Асанбеков: Бишкек шаарына автобус сатып алуу үчүн 2 млрд. сом бөлүнөт
Жазылуу
Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Жаныбек Асанбеков быйыл борбор калаанын бюджети 15 миллиард сом болорун айтты.
Бишкектин бюджети буга чейин 10 миллиард 300 миллион сом болчу, быйыл 15 миллиардга көбөйтүп бердик. Бул тууралуу Жаныбек Асанбеков Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Асанбеков: Бишкек шаарына автобус сатып алуу үчүн 2 млрд. сом бөлүнөт
Анын айтымында, аталган сумманын 2 миллиардына автобус сатып алынат.
"Борбор калаада коомдук транспорт көйгөйү курч турат. Анын кесепетинен мектеп окуучулары үчүн транспорт уюштуруу иштерин аткара албай келебиз. Маршруттук таксилердин каттамы шаар сыртында, ал эми ичинде автобустар жүргөн система дүйнөнүн көп өлкөлөрүндө ишке ашырылган. Ал тургай ушул турган Алматыга деле 15 жыл мурда кирген. Коомдук транспорт маселесин чечүү зарыл. Быйыл бул багытта чоң өзгөрүүлөр болот деп күтүп жатабыз. Анткени шаар бюджети 10 миллиард 300 миллион сомдон 15 миллиардга көтөрүлдү. Анын 2 миллиардына автобус алуу каралып жатат. Мындан сырткары, эл аралык банктар грант берүүдө. Мунун баарына транспорт алынса сезилерлик эле өзгөрүү болот деп ойлойм. Мектеп окуучуларына өзүнчө транспорт уюштуруп бере албаган соң, бир айлык карта менен төлөө системасына өткөрүп, анын акысын чоңдор менен теңебей, азайтуу зарыл. Ошондо каражат түз казынага түшүп, айдоочулардын өз чөнтөгүнө кетпей калат. Окуучу да сабагынан чыгып кандайдыр бир ийримдерге барса, кайра-кайра каражат корото бербей, ошол бир айлык карточкасын иштетет", — деди Асанбеков.
Эл өкүлү автобус кайсы мамлекеттен алып келинери азырынча белгисиз экендигин кошумчалады.