Президент "Манас" үчилтигин ар тараптан изилдеп жайылтуу жарлыгын чыгарды

© Sputnik / Акылбек БатырбековБишкектин Ала-Тоо аянтындагы Манастын эстелиги. Архив
Бишкектин Ала-Тоо аянтындагы Манастын эстелиги. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.04.2022
Жазылуу
Жарлыкта "Манас" эпосунун үчилтиги – кыргыздын эки миң жылдан ашык тарыхый тажрыйбасы жана руханий жашоосу чагылдырылган элдик оозеки чыгармачылыктын алтын казынасы экени айтылат.
БИШКЕК, 23-апр. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров "Манас" эпосунун үчилтигин ("Манас", "Семетей", "Сейтек" эпостору) ар тараптан изилдөө жана популярдаштыруу боюнча кошумча чаралар жөнүндө" жарлыкка кол коюлду. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.
Документте Кыргызстанда соңку жылдары улуттук маданиятты өнүктүрүүгө, материалдык жана материалдык эмес маданий мурасты сактоого жана пропагандалоого багытталган системалуу чаралар ишке ашырылганы айтылган. Мындан тышкары, элдик оозеки чыгармачылыкты жана элдик искусствону андан ары популярдаштырууга, өлкөбүздү дүйнөлүк маданий мейкиндикке жигердүү интеграциялоону камсыз кылууга, ошондой эле маданият жана искусство чөйрөсүн инновациялык өнүктүрүүгө басым жасалганы белгиленди.
"Азыркы мезгилде "Манас" эпосу кыргыз элин бириктирүүчү иденттүүлүктүн жана эгемендиктин идеологиялык фактору катары барган сайын кыйла зор мааниге ээ болууда. 1995-жылы эпостун миң жылдыгын өткөрүү, "Ала-Тоо" борбордук аянтында Манастын эстелигин орнотуу жана 2011-жылдын 28-июнунда "Манас" эпосу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын кабыл алуу элдин идеялык биригүүсүн айгинелеп турат. 2012-жылдын 31-январында "Манас" эпосун сактоо, изилдөө жана кеңири жайылтуу боюнча 2012-2017-жылдардагы мезгилге карата улуттук программасы бекитилген", — деп айтылат маалыматта.
Улуттук программанын максаты — салттуу руханий, адеп-ахлактык, жалпы адамзаттык баалуулуктарды калыбына келтирүү, материалдык эмес маданиятты, элдик оозеки чыгармачылыкты системалуу өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү. Программа стратегиялык максаттарга — кыргыз элинин маданиятын жана тилин сактоого жана өнүктүрүүгө багытталган.
Азыркы мезгилде мамлекеттик органдардын актуалдуу милдеттери болуп "Манас" эпосунун үчилтигин сактоо, ар тараптуу изилдөө жана популярдаштыруу боюнча кошумча чараларды көрүү эсептелет.
Бишкектеги Манас айылы маданий-этнографиялык комплекси. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.04.2022
"Манас айылынын" жери эмне үчүн алынып жатканы айтылды
Бүгүнкү күндө ири жана чакан эпосторду, кыргыз элинин материалдык эмес маданий мурастарын сактоо, изилдөө жана популярдаштыруу, бул чөйрөгө заманбап маалыматтык-коммуникациялык технологияларды киргизүү, билим берүү мекемелеринде материалдык эмес маданий мурасты окутуу жана шыктуу жаш чыгармачыл ишмерлерди издөө жана колдоо, билим берүү мекемелерин окуу китептери, окутуу-методикалык адабият менен камсыз кылуу үчүн жогорку квалификациялуу кадрларды даярдоо боюнча концепциянын бүтүн системасы жок.
Жаш муундарды руханий тарбиялоодо жана кыргыз элинин биримдигин чыңдоодо "Манас" эпосунун үчилтигинин маанисин эске алып, ири жана чакан эпостордун гуманисттик идеяларын кеңири пропагандалоо, ошондой эле элдик оозеки чыгармачылыкты жана Кыргыз Республикасынын материалдык эмес маданий мурастарын коргоону, жайылтууну жана изилдөөнү камсыз кылуу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесине ылайык токтом кылынат:
1. Көчмөндөр цивилизациясынын өзгөчө кайталангыс салттарын сактап калган кыргыздардын материалдык эмес маданий мурастарын сактоо, мындан ары изилдөө жана популярдаштыруу, Кыргыз Республикасынын элинин руханий кайра жаралуусуна жана мындан аркы маданий өнүгүүсүнө, ата-бабалардын калган мураска аяр мамиле кылууга жана муундардын уланмалуулугуна, улуттук өзгөчөлүктөрдү жана өзүн өзү таанууну, тарыхый каада-салттарды сактоого багытталган шарттарды түзүүнү камсыз кылуу Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын стратегиялык милдеттери деп аныкталсын.
2. Кыргыз Республикасынын министрлер Ккабинети 2022-жылдын 1-сентябрына чейинки мөөнөттө:
"Манас" эпосун изилдөө жана популярдаштыруу боюнча концепцияны жана аны ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планын иштеп чыксын жана бекитсин;
"Манас – улут биримдиги жана ынтымагы" маалымат өнөктүгүнүн концепциясын жана аны ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын планын иштеп чыксын жана бекитсин;
Боз-Бөлтөк тоосуна "Манас" скульптуралык жана тарыхый-архитектуралык корук статусу берилсин жана каржылоо булагын аныктоо менен аталган скульптуралык жана тарыхый-архитектуралык корукту куруу боюнча долбоорду, аны ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын планын иштеп чыксын;
улуттук мурастардын объектилеринин тизмесин тактасын жана ана илимий, тарыхый жана академиялык баалоо жүргүзсүн;
улуттук мурастарды коргоо бөлүгүндө "Манас" эпосу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзамдын долбооун иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине кароого киргизсин;
аталган иш-чараларды финансылык камсыздоо боюнча тиешелүү чараларды көрсүн;
жалпыга маалымдоо каражаттарында илим чөйрөсүнүн, коомдук институттардын өкүлдөрүн тартуу менен аталган иш-чараларды кеңири чагылдырууну жүргүзсүн.
3. "Манас" жана Чыңгыз Айтматов улуттук академиясы" мамлекеттик мекемесинин алдында Кыргыз элинин материалдык эмес маданий мурастарын изилдөө илимий-изилдөө институту түзүлсүн.
Теодор Герцендин Манас эпосуна тартылган сүрөтү. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.04.2022
Манас менен Нескаранын согушу. Улуу баяндан 6 факт
Жаңылыктар түрмөгү
0