"Сегиз жыл жер төлөгө жашынып..." Донбасстагы тагдырлардан баян

© Sputnik / Илья Питалев / Медиабанкка өтүүЭвакуация жителей Горловки
Эвакуация жителей Горловки - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.03.2022
Жазылуу
"Россияга кетүүгө мүмкүндүк бар. Барат белеңиз?" Донецк фронттук районунун тургуну Инна Семёнова буга дароо макул болду. Тубаса шал оорунун (ДЦП) азабын тарткан кызы менен аталган аймакта жашоо жан чыдагыс болуп бараткан.
Мария Марикян
Тубаса оорусу бар, оор дартка чалдыгып же кырсыкка кабылган балдары бар энелер Донецк жана Луганск эл республикаларынан жашоочуларды коопсуз жайга көчүрүү башталгандан көп өтпөй Подмосковьедеги адистештирилген борборго чыгарылган. Сегиз жыл бою алар кандай азаптарды башынан кечиргендери тууралуу баяндаган Мария Марикяндын макаласы РИА Новости сайтына жарыяланган.

"Көнүп деле бүттүк"

"2014-жылдын жыйырма алтынчы майы күнү бүгүнкүдөй жадымда. Учактар бизге карай учуп, Донецкини бомбалашкан. Туш тарапта ызы-чуу, кыйкырык, ый...", — деп эскерет Инна.
Анын үйү Петров районунда эле. Ошол күндөн тарта жер төлөөгө түшө калууга көнүп деле бүтүшкөн, бирок үстүдөн учкан дүрмөттөрдөн үйдүн алды деле титирейт.
© Sputnik / Сергей Аверин / Медиабанкка өтүүДонецктеги Петров районунун четиндеги үй. Атышуу учурунда снаряд түшүп, күйүп кеткен
Последствия обстрела в Донецке - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.03.2022
Донецктеги Петров районунун четиндеги үй. Атышуу учурунда снаряд түшүп, күйүп кеткен
"Апам Донецк аэропортуна жакын жашачу. Ал жакта айыгышкан салгылаш башталганда бизге көчүп келген. Бирок биздикинде деле коопсуз дешке болбойт эле. 2016-жылы коңшу үйгө снаряд тийип терезелер сынып, анын алкактары кошо ыргып кетип жатты. Эми бул салыштырмалуу майда-чүйдө нерселер экен, башкысы башыбыз аман", — дейт Семёнова.
11 жашар кызы тубаса шал оорунун азабын тартып келет. 2014-жылга чейин мезгил-мезгили менен реабилитациядан өтүп турчу. Согуш аны да токтотту.
"Тынымсыз ок атылчу. Бирок биз мурункудай жоо кууп келе жаткандай үйдөн качпай калдык. Эгер терезедеги гүл челектер кулай баштаса, демек, сокку катуу деп болжочубуз. Өзгөчө төрөлгөн балдар үчүн бул эбегейсиз стресс", — деп үшкүрүнөт маектеш.
© Sputnik / Сергей Батурин / Медиабанкка өтүүРостов облусуна эвакуациялоо учуру. Донецк-2 темир жол бекетинде Донецк Эл Республикасынын тургундары
Эвакуация граждан из ДНР и ЛНР - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.03.2022
Ростов облусуна эвакуациялоо учуру. Донецк-2 темир жол бекетинде Донецк Эл Республикасынын тургундары
Ушул тапта Инна кызы менен Красногорскидеги "Созвездие" реабилитациялык борборунда. Балдар мында дарыланып, билим алышат. Жалпы 50 эне-бала бул жакка 21-февралда автобус менен алып келинген.
"Бир суткадан ашык жол жүрдүк, — деп эскерет Маргарита Селищева. — Жолго чыгарга саналуу күндөр калганда ок катуу жаай баштаган. Баарыбыз аң-таң эле болуп калдык. Чынында абал жапырт көчүрүүгө чейин жетерин болжогон эмес элек. Чатыр лагерлери жана санаторийлерде баш калкалоого болбойт эле. Себеби эки баламдын тубаса шал оорусу болгондуктан, өзгөчө камкордук, дарылоо талап кылынат. Кандай болсо да үйдө калабыз деп чечтик".
Бирок адистештирилген борбор сунушталганда, албетте, ал баш тарткан эмес. Донецкинин бардык тургундарындай эле сирена жаңырган сайын Маргарита да балдары менен жер төлөгө жашынчу. Кийин өздөрү деле көнүп калып, далистерде жан сактап, жардыруудан жарылып кетпесин деп терезелерди ачып койчубуз.
"Шаардан чыга бериш жерде жашайбыз. Еленовка жаныбызда. Ал жакта күйөөмдүн туугандары турат. Электр жарыгы өчүп, суу чыкпайт. Коммуналдык тейлөө кызматкерлери жаңы эле оңдосо, кайра сокку урулат. Кайненем дээрлик үч жыл жер төлөдөн чыккан жок. Акыры онкологиялык кеселден каза тапты", — деп кол куушурат Селищева.
Анын жолдошу согушка чейин темир жол техникаларын оңдоочу заводдо иштеген. 2014-жылы жумуштан айдалды. Укалоону өздөштүрүп, спорт залына машыктыруучу болуп орношту. Аны армияга алышкан, азырынча байланыш жок. Ошентсе да Маргарита: "Адатта суук кабар тез жетет эмеспи", – деп жакшылыктан дегеле күдөрүн үзбөйт.
© Фото / Мария МарикянИнна Семёнова жана Маргарита Селищева
Инна Семенова и Маргарита Селищева - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.03.2022
Инна Семёнова жана Маргарита Селищева

