Спецоперация России по защите Донбасса - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

Россияга коюлган блокада эмнеге кептейт? Ой толгоо

© Sputnik / Владимир Астапкович / Медиабанкка өтүүРоссиянын желегин көтөргөн жарандар. Архив
Россиянын желегин көтөргөн жарандар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.04.2022
Жазылуу
Салгылаш салгылашы менен, бирок Россияны согуш талаасында жеңүүгө мүмкүн болбогондуктан, аны алсыратуунун бир ыкмасы сыналууда.
Экономикасы токтоп, башаламандык өкүм сүрүп, бийлиги алмашып, башкача айтканда, багынтып алгыдай күч менен сырттан экономикалык кысым көрсөтүлүп жатат. Серепчи Петр Акоповдун экономикалык блокада тууралуу макаласы РИА Новости сайтына жарыяланган.
Батышта буга басым жасап жаткандарын деле жашырбай калышты, бирок ала кушту атынан атаган оң. Маселе Украинадагы согуштук аракеттерди токтотууга үндөгөн санкцияларда эмес, кеп Россияны кыйратууга жалпылап киришкендеринде. Россияга каршы чаралар — аны жеңүүгө багытталган блокада.
Федерация кеңешинде сөз алган биринчи вице-премьер Андрей Белоусов: "Геосаясий каршылаштарыбыздын көздөгөнү – Россияны дүйнөлүк экономикадан болушунча обочолонтуу. Экономикалык тутумубузду солгундатып, кыйроо процессин баштатууну көксөшөт. Маңызында Россияга төрт шакекчеден турган глобалдык блокада уюштуруу далалаты башталды", – деди.
Ал бул төрт шакекчени — каржы, соода, транспорт жана гуманитардык кысымдар деп мүнөздөйт. Анын айтымында, бул: каржылык рынокторго жолду бөгөп, каржылык эсептерден четтетип, россиялык негизги банктарды мыйзамдан тыш калтырып, тышкы соода байланыштарын үзүп, экспорттук дараметти болушунча чабалдатып, Россияны эң маанилүү товар жана тейлөө боюнча импорт булактарынан ажыратып, эң зарыл транспорттук коммуникацияны бөгөттөп, адамдар ортосундагы байланыштарды үзүп, илимий, маданий жана билим берүү чөйрөлөрүндөгү баарлашууну толук токтотууну камтыйт. Анткен менен Батыш бир нерсени эске албаптыр. Дүйнө өзгөрдү, эми ал англосак глобалисттердин көзөмөлүндө эмес.
"Мындай блокаданы толук түзүү — чоңдугу боюнча экономикасы дүйнөдө алтынчы саптагы Россияны глобалдык экономикалык системадан обочолонтуу мүмкүн эмес", — деп билдирди РФтин биринчи вице-премьери. Анын баамында бир жарым айдагы окуялар бул жөнүндө таасын тастыктап турат.
Чындап эле апта башында РФ президенти Владимир Путин "Дүйнө бүгүн кансыз согуш шарттарынан да татаал, ал кезде эки бөгөт менен баарын жаап коюуга болот эле. Бүгүн аалам татаал, мындай татаал дүйнөдө бир өлкө өзүнүн толук үстөмдүгүн сактап кала албайт. Каалганын баарын, терезелерди бүт эч ким жаап коё албайт. Заманбап дүйнөдө эч кимди, Россия өңдүү үлкөн өлкөнү таптакыр обочолонтуу дегеле мүмкүн эмес. Ошол себептен биз менен өз ара кызматташкысы келген өнөктөштөр менен иштешебиз", — деген эмес беле.
Бош текчелери менен дүкөндө адам. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.04.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Кыйноо болду. Улуу Британия ишкерлери кымбатчылыкка нааразы
Соңку тарыхта 90-жылдары Иракты катуу бөгөттөөгө аракет кылышкан. Болгондо да ага БУУнун, башкача айтканда, бүт дүйнөлүк санкциялар салынган. Ошондой эле аракет акыркы жылдары Түндүк Кореяга карата жасалып, бирок эки учурда тең өлкөлөр санкциялардан жылчык таба алышканы маалым.
Турмуш деңгээли начарлай түшкөнү менен Иракта бийлик алмашкан эмес. Ал үчүн 2003-жылы таптакыр мыйзамсыз америкалык интервенцияга барышкан.
Корея элдик-демократиялык республикасы эбактан тарта жабык, дээрлик толугу менен өзүн-өзү (жупуну болсо да) каржылаган өлкө, бирок аны акыркы убакта купуя жана анчалык деле жашырбастан Кытай колдоодо.
Ал эми Россияга келсек, кеп жалпы да эмес, батыштын санкцияларында. Ооба, Батыш россиялык валюталык активдердин үчтөн экисин тоңдурду. Бирок Европа россиялык энергетикалык ресурстар менен жабдуудан баш тарта албайт. Бирдиктүү Батыштын колунан келгени – Россияны жогорку технологиялардан четтетип (алардын экспортуна тыюу салып), дүйнөнүн башка бөлүгү менен тышкы сооданы кыйындатып, транспорттук компания жана камсыздоочуларды санкция менен опузалоо. Калганы – текке кеткен түйшүк.
Россиялык мунай, көмүр, негизгиси көгүлтүр от сатып алуудан баш тартышса, башка өлкөлөргө сатылат. Россиялык башка товарлардын экспорту деле ушундай болору бышык. Бюджеттин кирешесинде кээ бир утурумдук жоготуулар болору ырас, бирок өлкөнүн өнүгүшүнө бөгөт боло албайт. Россияны чектөөлөргө калган дүйнөнү да кошуп алуу аракетинен майнап чыккан жок. Бир жарым ай көндүрө алышкан эмес.
