Батыш санкциялары ЕАЭБге кандай таасир тийгизүүдө? Кесепетин жоюу аракети

© Пресс-служба правительства / Сабыр АильчиевЕАЭБ мамлекеттерин желектери. Архив
ЕАЭБ мамлекеттерин желектери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.04.2022
Жазылуу
Россиянын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Михаил Евдокимов учурдагы кырдаал Россия менен ЕАЭБ, КМШ аркылуу өнөктөш мамлекеттерге кандай көлөкө түшүрүп жатканын жана коргонуу жолдору тууралуу маек курду.
БИШКЕК, 14-апр. — Sputnik. Батыштын Россияга карата акыркы айларда жарыялаган бир тараптуу, мыйзамсыз санкциялары ЕАЭБге мүчө мамлекеттерге дагы таасирин тийгизбей койгон жок. Бул тууралуу Россиянын Тышкы иштер министрлигинин КМШ өлкөлөрүнүн биринчи департаментинин башчысы Михаил Евдокимов РИА Новости агенттигине берген маегинде айтты.
"Бир нече жылдан бери чогуу келе жаткан биздин биримдик дүйнөлүк экономикадагы кризистик кырдаалдардын кесепетин жоюуга алы жетерин коронавирус пандемиясы учурунда далилдеди. Ошол эле мезгилде Россия бир нече жылдан бери санкциялар шартында жашап келе жаткандыктан ага ыңгайлашып, айыл чарба товарларынын негизгилери боюнча өзүн-өзү камсыздоого жетишти. Бирок Батыштын Россия менен Беларуска карата акыркы айларда жарыялаган бир тараптуу, мыйзамсыз санкциялары бирдиктүү рынок жана экономикалар тыгыз байланышта болгон ЕАЭБге мүчө мамлекеттерге дагы таасирин тийгизбей койгон жок", — деди Евдокимов.
Мындан улам ал өнөр жай жана агроөнөр жай тармагындагы биргелешкен долбоорлор ого бетер актуалдуу болуп баратканын айтты.
"Евразия экономикалык комиссиясы бул маселеде өлкөлөргө чоң жардам көрсөтүп, ар кандай келечектүү долбоорлорду ишке ашыруу боюнча сунуштарды даярдап жатат. Өз ара эсептешүүдө улуттук валюталарды кеңири колдонуу жана доллардан баш тартууга көңүл бурулууда. Анын үстүнө Батыш Россиянын финансы системасына чектөөлөрдү киргизгенге чейин эле ЕАЭБ өлкөлөрүнүн өз ара эсептешүүсүндө улуттук валюталардын үлүшү 70 пайыздан ашкан", — деди ТИМ өкүлү.
Ошондой эле Евдокимов ЕАЭБге мүчө мамлекеттерге россиялык энергия булактарын азыркыдан дагы көбүрөөк көлөмдө алууну кааласа, маселени талкуулоого РФ даяр экенин кошумчалады.
Брюсселдеги Европарламенттин штаб-квартирасында аял. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.04.2022
Европа согушка аттанууда. Ой толгоо
Мындан тышкары, ал ЕАЭБ эч качан өз алдына башка өлкөлөр менен биригип, кеңейүү максатын койбогонун айта кетти.
"Биздин өлкөлөр экономикалык интеграцияны тереңдетүүнү биринчи максат кылышат. Соңку жылдары биримдик менен иштешүүгө кызыкдар болгондор КМШдагы өнөктөштөрүбүз арасынан гана эмес, алыскы чет өлкөлөрдөн дагы чыгууда. Буга байланыштуу ЕАЭБ диалогдук өнөктөштүктү абдан колдойт", — деди Евдокимов.
Жетекчи ЕАЭБге байкоочу же мүчө катары кирчү талапкерлер КМШдагы эң жакын коңшуларынын ичинен эле болушу мүмкүн экенин кошумчалады.
КМШ демекчи, ТИМ өкүлү Батыштын санкциялары бул биримдикке кандай таасир этип жатканына дагы токтолду. 
"КМШнын алкагында интеграциялык процесстерди бузууга умтулуулар болууда. Ошондуктан шериктештикке кирген өлкөлөр коопсуздукту камсыздоого катуу басым жасашыбыз керек. Тагыраагы, аскердик чөйрөдө кызматташуу механизмдерин өнүктүрүү, КМШ өлкөлөрүнүн абадан коргонуусунун бирдиктүү тутумун түзүү сыяктуу иштер жасалышы керек", — деди ал.
Азыркыдай шартта КМШнын алдында тышкы чек ара линияларын бекемдөө тапшырмасы турганы дагы айтылды.
"Бул нерсе азыр анча маанисиздей элес калтырышы мүмкүн, бирок коркунуч эч жакка жоголуп кеткен жок. Афганистандагы кардиналдуу өзгөрүүлөрдөн кийин тышкы чек араны бекемдөөгө олуттуу себептер пайда болду. Бул өзгөчө Борбордук Азия чөлкөмүнө тиешелүү. Ошондой эле АКШнын КМШга өз стандарттарын тынымсыз таңуулоосу, өзгөчө аскердик планда жайгашып алууну каалап жатканы Россия үчүн эч пайдасы жок", — деп айтылат маекте.
Сөзүнүн соңунда Евдокимов КМШда коопсуздуктун механизмдерин заманбап реалдуулукка ыңгайлаштыруу үчүн Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюму жана Шанхай кызматташтык уюму менен байланыштарды күчөтүүнүн маанилүү экенин кошумчалады.
Армянскидеги РФтин куралдуу күчтөрүн аскердик техникасын колоннасы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.04.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Донбасс үчүн чечүүчү салгылаш. Аскерий сереп
Жаңылыктар түрмөгү
0