Дебальцево курчоосу

Анастасия Демян 17 жыл борт коштоочусу болуп эмгектенип, 2014-жылы жердештеринин көпчүлүгүндөй эле жумушсуз калган.
Ошондон бери майыптыгы бар уулу менен анын пенсиясына күн кечиришет. Он эки жашар Егордун аутизми бар. "Төрт жашында басты. Тили жаңы чыкканда согуш башталып, реабилитация үзгүлтүккө учурап калды", — деп баяндайт Анастасия. Алардын үйү да Донецк аэропортуна жакын болчу. Кооптуу болгондуктан, эне-бала 2015-жылдын кышында Углегорскидеги апасына көчүп кетүүгө белсенишет. Баары аз келгенсип, Дебальцево курчоосуна тушугушат.
© Фото / Мария МарикянАнастасия Демян
Анастасия Демян
 - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.03.2022
Анастасия Демян
"Енакиевого көчүрүштү. Баары тынчып калганда, тагыраагы, март айында Углегорскидеги абалды карап көрүү үчүн бардым. Гараж, ашкана жарылыптыр. Урандыларын өзүм күрөп чыктым. Эркектерди ишке тарта албайсың, себеби бири согушта, башкалары акча табуу үчүн сыртка кеткен. Эптеп үйдү бүтөп, кайра кирип алдык. Таптакыр ачка калдык дебейм, анткени бакчабыз бар эле", — дейт Анастасия.
Дебальцево курчоосун он сегиз жаштагы Катя да эч унута албаса керек. Ата-энеси, төшөктөгү чоң энеси менен чогуу жашачу. Аскердик бөлүк үйүнөн өтө деле алыс эмес эле.
© Фото / Мария МарикянКатя
Катя - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.03.2022
Катя
"Снаряд коңшубуздукуна, биздин бакчабызга түшкөндөн кийин шаардын башка тарабында турган эжебиздикине кеттик. Кум салынган каптардан бункер жасап алып жашынып, кийин кайра үйгө кайттык. Ошондон бир күн өтпөй курал-жарак кампасына сокку урулду", — деп эскерет бийкеч.
Көчөлөрдө жардыруулар, пулемёттор тынбайт, сыртка чыгыш абдан кооптуу болуп калган. "Жашыл коридор жарыяланган күнү этим ысып, 40 градуска чейин эле. Дары жок, чүпүрөктү суулап коюп жаткам. Эптеп үйдөн чыгып, автобуска жетип алдык. Ичиндегилердин бири дарыгер экен, ошол киши дене табымды түшүрүп берди", – дейт Катя.
© Sputnik / Игорь Маслов / Медиабанкка өтүүУкраина күчтөрүнүн Донецк облусундагы Дебальцево шаарын аткылоосунун кесепеттери. Архивдик сүрөт
Последствия обстрела г. Дебальцево в Донецкой области - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.03.2022
Украина күчтөрүнүн Донецк облусундагы Дебальцево шаарын аткылоосунун кесепеттери. Архивдик сүрөт
Ошентип Енакиеводогу чоң энесиникинде туруп калышат. Дебальцеводогу үйү таптакыр кыйрап калып, кийин аларга көп кабаттуу үйдөн батир бөлүп берилет. Бара-бара турмуш калыбына түшө баштайт. Катя он бешке толгондо Донецкиге көчүп келип, ал юридикалык окуу жайга өтөт. Быйыл жазда диплому колго тиймек, эми кырдаал кайра курчуп кетпедиби. Катянын ата-энеси Красногорскиге автобус жөнөп жатканын капыстан угуп калып, кызын жөнөтүп өздөрү үйдө калышат.
"Азыр менин карамагымда он эки жашар Римма бар (жашы жете элек кыздын аты өзгөртүлүп берилди — ред.). Үй-бүлөлүк катышыбыз бар. Бул жакта бири-бирибизге жөлөкпүз", — деп жылмаят кыз. Анын атасын да армияга алышкан. Акыркы жылдары атасы төшөктөгү чоң энесин карап, ал эми апасы үй-бүлөнү багыш үчүн бир нече жумушта иштечү. Катя үйүн сагынат, бирок Россияга көчүп кетүүнү самайт. "Бизде келечек бүдөмүк. Ал эми менин пландарым арбын... Меникилер эч нерсеге муктаж болушпаса дейм", – деген тилеги бар экенин айтат.
© Фото / Мария МарикянКатя менен Римма
Катя с Риммой - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.03.2022
Катя менен Римма

