Кыргызстан ICSID Конвенциясын ратификациялады. Ал эмне берет?

© Пресс-служба правительства / Алишер АлиевКыргыз Республикасы ICSID Конвенциясын ратификациялады
Кыргыз Республикасы ICSID Конвенциясын ратификациялады - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.04.2022
Жазылуу
ICSID Конвенциясы чет өлкөлүк инвестициялар боюнча талаш-тартыштарды жөнгө салуу үчүн институционалдык жана укуктук базаны белгилейт.
БИШКЕК, 23-апр. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров АКШдагы жумушчу сапарынын алкагында Дүйнөлүк банктын жетекчилиги менен жолугушту. Бул туурасында өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлады.
"Жолугушуунун жүрүшүндө Акылбек Жапаров ICSID конвенциясын (Инвестициялык талаштарды жөнгө салуу боюнча эл аралык борбор) ратификациялоо жөнүндө документти Дүйнөлүк банктын сактоосуна тапшырып, муну менен эл аралык инвестициялык талаштарды чечүү боюнча дүйнөлүк алдынкы институтка кошулуу процесси аяктады", — деп айтылган маалыматта.
Жапаров ICSID борборуна кошулуу туруктуу экономикалык өнүгүү үчүн транс чек аралык инвестицияларды жана сооданы пайдалануу боюнча КРдин стратегиясынын маанилүү элементи экенин айткан.
© Пресс-служба правительства / Алишер АлиевМинистрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров
Кыргызская Республика ратифицировала Конвенцию ICSID - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.04.2022
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров
"Бүгүн биз талаш-тартыштарды чечүү үчүн эң жогорку эл аралык стандарттарга жооп берген укуктук жана ченемдик базаны жактай тургандыгыбыз тууралуу ачык белги берип жатабыз", — деген Акылбек Жапаров.
ICSID Башкы катчысы Мег Киннер ICSID мүчө болуу эл аралык инвестициялардын агымынын негизинде жаткан эл аралык-укуктук архитектураны түзөп жана чыңдарын белгилеген.
"Мен Кыргыз Республикасы чет өлкөлүк инвестицияларды тартуу, аны кармап калуу жана кеңейтүү үчүн өбөлгө түзүүчү Ишкер чөйрөнү мындан ары өнүктүрүү үчүн маанилүү кадамды жасаганына кубанычтамын", — деди ICSID Башкы катчысы Мег Киннер.
"Кумтөр” долбоору боюнча келишимдин түзүлүшү Кыргызстан талаш-тартыштарды белгиленген эл аралык процедуралар жана стандарттарга ылайык жөнгө салууга даяр экендигинин мисалы болуп саналат", — деп айтылат маалыматта.
Дүйнөлүк банкка ратификациялык грамотаны сактоого тапшыргандан кийин, Конвенциянын 68 (2)-беренесине ылайык (Кыргызстан Конвенцияга 1995-жылы кол койгон жана 1997-жылы ратификациялаган), Кыргыз Республикасы үчүн Конвенция 2022-жылдын 21-апрелинде күчүнө кирди. Ал күчүнө киргенден кийин Кыргыз Республикасы ICSID менен макулдашуучу 157-мамлекет болуп калат.
ICSID Конвенциясы чет өлкөлүк инвестициялар боюнча талаш-тартыштарды жөнгө салуу үчүн институционалдык жана укуктук базаны белгилейт. Ал арбитраж, жарашуу, ортомчулук жана фактыларды орнотуу үчүн көз карандысыз, саясаттан ажыратылган форумду камсыз кылуу аркылуу өлкөлөр ортосундагы инвестицияны илгерилетүү үчүн түзүлгөн.
ICSID Конвенциясынын катышуучу-мамлекети катары Кыргызстан анын башкы башкаруу органында – Административдик кеңештеги өкүлчүлүк аркылуу ICSID борборун башкарууга катышат. Буга мүчө болгон ар бир мамлекет Жетектөөчү Кеңеште бир өкүлгө жана бир добушка ээ. Анын милдеттерине башка нерселер менен катар ICSID Башкы катчысын жана Башкы катчынын орун басарларын шайлоо кирет. Мүчө мамлекеттер ошондой эле ICSID комиссияларында арбитрлерди жана ортомчуларды дайындоого укуктуу.
АКШда министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Дүйнөлүк банктын өкүлчүлүгү менен жолугушуу учурунда - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.04.2022
Дүйнөлүк банк Кыргызстанга 150 млн. доллар бөлөт. Келишимге кол коюлду
Жаңылыктар түрмөгү
0