Этнограф Капалбаев: кыргыздар атасы тирүү болсо 60 жашта да сакал койгон эмес

© Sputnik / Асель СыдковаЭтнограф, тарых илимдеринин кандидаты Октябрь Капалбаев
Этнограф, тарых илимдеринин кандидаты Октябрь Капалбаев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.04.2022
Жазылуу
Аялдардын кийинүү стили, модасы тууралуу башынан эле айтылып-жазылып келсе, эркектердикине анчейин көңүл бурулбагандай сезилет.
Бирок кыргыздын каада-салтын, жашоо эрежесин каза келсек, мырзалардын жүрүм-турумунан тарта кийген кийими, керек болсо койгон сакалынын да маани-маңызы болгонун тарыхчылар айтып келет.
Sputnik Кыргызстан агенттигинде кыргыз элинин байыртадан бери келе жаткан сакал коюу маданияты тууралуу кеп болду. Мейманга этнограф, тарых илимдеринин кандидаты Октябрь Капалбаевди чакырган элек.
— Кыргызда сакалдын мааниси туурасында айтсаңыз?
— Баатырдык доордо жаралган байыркы элбиз. Биздин заманга чейин Х кылымда кыргыздар кытайларга гуманитардык жардам көрсөткөндүгүн кытай тарыхчылары таап чыгып, бизге тартуулоонун алдында турат. Бул жаатта тарыхчыларыбыз да иштеп жатат. Бизди ошол доордон бери эле кыргыздын баатыры, эр адамы кандай болгондугу боюнча маселе түйшөлтөт. Технология канчалык өнүкпөсүн буюккан мезгилде башатыбызга, элибиздин тарыхына кайрылып жатабыз. Батыш элдеринин да өз маданиятын, түпкү башатын жоготуп алып көрүнгөн тоого урунуп жатканы да ошондон. Сакал дегенде Манас баштаган биздин баатырлар, Чубак, Сыргак, кечээки жунгарлар хандыгында, калмактардын жапырыгында кыргызды коргоп калган Эр Эшим, Хан Садыр, Эсенгул баштаган аталарыбыздын сакалдары болгон. Бирок булардын баарынын эрежеси, маданияты бар. Кыргызда атасынын көзү тирүү эр адам канча жашка чыкса да сакал койгон эмес. Бул сый-урматтын белгиси болгон. 60 жаштагы кишинин сакалы жок болсо "ии, бул кишинин атасы тирүү турбайбы, кандай жакшы" деп суктанышкан. Кыргыздын кийими, келбети, койгон сакалы да ал киши тууралуу толук маалымат берип турган. Азыркыча айтканда QR код болгон. Ошол себептен сакал коюуга астейдил мамиле жасап келген.
© Sputnik / Асель СыдковаОктябрь Капалбаев: сакал койгон адам аксакалдыкка кайсы бир деңгээлде даярданып калганын билдирген. Сак — деген куштун канатын билдирет.
Этнограф, кандидат исторических наук Октябрь Капалбаев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.04.2022
Октябрь Капалбаев: сакал койгон адам аксакалдыкка кайсы бир деңгээлде даярданып калганын билдирген. Сак — деген куштун канатын билдирет.
— Бүгүнкү күндө жыйырмага чыга элек жаш жигиттер деле жапырт сакал коюп баштады го...
— Азыр биздин массалык түрдө сакал койгонубуз диний ишенимдерге байланыштуу болуп калды.
Кыргызда сакал жана бакал деген да түшүнүк бар. Сакалды койгондо ээкке чокчо кылып койгон. Ал эми жаакта өскөнүн бакал дешкен. Аны кырып турушкан. Албетте, өз көз карашына, табитине жана генине жараша багжайган сакалдуулар деле болгон. Ошол эле Сагымбай атабыздын, Эшмамбет акындын да сакалы багжайып жайылып өскөн. Мына ушундай сакалы жайылып өскөн кишилерге гана бакалын да өстүрүүгө уруксат болгон.
Сакал койгон адам аксакалдыкка кайсы бир деңгээлде даярданып калганын билдирген. Улгайып калган адам эле аксакал боло албайт. Сак — деген куштун канатын билдирет. Улгайганда куштун канатындай ак кирген сакал ээк ылдый бүтөт.
Кыргыздын түшүнүгүндө дөөлөт жана сөөлөт маселеси бар. Дөөлөт адамга байлык, бийлик менен келе берет. Ал эми сөөлөт деген оңой менен келбейт. Сөөлөт — бул ырым-жырым, каада-салт, жүрүм-турум, элге жасаган мамиле менен келет. Азыркы тилде айтканда, бул "авторитет". Сөөлөттүү адам ой келди сүйлөп, ыгы жок тамашалашпайт. Ал улуу-кичүү, кыз-келин, дос-тамыр менен теңтуш болбойт. Кадимки сакал да ошондой нерселерде жарашып, сөөлөт берген касиетке ээ.