"Коркпой деле калгандайбыз"

Коңшу Енакиевонун да жашоочулары катуу жабыр тарткан. 2014-жылдын экинчи сентябрында сегиз жаштагы Андрей Дмитриев үйү тарапты көздөй келе жатканда дүрмөт кулайт. Подъездге чуркаганга үлгүрбөй калат.
"Сыртка атып чыгып, бир жагымда буту үзүлүп кеткен тааныш аял, бир тарабымда канга боёлуп Андрюшам жатканын көрдүм", — деп эскерет көзүнө жаш алып энеси Лина, — Элдик кошуун келип, тез жардам чакырышты".
© Фото / предоставила Лина ДмитриеваАндрей операциядан кийин. 2014-жыл
Андрей после операции в 2014 году - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.03.2022
Андрей операциядан кийин. 2014-жыл
Андрейдин ар кай жерине дүрмөттүн сыныктары тийген. Омурткасына да тийип, тизеден ылдый шал кылып кеткен. Тестиер балага ондон ашуун операция жасалган. Бала майыптык коляскада, ал эми көп кабаттуу үйдө лифт жок. Акыры Дмитриевдердин үй-бүлөсү жер үйгө көчүшөт. Линанын жолдошун да армияга чакыртып, өзү эки баласын бооруна кысып "Созвездие" борборуна келет. Азырынча Г.Н.Сперанский атындагы шаардык клиникалык ооруканада Андрейдин жанында. Баланын жамбаш-кашка жилик сөөгүндө көйгөй бар. Операция жасоодон оболу дарыгерлер анын абалын жакшыртуу менен алпурушуп жатышат.
"Мындай дасыккан нейрохирургдар бизде жок. Ошондуктан кандай болсо да бул жакта көпкө кармалат окшойбуз. Бирок, албетте, үйгө кайткыбыз келет. Жерибизди, айрыкча Мариуполду ойлоп сарсанаабыз: туугандарыбыз, тааныштарыбыз бар. Азырынча кабар жок", — деп үшкүрүнөт Лина.
© Фото / предоставила Лина ДмитриеваАндрей №9 Г.Н. Сперанский атындагы балдар клиникалык ооруканасында
Андрей в ДГКБ № 9 имени Г. Н. Сперанского - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.03.2022
Андрей №9 Г.Н. Сперанский атындагы балдар клиникалык ооруканасында

"Бизди эсепке кошушпайбы?"

