Боевая работа САУ Малка артиллерийских подразделений ЦВО на Авдеевском направлении - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

Батыш Россияны жеңүү үчүн аракетин күчөтүшү эмнеге кептейт? Ой толгоо

© AFP / US Department of Defense / HandoutВладимир Зеленскийдин АКШ өкүлдөрү менен жолугушуусу
Владимир Зеленскийдин АКШ өкүлдөрү менен жолугушуусу - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.04.2022
Жазылуу
Евробиримдик жана айрым европалык мамлекеттердин лидерлери Киевге келип кеткен соң, кезек башкы союздаштарына — америкалыктарга жетти. Байден өзү келген жок, мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен жана коргоо министри Ллойд Остинди жөнөткөн.
Бул ирет Петр Акопов америкалык эки үлкөндүн украин жергесине сапарына баам салып, алардын билдирүүлөрүнүн тегерегинде ой калчаган. Серепчинин макаласын РИА Новости жарыялаган.
Владимир Зеленский америкалыктар менен жолугушууга өлкөнүн бүт жетекчилигин топтоду. Бирок бул окуянын эң орчундуусу Блинкен менен Остиндин сүйлөшүүлөрдөн кийинки билдирүүлөрү болду.
"Бул согуштун качанкыга чейин созуларын билбейбиз. Бирок эгемен жана көз карандысыз Украина Владимир Путинге караганда алда канча узакка болорун так билебиз. Ийгилигине күбө болмоюнча Украинага колдообуз улана бермекчи..." — деди Блинкен.
"Биз Россия Украинага басып киргендеги аракетин эч качан кайталай албагыдай деңгээлге чейин алсырашын каалайбыз. Алар көптөгөн аскердик потенциалынан ажырады. Ошол дараметин кайра тез калыптандырып алууга дарманы калбай калышын каалайбыз…" — деп изги оюн жашырбады Ллойд Остин. Коргоо министрге Зеленский көрсөтүлүп жаткан жардамдарга ыраазычылыгын билдирип, "өзү жеңишке", ал эми АКШ "жеңиш үчүн аларга көмөктөшүүгө көңүлдөнүп турганын" кошумчалады.
"Жеңишке биринчи кадам — бул жеңе аларыңа болгон ишеним. Алар буга ынанат. Жабдуу жана колдоо жарашса, биз жеңе аларыбызга ишенебиз. Колубуздан келишинче жардам берүүнү улантабыз", – деп билдирди ал. Бул жана Улуу Британиянын тышкы иштер министри Лиз Трасстын: "Путин жеңилип, Украина жеңишке жетишкенче көңүлүбүз жай албайт" дегени эмнени туюндурат?
Англосактар курал менен жабдуу Украинадагы согушту создуктурууну гана эмес, Россияны жана анын куралдуу күчтөрүнүн болушунча алсырашын көздөгөнү айдан ачык. Алар үчүн Украинанын аскердик ийгилиги Россиянын жөн гана утулушу эмес, Батыштын, болгондо да башкалардын – орус дүйнөсүнүн бир бөлүгүнүн колу менен жеткен жеңиши болот.
БУУнун баш катчысы Антониу Гуттериш - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.04.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Путин Гутерришке: Россия аргасы түгөнгөндө Украинада атайын операциясын баштады
Англосактар мындай билдирүүлөргө Москва кандай карай турганын түшүнүшпөйбү? Баары аяктаганда жок дегенде жүздөрүн сактап калуу мүмкүнчүлүгүнөн да өздөрүн куру калтырып жатканын сезишпейби? Анткени Россия кандай болгон учурда да утат. Кеп ошол жеңиштин Россия гана эмес, Украина үчүн да баасында.
Англосактардын Украинаны согуш отуна салууга даярдыгында шек жок, бирок АКШ менен Улуу Британиянын жетекчилиги кийин өз жарандарына болгон окуяны кантип түшүндүрөт. Себеби Украинанын жеңилгени, демек, Киевдин жеңишине басым кылган АКШ жана Улуу Британиянын утулганы эмеспи. Бирок алар утулганын деле жеңиш катары көрсөтүп коё алабы? Андай амалдар менен таптакыр эле баёо кишилерди ынандыра алышпаса, дүйнөнүн батыштан тыш бөлүгү мыйыгынан жылмаяр.
Жеңишке жетебиз дешкендери реалдуулукка гана шайкеш келбестен, калыстык менен караган батыштык аскерий эксперттердин пикирлерине да дал келбейт. Алардын эч бири бийлик өкүлдөрүнүн андай сценарийлеринин ишке ашарын болжой алышпайт. Батыштын бул кырдаалды жалгыз колунан келчү иш – согуштук аракеттерди создуктуруу. Россияны жеңүүнүн бир гана реалдуу жолу бар – өлкөгө бүлгүн салып, ичтен иритүү. Бирок Батыш андай аракетин да жүзөгө ашыра албайт. Мындайга басым жасоо англосактар россиялык коомдун биримдигин гана бекемдей турганы турулуу.
Батыш орустар "Киевди үч күндө ала алган жок го" деген пикирге алданууда. Акылдуу атлантикалык стратегдер үчүн орустар менен украиндер бир калк экенин эстен чыгарбоо абзел.
Ал эми Россиянын жеңилиши үчүн аракеттерин күчөтүп, курал менен камсыздап, Киевди шыктандырганын алардын акыркы ирет украиналык картаны ойнотуп, болушунча "оюнду кызытканы" деп сыпаттоого болот. Баары ачыкталып, Украина утулганы аныкталганда Батыш актанууга да дарманы келбей калат. Анткени ашып-ташкан көйгөйү көп. Ички да, тышкы да саясий сыноо жана өзгөрүүлөр алар үчүн оор болот. Ал эми "Эмнеге Россия эмес, өзүбүз утулдук?" — деген суроого жооп болочок тарыхчыларга гана кызык...
Ок атып жаткан украина аскерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.04.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Украина үчүн ленд-лиз кеңейтилди. Чечкиндүү аракетке мезгил жетти көрүнөт...
Жаңылыктар түрмөгү
0