Бакдөөлөт коомдук фондунун жетекчиси, кыргыз таануучу Мелис Мураталиев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.06.2021
Эл качан бузулат? Салт менен кааданын айырмачылыгы тууралуу маек
— Эмне себептен атасы тирүү киши сакал койгон эмес?
— Баарыбыз ислам дининин ханафий масхабындабыз. Анын 6-өкүм буйругунда "салтыңды карман" деп жатат. Биздин салтыбыз динге эч кандай каршы келбейт, тескерисинче, туура келет. "Ата сакалы ээгине бүтүптүр" деген маселе бар. Кыргыз арбакты сыйлаган. Ата-бабалар деле өлүм чыккан үйдөн мал сойгон эмес экен. Себеби өлгөн адамдын арбагы тиги дүйнөгө өтүп кетпей үмүт этип келе бербесин деген ниет болгон. Биздин түшүнүгүбүздө арбактан абдан коркобуз, "кыйналып жатканда мага жардам берет" деп ишенебиз. Ошол себептен жети күнгө чейин идиштерин калдыратып көмкөрүп коюшкан. Уулу да сакалына жети күн устаранын мизин тийгизген эмес. Ал "аска-зоом кулады, мен эми өзүм атамын" деген белги болгон. Бүгүнкү каада-салтыбызды билбегендер "шыпыргыны тигинен койсо, босогону кулачтаса, колду бөйрөккө алса эмне болот" деп шылдың кылып жатышпайбы. Бул жашоо эрежеси болгон. Кыргыз аны жөн эле "жаман болот же болбойт" деп түшүндүрүп койгон.
Көрсө мунун артында чоң тарбия, адеп бар экен. Бөйрөктү таянсаң, текеберликти, башкаларды сыйлабастыкты, бирөөгө кыр көрсөткөн бейадептикти билгизип калат турбайбы. "Үйдөн тырмак алба" дегени тазалыкка чакырганы да. Кыргыз көп сүйлөгөндү жаман көргөн, үйдөгү буюм-тайымы, сыпаа ишараты менен эле көп нерсени билдирип койгон экен. Бүгүн баарыбыз эле сүйлөп, укканды жактырбай калбадыкпы. Элечекти да турмушка чыга элек жаш кыздар кийип жатышат. Анын да сакалга окшоп даражасы жогору. Ага чейин жаңы келин экини төрөгүчө жоолук эле салынып жүргөн. Кадыры сиңип, кызматы өтүп анан элечек кийишкен. Кыргыздар илгертеден эркиндик менен адилеттүүлүктү ыйык туткан. Эгемендүүлүгүн сыйлаган адам — өз боюна кам көргөн. Көкүл коюу да чоң мааниге ээ. Азыр көп нерселерди балдарга айтпайт экенбиз. Ошол үчүн ал унутулуп кеткен. Мисал келтирсек да "Сократ антип айткан, Аристотель тигиндей деген" деп батыш менен чыгышты айтабыз. Эмне үчүн Бакай атабыздын акылман кебин, Мойт аке, Сарт акелердин айткандарын үлгү кылбайбыз? Мен бул жерден улутчул болууга чакыруудан алысмын. Бирок адам өзүн, өзөгүн тааныш керек.
— Сиз айтып жаткан улуттук жашоо эрежелердин азыркы заманга керектүүсүн кантип жандандырып, коомго сиңирсек болот?
— Мунун баары үй-бүлөдө тарбиядан башталышы керек. Бизде негизи 12 жашка чейин эркек балдарды эне тарбиялап, шыктандырган. Санжыраны жомок, аңыз катары айтып, "сен тектүү элдин кулунусуң, мына сен да ушундай эрдик кылышың керек" деп чоңойткон. "Ата көргөн ок жонот, эне көргөн тон бычат" деп андан кийин атанын колуна өткөн. Атасы эл-жерди таанытып, каада-салтты үйрөткөн. Биз азыр үйгө киргенди билебиз, бирок чыкканды унутуп калдык. Үйдөн чыгып жатканда жанталашып өзү биринчи чыкпай, аксакалды чыгарган. Антпейбиз, жулунуп сабырсыз болуп калдык. Өсөр элдин акылманы бирөө, баатыры миң. Азыр бизде баары акылман, баатырыбыз бирөө.
© Sputnik / Асель СыдковаОктябрь Капалбаев: кыргызда сакал жана бакал деген да түшүнүк бар. Сакалды койгондо ээкке чокчо кылып койгон. Ал эми жаакта өскөнүн бакал дешкен.