Донецк жана Луганск эл республикаларына диверсиялык топтор кирип турган. "Бул жакка келердин алдында эле эки өспүрүмдү кармадык. Улуусу 17, кичүүсү 14тө экен. Зым тартып, маячокторду коюп жүрүшкөн", — дейт он сегиз жаштагы горловкалык Павел (өзүнүн өтүнүчү менен ысымы өзгөртүлүп берилди — ред.).
"Бир жолкусунда балдар менен топурак алдында калып, үстүнө чөп да өсүп кеткен баштыкты байкап калдык. Жанында гранаталар бар экен, жакын жердеги аскердик бөлүккө кабарладык. Алар дароо тегерегин курчап, зыянсыздандырышты. Ал эми 2017-жылы үйлөргө антенналар салынган пакеттер илинип, кийин дал ошол үйлөргө снаряд ташталчу. Ушул жорукка барган аялдарды да кармачубуз", — деп кебин улайт жаш жигит.
© Sputnik / Илья Питалев / Медиабанкка өтүүВолновахский районунун Новотроицкий айылынын жолундагы миналар тууралуу эскертүү
Освобожденное село Новотроицкое в ДНР - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.03.2022
Волновахский районунун Новотроицкий айылынын жолундагы миналар тууралуу эскертүү
Жергиликтүү элге минага каршы коопсуздук эрежелери тынбай үйрөтүлөт. Бирок ага карабастан курмандыктар көп, негизинен балдар андайга кабылат. Павел 2018-жылы ок деп ойлоп жерден ала коюп, жардыргыч сол билегин жулуп кеткен. Жардыргычтын сыныктары да тийип, бир көзү көрбөй калган. "Созвездие" борборуна мурун да келип, реабилитациядан өтүп кеткен эле. Бир нече жылдан кийин кайрымдуу демөөрчү табылып, бул сапар бионикалык протез койдурууга келген. Горловкада достору бар, шаарды Украинанын Куралдуу күчтөрү аткылоосун дале токтотуша элек.
Павелдин апасын да 2014-жылы кудай бир чоң сактаган. Нан сатып келүүгө чыгып эле жааган октун алдында калган. "Ошол күнү 27 киши набыт болгон. Кудай жалгап, апам аман-эсен", — деп шүгүр келтирет жаш жигит.
© Sputnik / Илья Питалев / Медиабанкка өтүү

Горловкадагы турак үйгө снаряд тийгенден кийинки абалы

Горловкадагы турак үйгө снаряд тийгенден кийинки абалы - Sputnik Кыргызстан
1/3

Горловкадагы турак үйгө снаряд тийгенден кийинки абалы

© Sputnik / Илья Питалев / Медиабанкка өтүү

Горловканы аткылоодо жабыркаган үй. Эл үйдү бойлоп басып баратат

Горловканы аткылоодо жабыркаган үй. Эл үйдү бойлоп басып баратат - Sputnik Кыргызстан
2/3

Горловканы аткылоодо жабыркаган үй. Эл үйдү бойлоп басып баратат

© Sputnik / Илья Питалев / Медиабанкка өтүү

Горловкадагы жабыркаган мектеп

Горловкадагы жабыркаган мектеп - Sputnik Кыргызстан
3/3

Горловкадагы жабыркаган мектеп

1/3

Горловкадагы турак үйгө снаряд тийгенден кийинки абалы

2/3

Горловканы аткылоодо жабыркаган үй. Эл үйдү бойлоп басып баратат

3/3

Горловкадагы жабыркаган мектеп

Ой-санаасы армияга алынган агасында. Баары жаңыдан башталган убакта Иловайскидеги кармаштарга катышып, көзүнөн жараат алган.
"Кечки алтыларда эч нерсе көрбөй калат. Муну эске алып, аны кан күйгөн жерге жиберишпегендир деп ишенип турабыз" – дейт Павел. Үйүнө тезирээк кайткысы келет. Горловкадан жер которуп кетүү оюнда да жок.
© Фото / Мария МарикянТатьяна жана Эвелина
Татьяна и Эвелина - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.03.2022
Татьяна жана Эвелина
Тынчый түшкөн убакты Донецкиден келген Татьяна да күтүп жатат. Кызы Эвелинанын да тубаса шал оорусу бар. Совет убагынан бери эле көп батирлүү үйдө турушат. Жер төлөсү бар, бирок жабдылган эмес. "Эгер жарылып, урандылары басып калса, ошол жакта калдың дей бер. Бирок башка коопсуз жайга чуркоо да кооптуу. Анан да кызым менен кантип чуркамак элем?" – дейт ал.
Далиске тура калып, жан сакташат. Документ, эң зарыл буюмдар салынган чемодан дайым кире бериштин эң көрүнүктүү жеринде турат.
"Азыр Украинада азап тарткан энелер менен балдарды көрүп, жүрөк тилинет. Биз андайды сегиз жылдан бери башыбыздан өткөрүп келебиз. Бизди эсепке алышпайбы? Эмнеге биздин энелер, балдар окко учуп жатышканда баары үн каткан эмес?" — деп суроо салат Татьяна.
Донецк жана Луганск эл республикаларынан келгендер жагдай турукташып, саламаттыгы жакшырып калганча гана аталган реабилитациялык борбордо болушат. Анткени өз үйлөрүн таштап кеткилери да жок. Эч болбосо, балдар жай турмушту көрөр күн келет деп ишенишет.
Украиналык аскер - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.03.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Лондон украиналык аскерлерди даярдыктан өткөргөнүн тастыктаган документ табылды
Жаңылыктар түрмөгү
0