Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолу: долбоордун болжолдуу баасы айтылды
17:11 08.04.2022 (Жаңыртылды: 17:22 08.04.2022)
© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевТемир жолду куруу учурунда
Жазылуу
Долбоор тууралуу биринчи жолу 1990-жылдардын орто ченинде, Кытай өзүнүн темир жол жана жол инфраструктурасын куруп жана жаңылай баштаганда сөз болгон.
БИШКЕК, 8-апр. — Sputnik. Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолун куруу долбоору кайсы этапта экенин Sputnik Кыргызстан агенттигинин маалымат борборунда өткөн брифингде "Кыргыз темир жолу" ишканасынын Капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы Улан Кулов билдирди.
Анын айтымында, бул жолду куруу артыкчылыктуу инфраструктуралык долбоорлордун бири. Ал Азия-Тынч океан аймагындагы өлкөлөрдөн Борбордук Азия мамлекеттерине, андан ары Жакынкы Чыгыш жана Түштүк Европага жаңы темир жол коридорун түзөт.
© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Кыргыз темир жолу" ишканасынын Капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы Улан Кулов
"Кыргыз темир жолу" ишканасынын Капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы Улан Кулов
"Учурда үч тараптуу форматта долбоор боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Жолдун маршруту, өтүүчү станциянын жайгашкан жери сыяктуу техникалык маселелер талкууланууда. Өткөн жылы Кыргызстандын аймагында талаа изилдөөлөрүн жүргүзгөнбүз. Жергиликтүү адистер жаңы, айкалыштырылган маршруттардын бирин карап чыгышты. Бардык материалдар Кытай менен Өзбекстанга жөнөтүлдү. Быйылкы жылы биз эки өлкөнүн адистери менен биргелешип ишти улантабыз. Бул материалдар техникалык-экономикалык негиздеменин негизи болуп калат", — деди Кулов.
Ал айкалыштырылган маршрут боюнча түшүндүрүп берди.
"Бир нече маршруттук вариант каралган. 2020-жылы биз жаңысын сунуштаганбыз, ал мурунку экөөнү бириктирип турат. Бул Кашкар — Торугарт — Арпа — Макмал — Жалал-Абад каттамы. Ал барып Өзбекстанга кетчү азыркы жолдор менен байланышат", — деди Кулов.
Адис белгилегендей, жолдун курулушу качан башталарын азырынча айтуу кыйын. Долбоорду ишке ашырууну тездетүү үчүн бардык аракеттер көрүлүүдө.
"Сүйлөшүүлөр кызуу жүрүп жатат. Долбоорду ишке киргизүү үчүн бардык маселелер боюнча макулдашууга жетишүү, эми аларды өкмөттөр аралык макулдашуулар түрүндө консолидациялоо керек. Каржылоо маселеси да маанилүү. Анткени долбоор өтө кымбат. Тоолуу рельеф татаал болгондуктан көптөгөн тоннелдер, көпүрөлөр бар", — деди ал.
Маалыматка караганда, баасы маршрутка жараша болот. Ар бир сунушталган вариант боюнча эсептөөлөр жүргүзүлгөн.
"Азыр биз жаңы маршрут сунуштап жатабыз, анын техникалык-экономикалык негиздемеси түзүлгөндөн кийин так сумманы алабыз. Башка каттамдар боюнча мурунку изилдөөлөрдүн негизинде бул болжол менен 4-5 миллиард долларды түзөт. Долбоорду биргелешкен күч-аракет менен ишке ашырууга болот", — деди адис.
Долбоор өзүн качан актай турганы кандай жүк жана канча көлөмдө тарта алганынан көз каранды.
Ал ошондой эле Кытай менен Кыргызстандагы трассанын туурасы боюнча айырма кантип жөнгө салынарын айтты.
"Мурда СССРдин курамына кирген өлкөлөрдө трассанын туурасы 1 520 миллиметр, Кытайда 1 435 миллиметр. Ошондуктан кайра жүктөө пунктун куруу керек. Дүйнөлүк практикада алар чек арада курулат, бирок биздин жолубуз бийик тоолор аркылуу өткөндүктөн бул маселе боюнча көйгөй бар", — деди ишкананын өкүлү.
Ал учурда ар кандай варианттар каралып жатканын, акыркы чечим чыга электигин баса белгиледи.