Боевая работа САУ Малка артиллерийских подразделений ЦВО на Авдеевском направлении - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

Спортчу эле. Украинада курман болгон Исламжон тууралуу эмне белгилүү. Видео

© Фото / предоставлено Ибрагимжоном КамбаровымУкраинадагы атайын операция учурунда курман болгон Кыргызстанда туулган Исламжон Камилов
Украинадагы атайын операция учурунда курман болгон Кыргызстанда туулган Исламжон Камилов  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.04.2022
Жазылуу
Маркум мектепти бүткөндөн кийин 2019-жылы Россиянын Самара облусуна барган.
БИШКЕК, 19-апр. — Sputnik. Кыргызстанда туулган Россиянын жараны Исламжон Камилов Украинадагы атайын операция учурунда курман болду. Анын 5-апрель күнү Луганск Элдик Республикасында снаряд жарылып көз жумганы айтылды. Тогуз күндөн кийин 20 жашка чыкмак эле.
Кыргызстанда туулган Россиянын жараны Исламжон Камилов
Атасы Ибрагимжон Камбаровдун айтымында, ал Россияга жогорку окуу жайга тапшыруу ниети менен барган.
"Карантинден улам онлайн тапшыруу кыйын экен деп суши-барда иштеп жүргөн. Окуусу болбой калып, аскерге барып келейин деген. Өзү спортчу эле, аскердик кызматтарга кызыкчу. Ошон үчүн барды да. Өзүм Россиянын жаранымын, көп жыл иштеп келгем. "Ата, мага да жарандык алып бериңиз, кыйналбай иштейин" деген. Анан "аскердик билет алсам жакшы иштерге кирсем болот экен" деп армияга кетти. Ал жакта жүргөндө кызыгып дагы бир жылга келишим түзүп алыптыр", — деди Камбаров.
Ошондой эле ал баласы Белгород шаарында Мотоаткычтар бригадасында кызмат өтөгөнүн айтты. Өткөн жылы эмгек өргүүгө чыкканда келип бир ай жүрүп, 23-декабрда кайра кеткен.
© Фото / предоставлено Ибрагимжоном КамбаровымПогибший во время спецоперации на Украине уроженец Кыргызстана Исламжон Камилов
Погибший во время спецоперации на Украине уроженец Кыргызстана Исламжон Камилов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.04.2022
"Жакшы кызматтар бар экен, баары мыкты, ата сизге да жардам берем деп сүйүндүргөн эле. Балам Луганскиде болуптур, кээде байланышка чыгып турган. "Мен тынчмын" деп койсоң эле болду, дайыныңды билдирип тур" дегем. Анан эле беш-алты күн байланышпай калды. Ошентип балабыздан айрылып калдык", — деп муңайды маркумдун атасы.
Исламжон Каримов үч бир туугандын улуусу болчу, иниси 18, карындашы 12 жашта. Ата-энеси учурда Кара-Дарыя айылында жашайт.
Белгилей кетсек, Украинадагы атайын операция учурунда буга чейин теги кыргызстандык Эгемберди Дорбоев менен Рустам Зарифулин каза таап, сөөктөрү мекенинде жерге берилген.
Украинадагы атайын операция учурунда курман болгон теги кыргызстандык Рустам Зарифулиндин сөөгү бүгүн Кара-Балтада жерге берилди. - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.03.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Жалгыз уулубуз эле... Украинада курман болгон Зарифулиндин атасы видеодо
Жаңылыктар түрмөгү
0