Чийки демилге. Министрлик 12 жылдык окуунун ыраатын так түшүндүрө алган жок

© Sputnik / Табылды КадырбековСабактагы окуучулар. Архив
Сабактагы окуучулар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.04.2022
Жазылуу
Бүгүн Билим берүү жана илим министрлиги 12 жылдык окуу боюнча журналисттерге маалымат жыйын өткөрдү. Бирок ЖМК өкүлдөрү суроолоруна канааттандырарлык, так жооп ала алышкан жок.
Белгилей кетсек, буга чейин билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев соцтармак аркылуу эми бала мектепке 7 жашынан эмес, 6 жашынан милдеттүү түрдө 1-класска барып, даярдоо классы (нөлүнчү) жоюла турганын айткан. Министрлик даярдоо (нөлүнчү) классы эле 1-класс деп аталып, ошонун эсебинен окуу 12 жылды түзүп каларын кошумчалаган.
Министрдин бул демилгеси коомчулукта бир топ кайчы пикирлерди жаратып, айрым ата-энелер ага макул эмес экенин соцтармакка жазып чыгышты.
Министрлик бүгүн, 8-апрелде, 12 жылдык окуу боюнча алгач ЖМКларга пресс-релиз таратып, андан кийин маалымат жыйын өткөрдү.
Пресс-релизде 12 жылдык окуу быйыл ишке ашпай турганы жазылганы менен жок дегенде болжолдуу датасы да көрсөтүлгөн эмес. "Зарыл болгон окуу материалдары иштелип чыккандан кийин ишке ашырылат" деп гана жазылып, 12 жылдык окуунун айрым артыкчылыктарын гана санап берген. Бирок анда деле так программа жок.
Маалымат жыйында билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова пресс-релизде жазылган артыкчылыктарды кыргыз, орус тилдеринде окуп берди.
© Фото / Республиканский штаб КР по борьбе с COVID-19Билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова
Заместитель министра образования и науки Надира Джусупбекова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.04.2022
Билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова
Журналисттер "12 жылдык окуу качан ишке кирет?" деп так суроо берип, бирок канааттандырарлык жооп ала алышкан жок.
"Азыр биз бир катар варианттарды карап жатабыз. Апрель, майда бул маселени адистер талкуулап, андан кийин эксперттер менен дагы кененирээк талкуу болот. 6 жаштагы балдарды дароо эле 1-класска отургузуп салбайбыз. Бул системага алар акырындык менен өтөт", — деди Жусупбекова.
Суроосуна так жооп ала албай калган журналист планды, жол картасы тууралуу сураганда гана министрдин орун басары 12 жылдык окууга 2023-жылы өтүшүбүз мүмкүн экенин айтты.

6 жаштагы балдар кандай тартипте окуй турганы белгисиз

6 жаштагы балдар 1-класста окуп калса билим берүү тартиби кандай болору жөнүндө да суроо узатылды.
Билим берүү жана илим министрлигине караштуу мектепте, мектепке чейинки, мектептен тышкаркы билим берүү башкармалыгынын жетекчиси Марат Үсөналиев 6 жаштагы балдар буга чейин деле "Наристе" программасы менен окуп келгенин айтып, бул болгону 12 жылдык окуу деп өзгөртүлөрүн белгиледи.
© Sputnik / Табылды КадырбековБилим берүү жана илим министрлигине караштуу мектепте, мектепке чейинки, мектептен тышкаркы билим берүү башкармалыгынын жетекчиси Марат Үсөналиев
Начальник управления дошкольного, школьного и внешкольного образования Минобраз КР Марат Усеналиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.04.2022
Билим берүү жана илим министрлигине караштуу мектепте, мектепке чейинки, мектептен тышкаркы билим берүү башкармалыгынын жетекчиси Марат Үсөналиев
"Буга чейин даярдоо класстарында, бакчанын даярдоо тайпаларында "Наристе" программасы менен мектепке даярдап келишкен. Ошол эле "Наристе" программасын 12 жылдык окуу деген аталышка өзгөртүп жатабыз. Бала 6 жашында 1-класска кирсе, даярдоо классына барбай калат", — деди Үсөналиев.
Кыргыз билим берүү академиясынын президенти Назира Дүйшеева 6 жаштагы балага өзүнүн курагына жараша жеңил, оюн түрүндө сабактар өтүлөрүн айтып, башкы максат баланы социалдаштыруу экенин белгиледи.
6 жаштагы баланын сабагы жеңил, оюн түрүндө өтүлөт деген менен адистер алардын окуу тартиби боюнча так алгоритимди айтышкан жок.

Мектептерде балдар эми кантип батып окуйт?

Журналисттер окуу куралдары тууралуу теманы көтөрүп, 6 жаштагы балдарды министрлик мектепке кантип батырарына кызыкты. Билим берүү министринин орун басары бул дароо эле бүтө калчу процесс эмес экенин айтып, баары акырындык менен жасаларын кошумчалады.
"Бардык нерсе дароо даяр боло калбайт. Бир жагынан сынактарды жарыялап, улам жаңы моделге өткөн сайын китептер менен камсыздай беребиз. Биринин аркасынан бирин камсыздап кете беребиз. Орун боюнча айтск, азыр башка билим берүү мекемелеринин имараттарын карап жатабыз. Мындан тышкары, Финансы министрлиги менен Мамлекеттик курулуш агенттигине мектеп куруш керек деген буйрутманы берип жатабыз. Эгер жаңы моделге кошумча каражат талап кылынса, бийлик акча бөлүп берет деп ойлойбуз", — деди Жусупбекова.
Маалымат жыйын суроолор аяктай электе эле соңуна чыкты. Министрликтин өкүлдөрү баарына дароо жооп бере албай турганын айтып, программа бышып-жетилген сайын маалымат берип турабыз деп иш-чараны жыйынтыкташты.
Коомчулукту бир топ дүрбөтүп жиберген маселенин көп жагы дагы деле түшүнүксүз бойдон калып, демилге бышып жетиле электе жарыяланып калганы анык болду.
Сабактагы окуучу. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.04.2022
12 жылдык окуу качан башталары айтылды
Жаңылыктар түрмөгү
0