Открытие редакционного центра Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.12.2021
Пресс-борбор

Адис: "Википедияга" альтернативдүү энциклопедия түзүү зарыл

© AFP / KIRILL KUDRYAVTSEV"Википедиянын" логотиби. Архив
Википедиянын логотиби. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.04.2022
Жазылуу
Адистин айтымында, соцтармакта Россияга каршы согуш жарыяланды. Мындай көрүнүш көпкө созулуп, керек болсо өмүр бою сакталышы мүмкүн.
БИШКЕК, 25-апр. — Sputnik. "Википедиянын" альтернативасын түзүү керек деп сунуштады Россиянын маалыматтык коомчулугун, ЖМК жана массалык коммуникацияны өнүктүрүү коомдук палатасынын төрагасынын орун басары Александр Малькевич.
© Sputnik / Владимир ТрефиловРоссиянын маалыматтык коомчулугун, ЖМК жана массалык коммуникацияны өнүктүрүү коомдук палатасынын төрагасынын орун басары Александр Малькевич
Видеомост о борьбе с фейк-ньюс - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.04.2022
Россиянын маалыматтык коомчулугун, ЖМК жана массалык коммуникацияны өнүктүрүү коомдук палатасынын төрагасынын орун басары Александр Малькевич
Ал Sputnik аянтчасында өткөн "Такталбаган маалыматтын интернетке жайылышын кантип токтотсо болот жана колдонуучулардын коопсуздугун канткенде сактайбыз?" аттуу видеокөпүрөгө катышкан.
Адистин айтымында, соцтармакта Россияга каршы согуш жарыяланды. Анын көз карашы чагылдырылган пикирлер блоктолуп жатат. Мындай көрүнүш көпкө созулуп, керек болсо өмүр бою сакталышы мүмкүн. Максаты — адамдарды деморализациялоо жана аң-сезимин өзгөртүү. Бул үчүн бардык маалыматтык технологиялар колдонулуп, тарых кайра жазылат.
"Википедия" деген ыңгайлуу аянтча бар. Мен бул тууралуу көп жолу айткам. Аны жаап салыш керек дегенден алысмын, болгону өзүбүздүн аянтчабызды түзөлү деп жатам. Учурда каалаган текстти жазып туруп, толгон-токой тилге которуп салса болот. Бул жерде отурган ар бирибиз жөнүндө адам өлтүргүч, каннибал деп ойго келген нерсени жазып коюшса адамдар ишене берет. Себеби 120 тилге которулгандан кийин мынча адам жаңылышы мүмкүн эмес деген сезим пайда болот дагы, чындык катары кабылданат", — деди Малькевич.
Ал ошондой эле издөө системасына киргенде биринчи эле болуп "Википедия" чыгып каларын эскерткен. Буга байланыштуу КМШ мамлекеттерин бириктирип турган виртуалдык энциклопедия түзүү керектигин белгиледи.
"Россиядан кийин башка мамлекеттерге дагы колу жетет. Кимиси болбосун тарыхты кайра жазып, өзгөртүп коюшат. Бул жерде "чоңдор урушуп жатат, бизге тиешеси жок" деген иллюзия болбошу керек. Ар бир өлкөдө түрдүү окуялар жана баатырлар болгон. Бирок бир күнү санариптик маданият өзгөрүп, алар тууралуу таптакыр башка маалыматтар чыгып калышы мүмкүн", — деп кошумчалады адис.
Женевадагы БУУнун имаратынын жанындагы желектер аллеясы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.04.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
ЖМК: Батыш дүйнөнүн басымдуу бөлүгүн Россияга каршы тукура алган жок
Жаңылыктар түрмөгү
0