00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Будь в курсе
Земля на пределе: почему пахотные гектары Кыргызстана стремительно превращаются в пустыню?
08:05
44 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:00
4 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:00
5 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
7 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Михаил Булгаковдун чыгармачылыгы: маданий көргөзмөнүн мааниси жана максаты
11:08
25 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Почему растут цены на топливо и что будет дальше - мнение нефтетрейдеров
12:04
39 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Жаңы көмүр кендери ачылат — 2026–2027-жылдагы күз-кыш мезгилине даярдык башталды
13:04
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
Миллионы на алтарь империи: кто и зачем планировал геноцид китайского народа — беседы о Китае
14:04
51 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
2030-жылга чейин балдарды бала бакча менен камтуу 80%га жетет
15:04
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
Кыргызстанда демографиялык өзгөрүү: төрөлүү эмне үчүн азайып жатат?
17:04
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Стоп-кадр
Коомго чакырык! «Балам» тасмасы маанилүү суроолорду койду
19:06
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
10 мин
Будь в курсе
Доктора для почв: как учат кыргызских аграриев лечить «уставшую» землю
20:11
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
2030-жылга чейин балдарды бала бакча менен камтуу 80%га жетет
21:05
45 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1
Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Макеев: баланы 3-7 жашында сүннөткө отургузуу сунушталат

© Sputnik / Табылды КадырбековЭне жана баланы коргоо улуттук борборунун урология бөлүмүнүн хирургу Сапарбек Макеев
Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун урология бөлүмүнүн хирургу Сапарбек Макеев  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.04.2022
Жазылуу
Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун урология бөлүмүнүн хирургу Сапарбек Макеев сүннөткө отургузула турган бала жүрөк, борбордук нерв системасынын оорусу, сарык, гемофилия дарты менен жабыркаса циркумцизия кийинкиге жылдырыларын айтты.
Баланы сүннөткө отургузуу ыкмасы медицина илиминде циркумцизия деп аталат. Мында баланын жыныстык органынын учундагы жумшак тери операция жолу менен кесип салынат. Бул операция баланопостит, фимоз, баланит ооруларын алдын алат. Бул тууралуу Сапарбек Макеев Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Макеев: баланы 3-7 жашында сүннөткө отургузуу сунушталат
Анын айтымында, баланы алдын ала медициналык текшерүүдөн өткөрүп (көкүрөгүн рентгенге тартып, жүрөгүн электрокардиограммадан өткөрүп, кандын уюшун текшерүү керек), оорулар байкала турган болсо дарылап алгандан кийин гана сүннөткө отургузуу керек.
"Сүннөткө отургузуу ВИЧ-инфекциясын жугузуп алуудан сактайт. Себеби эркектин жыныстык органынын уч жагындагы жумшак теринин ички бети жылуу, нымдуу чөйрө болгондуктан ВИЧ-инфекциясы менен сифилистин өсүп-өрчүшүнө жагымдуу шарт түзөт. Ал эми сүннөткө отургузулган шартта ошол жумшак тери кесилип салынат да, ал балада кийин бул ооруларга кабылуу коркунучу салыштырмалуу азаят. Өз учурунда циркумцизия жыныстык органды ар кыл бактериялардан, инфекциялардан таза алып жүрүүгө да негиз түзөт. Мындан бир топ жыл мурун баланы сүннөткө отургузуу үчүн дарыгер-хирургга кайрылгандар дээрлик аз болчу. Себеби ата-энелер айылдагы аттуу-баштуу кишини же молдо чакырып эле үйдөн отургузуп коюшчу. Алар баланын жыныс мүчөсүнүн башын, заара кылчу түтүктөрүн кесип салып, гипоспадия менен жабыркаган балдар кездешчү. Эгер терини көбүрөөк калтырып койсо парафимоз болуп эт өсүп, жыныс мүчөнүн башы жабылып калат. Ал эми азыр болсо кичи операцияны хирургдар гана жасашы керектигин түшүнүп калышты. Баланы белгилүү бир жашка чейин сүннөткө отургузуу керек деген чек жок. Бирок 3-7 жашында отургузса абдан жакшы болот. Ал эми үч жашка чейинки балада кан уюу системасы өрчүй электигине байланыштуу бул куракта циркумцизия жасатуу сунушталбайт. Сүннөт операциясынын эки жолу бар. Биринчиси, кадимки скальпель менен кесилсе, экинчисинде электрокоагулятор менен тери алынат. Электрокоагулятор менен кескенде кан кетпейт, тезирээк айыгат. Ата-эне баланы сүннөткө отургузуу алдында аны психологиялык жактан даярдап, жыныстык мүчөсүнүн учун улам түрүп турушу керек. Мында операциядан соң бала 3-4 күндө жакшы болуп калат. Эгер балада жүрөк, борбордук нерв системасынын оорусу, аллергия, сарык, гемофилия дарты болсо оорусу айыкканга чейин циркумцизия башка убакытка жылдырылат", — деди Макеев.
Ал сүннөткө отургузууда балага жергиликтүү же болбосо жалпы (5-10 мүнөткө таасир этүүчү) наркоз берилерин кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0