Медициналык реформа: айрым ооруканалардын имараты КММА менен ОшМУга өтөт

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент Садыр Жапаров медициналык билим берүүнү реформалоо маселеси боюнча кеңешме өткөрдү
Президент Садыр Жапаров медициналык билим берүүнү реформалоо маселеси боюнча кеңешме өткөрдү - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.04.2022
Жазылуу
Ректорлор улуттук медициналык билим берүү системасынын тарыхында биринчи жолу болуп жаткан клиникалык база түзүү тууралуу презентация жасашты.
БИШКЕК, 13-апр. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров медициналык билим берүү системасын реформалоо боюнча кеңешме өткөрдү.
Ага министрлер кабинетинин мүчөлөрү жана Иса Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясы (КММА) менен Ош мамлекеттик университетинин ректорлору катышкан.
© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев

Президент Садыр Жапаров медициналык билим берүү системасын реформалоо боюнча кеңешме өткөрдү

Президент Садыр Жапаров медициналык билим берүү системасын реформалоо боюнча кеңешме өткөрдү - Sputnik Кыргызстан
1/3

Президент Садыр Жапаров медициналык билим берүү системасын реформалоо боюнча кеңешме өткөрдү

© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев

Ага министрлер кабинетинин мүчөлөрү жана Иса Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясы (КММА) менен Ош мамлекеттик университетинин ректорлору катышкан

Ага министрлер кабинетинин мүчөлөрү жана Иса Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясы (КММА) менен Ош мамлекеттик университетинин ректорлору катышкан - Sputnik Кыргызстан
2/3

Ага министрлер кабинетинин мүчөлөрү жана Иса Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясы (КММА) менен Ош мамлекеттик университетинин ректорлору катышкан

© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев

Аталган окуу жайлардын ректорлору улуттук медициналык билим берүү системасынын тарыхында биринчи жолу болуп жаткан клиникалык база түзүү тууралуу презентация жасашкан

Аталган окуу жайлардын ректорлору улуттук медициналык билим берүү системасынын тарыхында биринчи жолу болуп жаткан клиникалык база түзүү тууралуу презентация жасашкан - Sputnik Кыргызстан
3/3

Аталган окуу жайлардын ректорлору улуттук медициналык билим берүү системасынын тарыхында биринчи жолу болуп жаткан клиникалык база түзүү тууралуу презентация жасашкан

1/3

Президент Садыр Жапаров медициналык билим берүү системасын реформалоо боюнча кеңешме өткөрдү

2/3

Ага министрлер кабинетинин мүчөлөрү жана Иса Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясы (КММА) менен Ош мамлекеттик университетинин ректорлору катышкан

3/3

Аталган окуу жайлардын ректорлору улуттук медициналык билим берүү системасынын тарыхында биринчи жолу болуп жаткан клиникалык база түзүү тууралуу презентация жасашкан

Аталган окуу жайлардын ректорлору улуттук медициналык билим берүү системасынын тарыхында биринчи жолу болуп жаткан клиникалык база түзүү тууралуу презентация жасашкан. Бул багытта дүйнөнүн өнүккөн өлкөлөрүнүн алдыңкы тажрыйбасы кабыл алынууда.
Реформаларга ылайык, КММАнын академиялык ооруканасын түзүү пландаштырылууда. Анда илим, билим жана клиникалык практикага, ошондой эле финансылык ресурстарды рационалдуу пайдаланууга негизделген көп компоненттүү инновацияны киргизүү аркылуу "медициналык хаб" болот.
Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Республикалык дартты аныктоо улуттук борборуна жаңы инновациялык технологияларды жана жабдууларды алуу, көп талап кылынган дартты аныктоо кызматтарын уюштуруу, имараттарды заманбап дизайнда жана санитардык нормаларга ылайык оңдоо пландалууда.
КММАнын ректору Индира Кудайбергенова долбоорлорду ишке ашыруу үчүн Улуттук онкология жана гематология борборунун бүтпөй калган имаратына 500 миллион сом, Республикалык улуттук диагностика борборуна 200-300 миллион сомго жакын инвестиция тартыла турганын белгиледи.
© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевКММАнын ректору Индира Кудайбергенова
Президент КР провел совещание по вопросу реформирования системы медицинского образования - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.04.2022
КММАнын ректору Индира Кудайбергенова
ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков "Саламаттык сактоо уюмдарын жана медициналык билим берүүнү регионалдык өнүктүрүү" долбоорунун алкагындагы алгылыктуу перспективаларга токтолду.
© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков
Президент КР провел совещание по вопросу реформирования системы медицинского образования - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.04.2022
ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков
Алардын негизги милдети Ош шаардык клиникалык ооруканасынын материалдык-техникалык базасын жакшыртуу жана чыңдоо, анын инфраструктурасын модернизациялоо, ошондой эле ОшМУнун клиникалык базасын кеңейтүү аркылуу медицина тармагына көмөк көрсөтүү экенин белгиледи.
Реформалардын алкагында клиниканын инфраструктуралык объектилерин куруу, калыбына келтирүү жана реконструкциялоо, ошондой эле анда бизнес-процесстерди долбоорлоонун заманбап системасын киргизүү пландаштырылууда. Алдыдагы үч жылда долбоорго тартылган инвестициянын көлөмү 1 миллиард 891 миллион сомду түзөт.
Маалыматты уккан соң президент Садыр Жапаров презентацияда айтылган нерселер "кооз сүрөт эмес", чындыкка дал келиши керек экенин белгилеген. Бул реформаларды ишке ашыруу жоопкерчилиги эки ректорго жүктөлдү.
Жогоруда белгиленгендерди эске алуу менен жыйынтыгында министрлер кабинетинин тескемесине кол коюлду.
Ага ылайык, Ош шаардык клиникалык ооруканасынын имараты ОшМУга өткөрүлөт. Ал эми Улуттук онкология жана гематология борбору менен Республикалык дартты аныктоо борборунун имараты билим берүү максатында колдонуу үчүн КММАнын карамагына берилди.
Медициналык университет. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 31.03.2022
Министрлик медициналык 7 окуу жайдын маанилүү документин жокко чыгармай болду
Жаңылыктар түрмөгү
0