Этнограф, кандидат исторических наук Октябрь Капалбаев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.04.2022
Октябрь Капалбаев: кыргызда сакал жана бакал деген да түшүнүк бар. Сакалды койгондо ээкке чокчо кылып койгон. Ал эми жаакта өскөнүн бакал дешкен.
— Азыр "тең укуктуулук" деп чакырык таштап, бул жагынан батышты мисал кылып жатабыз. Демократия кыргыз элинин каада-салтында болгонбу?
— Демократия кыргыздарда алмустактан бери эле жашап келген. Бизде кыз кишини, аялды эч убакта экинчи орунга чыгарып койгон эмес. Тескерисинче, аялзатынын, эненин орду бийик жана терең болгон. Энелер деле акылын айтып башкарып, бата берип келген. Өз балдарын да кимиси кем тукум, кимиси берекелүү, сөз бакканы, эл бакканы деп сынап жатпайбы. Кыргыздын санжыра тарыхында мындай мисалдар көп. Ушуну менен катар эле эркек менен аялдын жашоо-турмушта да, керек болсо үй ичинде да орду болгон. Кыргыздын салтын, кыйындыгын айтсаң эле бир ууч киши баш ийкебесе калганы артка, байыркы заманга түшүп калчудай тескери сүйлөшөт. Каада-салтты сактай билүү — артка кайтуу эмес. Япон, корей эли салтын сактап да, өнүгүп да жатышат. Ал эми өзүнүн баалуулуктарын, идеяларын, музыкалык аспаптарын жоготуп койгондор ааламдашуу деген нерсени баштап койду.
Өз улутун жерип, делбетап болуп кеткендер да бар. Аларды жаман көрүп, сөөмөй кезегенге да болбойт. Диний көз караштардын айынан далай бир туугандар бири-бирин кырып, канчалаган эл тарых барактарынан эскерилбей сызылып, жоголуп кетти. Андан көрө бири-бирибизди угалы, ынтымакташалы. Кыргыз сөздү уккан, баалаган эл болгон. Кезинде идеялар бириккенде империяларды курганбыз, бүгүн, тескерисинче, кокту-колотко бөлүнүп ирип жатабыз. Элибизде абдан акылдуу, көсөмдөрүбүз көп, ошону карманып биригишибиз керек. Антпесе мамлекетти жоготсок, келечек муун абийир сотунда соттойт.
— Идеалдуу кыргыз эркеги кандай болгон?
— "Манас" эпосунан башка жерден кыргыз эркегинин идеалын көп көрө албайсың. Мисалы, Курманбекти ала турган болсок, ал атасынын айтканына каршы чыгып, каргышын алып жатат. Ушундай жагдайлар көп. Азыр жаш балдар кекчилдикти, жемин жедирбей өч алууну мыкты сапат дешет. Кыргызда андай болгон эмес да. "Атаңды өлтүргөнгө энеңди алып бер" деген кеп бар. Мында "ошол атасыз калган беш–он баланы багып, үйлөнтүп-жайлантуу милдетин ошол киши алсын" деген маани жатат. Бул оңой эмес жүк да. Ошону тиги мойну менен тартсын дегени. Негизи адамдын калыптанышына, улутка акын-жазуучулар да көп таасир этет. Айтматовдун чыгармаларында деле идеалдуу эркек жок. Танабайды алсак деле үй-бүлөлүк баалуулуктарга келгенде өз кемчилиги бар киши. Кыргыз ойлонуп, акыл-калчап сүйлөп, жашоо эрежелерине баш ийген. Кыздарды да "акырын күл, бутту жыйнап отур" деп боюн, өзүн сымбаттуу, тартиптүү алып жүрүүнү үйрөткөн. Азыр кыздарга да "оюңдагыны айт, каалаганыңды жаса" деп жатабыз.
Сенин сөзүңдү он адамдын ичинен бир гана адам оюна илиши мүмкүн, ал эми баскан-турганыңды он адам тең көрөт. Ошондон улам аксакалдар да өз наркы менен карыса дегим келет. Бизде көсөлөр менен кошо сакал койгондор, көгала сакалдар да бар. Бирок аксакал болуп, татыктуу карыш өтө кыйын. Аксакал — жол башчы, элге дем боло турган оозунда кеби бар инсан. Анын назарына калып калбайлы деп жолун эч ким тооруган эмес. Батасын алууга ашыгышкан. Анан ар кайсыны дөөрүп турган кишини кантип аксакал дейт.
Аксакал небереси менен. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.04.2022
Чал да, мастан да — карыя, баарынын өз орду бар. Кыргыз таануучунун түшүндүрмөсү
Жаңылыктар түрмөгү
0