Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Эшенгулов: Кыргызстан 94% тоодон турат деген жаңылыштык

© Sputnik / Асель СыдыковаТопонимист, картограф Темиркул Эшенгулов. Архив
Топонимист, картограф Темиркул Эшенгулов. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.04.2022
Жазылуу
Топонимист, картограф Темиркул Эшенгулов өлкөнүн тоолору тууралуу айтып берди.
Кыргызстан — Тянь-Шань жана Памир, Алай тоо системасынан турат. Бул тууралуу Темиркул Эшенгулов Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Эшенгулов: Кыргызстан 94% тоодон турат деген жаңылыштык
Анын айтымында, өлкөнүн 94 пайызы тоолордон турат деген туура эмес.
"Кыргызстандын Тажикстан менен чектешкен түштүк-батыш жагы же болбосо Чоң-Алай тоо кыркалары Памир, Алай тоо системаларынан туруп, андан ары Памир кетет. Өлкөнүн башка тарабы бүтүндөй Тянь-Шань тоо системасына кирет. Бул — дүйнөдөгү эң чоң тоо системасынын бири. Чыгышы дээрлик Кытайда, батышынын көп бөлүгү Кыргызстанда жайгашкан. Кыргыздар өзүбүз Ала-Тоо деп атайбыз. Ушундай чоң тоо системасында жайгашкандыктан улам өлкөбүз чындыгында тоолуу мамлекеттерге кирет. Ошентсе да Кыргызстандын 94 пайызын тоолор түзүп турат деп сүйлөө туура болбой калат. Анткени илимде "Кыргызстандын жери кырка тоолордон жана алардын ортосунда жаткан ойдуңдардан турат" деп жазылат. Бул өлкөнүн дыйканчылык аймагын түзгөн жайык жерлер болгону алты пайыз дегенди билдирбейт. Анткени тоолор жапыз, орто, бийик жана өтө бийик тоолор болуп бөлүнөт. Эң бийик тоолор деңиз деңгээлинен 5 000 метрден жогору турат. Аларга Какшаал тоосу, Түркстан тоосу, Тескей Ала-Тоо, Чоң-Алай кырка тоосу, Сары-Жаздын аймагындагы айрым тоо кыркалары кирет. Андан кийин 4 000 метр бийиктиктеги Фергана, Чаткал кырка тоолору, Таластын Ала-Тоосу, Күнгөй Ала-Тоо жана башкалар кирет. Андан соң орто тоолорго Ош, Баткендин айланасындагы тоолорду киргизебиз. Мындан кийин жапыз тоолор тизмектелип, алар да ич ара бийик аймагы, орто бийик аймагы жана жапыз жери деп бөлүнөт. Ошого жараша эгин эгилет. Башкача айтканда, Кыргызстандын 94 пайыздан ашыгы деңиз деңгээлинен 1 000 метр бийик жерде жайгашкан. Бирок бул дыйканчылыкка ыңгайлуу, калк отурукташкан, шаар курулуп, чарба жүргүзгөн эле аймактар да. Мунун баарын эле тоо кыркасына киргизип салуу туура эмес", — деди Эшенгулов.
Ал өлкөнүн аймагындагы деңиз деңгээлинен орточо бийиктик 2 750 метр, ал эми эң жапыз жери Лейлек районундагы Кулунду талаасы (400-450 метр), эң бийиги Жеңиш чокусу (7439 метр) экенин кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0