунда кар көчкү түшүшү ыктымал. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүй облусунда +24…+29, Таласта +23…+28, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында +26…+31, Ысык-Көл, Нарын өрөөндөрүндө +17…+22 градус жогорулайт.
Бишкек жана Ош шаарларында күн ачык болот. Күндүн табы борбордо +27…+29, Ош калаасында +28…+30 градусту көрсөтөт.
Бишкекте жаан учурнда адамдар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.04.2022
Жаанчыл болобу? Бир жумага карата аба ырайы
Жаңылыктар түрмөгү
0