Россия Федерациясын Адам укуктары боюнча кеңештен чыгаруу боюнча БУУнун Башкы ассамблеясындагы добуш берүү бул өңүттөгү эң көрүнүктүү окуя болду. Эске салсак, 7-апрелде РФтин адам укуктары боюнча кеңешиндеги иши токтотулду. Бирок кеп ким жана кантип добуш бергенинде. Айрыкча ошол эле Башкы ассамблея тарабынан 2-мартта кабыл алынган антироссиялык "Украинага каршы агрессия" резолюциясына салыштырсак, экөөнүн тең алдында Батыш үчүнчү өлкөлөргө (аларга гана эмес), маселен ошол эле Сербияга кысым кылышкан. Муну кийин президенти Вучич айтып чыкпадыбы.
2-марттагы алгачкы резолюция натыйжада 141 өлкө тарабынан кабыл алынган. Россия менен бирге болгону беш өлкө каршы, 35 калыс добуш берип, дагы 12 мамлекет катышкан эмес. Башкача айтканда, 51 өлкө өз алдынчалыгын көрсөтүп, Батыштын кысымына туруштук берген. Албетте, арасында Кытай жана Индия сымал негизги өлкөлөр да бар, бирок баары бир азчылык. Анткен менен Россияны айыптоого добуш берген 141 мамлекеттин баары эле санкцияларга кошулгусу жок. Резолюцияны колдоого аргасыз болгон Сербияны айтпаганда да Түркия, Мексика, Бразилия жана Аргентинаны эле атасак жетиштүү болор. Бирок баары бир жалпы көрсөткүч РФтин пайдасына эмес экени айкын.
РФтин Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Дмитрий Медведев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.04.2022
Медведев: Финляндия менен Швеция НАТОго кирсе чек араны бекемдөөгө туура келет
Ал эми 7-апрелде эмне болду? Адам укуктары боюнча кеңештен РФти чыгарууга 93 өлкө макул, 24ү каршы, ал эми 58 өлкө калыс (же катышкан жок) болду. Башкача айтканда, жагдай акырындап алмашууда. Россия менен бирге мурдагы советтик республикалар гана тургай, Иран, Алжир, Эфиопия, Вьетнам, Боливия, Конго жана Кытай да каршы добуш берди.
Калыс добуш берген мамлекеттердин тизмеги да кызык (алар бул кырдаалда Батышты колдоодон баш тартканы катары кабылданат) — Латын Америкасы (Бразилия менен Мексика), Индия жана өзгөчө мааниге ээ болгону – дээрлик бүтүндөй ислам ааламы (Египет, Сауд Аравиясы, Пакистан, Индонезия, Малайзия, Катар жана башкалар). Башкача айтканда, 93кө каршы 82 (калыс добуш бергендерди да кошо эсептегенде), бирок өлкөлөрдүн салмагына карасак, батыш блогу тарапта негизинен Африка менен Латын Америкасынын жана дээрлик бүтүндөй Океания өлкөлөрү колдогон. Арасында Азия дээрлик жок, ал эми Россияга каршы добуш берген Түркия эч кандай блокадага катышкысы жок.
Башкача айтканда, дүйнө көз алдыбызда өзгөрүп, англосактар Россияны обочолонтууга дале үмүттөнүшөт. Анан калса кабыл алынган санкциялар (өзгөчө россиялык активдерди тоңдуруу) Батыштын өзүнө катуу жана орду толгус залал берди.
Топтоо жана эсептешүү каражаты катары Батыш валюталарына болгон ишенимди биротоло кетирди. Ооба, алардан арылуу процесси бат жүрбөйт, бирок батышка кирбеген держава жана аймактык бирикмелер үчүн сөзсүз аткарыла турган иш болуп калды.
Айтмакчы, Россияны мурда да бөгөттөөгө аракет кылышкан. Кылымдан ашуун мезгил мурун, тагыраагы, 1919-жылдын октябрында. Анда Антанта Россияга толук блокада киргизген. Россияда да кырдаал кескин оор, жарандык согуш жүрүп, большевиктер өлкөнүн чоң бөлүгүн көзөмөлдөй албаган кез эле.
Ошондо деле блокада жабырката алган эмес. Большевиктер борбор шаарларга коркунуч туудуруп турган Юденич менен Деникиндин күчтөрүнүн мизин кайтарышкан. Ал эми Европада эл Россиянын камсыздоосу кыскаргандыктан баа өсүп, экспорттун азайышынан улам жумушсуздук күч алганына нааразы боло баштаган. Анан да Германия блокадага кошулган эмес.
Үч айдан соң ал натыйжасыз деп, бир жыл өтпөй Россия Англия менен соода келишимин түзгөн. Ал эми бир нече жылдан кийин Россия Батыштын соодасы толук кандуу жүрө баштаган. Эгер Россия ошол доордо чектөөлөргө туруштук бере алса, азыр да моюн бербейт. Себеби өлкөнүн абалы, дүйнөдөгү кырдаал да жүз жыл мурункуга караганда таптакыр айырмаланат.
Батыш Россияны "муунтууга" аракетин токтотпогон сайын дүйнөдөгү өз позициясына доо кетире берет. Геосаясий жактан да, экономикалык жактан да блокаданы бир нече жылга созуп тура албайт. Улам курчуп бараткан ички көйгөйлөрүнүн айынан алардын чолосу деле тийбейт. Кыязы тарыхый тажрыйба сабак боло албаган өңдүү...
Брюсселдеги Европарламенттин штаб-квартирасында аял. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.04.2022
Европа согушка аттанууда. Ой толгоо
Жаңылыктар түрмөгү
0