БУУ: климаттын өзгөрүшү 2030-жылдан тарта адамга ири зыян келтире баштайт

© AFP / Inti OconНикарагуада киши таштанды өрттүн жанында турат. Архив
Никарагуада киши таштанды өрттүн жанында турат. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.04.2022
Жазылуу
Окумуштуулардын баяндамасына караганда, абанын табы жер бетинде дагы 1,5 градуска көтөрүлсө, адамдын жана жапайы жаныбарлардын жашоосун кыйроого алып келиши мүмкүн.
БИШКЕК, 9-апр. — Sputnik. Бириккен Улуттар Уюмунун климаттык тобунун жаңы баяндамасында адамзат ушул он жылдыкта парник газдарын эки эсе кыскартышы керектиги айтылат. Мындан планетанын келечеги түздөн-түз көз каранды.
Бул максатка жетүү үчүн адамдар энергияны керектөөнү азайтып, мүмкүн болушунча тезирээк таза энергия булактарын табышы керек. Ошондой эле планетанын ысып жатканына себеп болгон көмүр кычкыл газынын бир бөлүгүн кармай ала турган технологияларды иштеп чыгуу зарыл.
Окумуштуулардын баяндамасына негиз болгон изилдөөлөргө караганда, абанын табы жер бетинде дагы 1,5 градуска көтөрүлсө, адамдын жана жапайы жаныбарлардын жашоосун кыйроого алып келиши мүмкүн. Адистердин айтымында, адамдар чара көрбөсө бул абалга 2030-жылы жетиши ыктымал.
Учурдагы негизги максат — кылымдын ортосуна чейин парник газдарынын көрсөткүчүн нөлгө түшүрүү.
"Бул максатка жетүү үчүн зарыл болгон технологиялар мурунтан эле бар. Күн, шамал жана кайра жаралуучу энергияны сактоочу батареялардын баасы 2010-жылдан бери 85 пайызга арзандады. Электр унааларына ушундай эле баанын төмөндөшү абанын булганышын азайтат, — деп айтылат макалада.
Ал эми БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерриш энергия керектөөнү азайтуу үчүн адамдардын күнүмдүк жүрүм-турумун өзгөртүү керек деген оюн айтты.
"Жаңы демилгелер жана технологиялар адамдарды жөө, велосипед же коомдук транспорт менен жүрүүгө түрткү бериши керек. Инвесторлор казылып алынган отундан баш тартууга салым кошо алат. Ал эми карапайым адамдар жөн гана керектөөнү азайтуусу зарыл", — деди ал.
Климаттык илимпоздордун отчёту, эгерде ал эмиссияны тазалаган көмүртек тутум технологиялары менен айкалышса, казылып алынган отундарды андан ары колдонууга мүмкүнчүлүк берет. Бул тактика буга чейин экологдордун сынына кабылган, алар мындай жеңилдетүү баары бир экологияга орду толгус зыян алып келет деп кооптонууда.
Экологдор соңку жылдары казылып алынган отундан толугу менен баш тартуу керектигин айтып келишет.
Арктика. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.04.2022
Арктика музунун бир бөлүгү эрип кетти. Планетанын экосистемасы эми кандай болот
Жаңылыктар түрмөгү
0