https://sputnik.kg/20220408/kyrgyzstan-ehdil-bajsalov-rossiya-buu-1063489147.html
Кыргызстан Россиянын эл аралык уюмдарга катышуусун токтотууга каршы
Кыргызстан Россиянын эл аралык уюмдарга катышуусун токтотууга каршы
Sputnik Кыргызстан
Байсалов комиссияга мүчө 56 мамлекеттин делегаттарын Чыгыш менен Батыштын ортосундагы кызматташтыктын көпүрөсү катары ишин сактап калууга чакырды. 08.04.2022, Sputnik Кыргызстан
2022-04-08T12:01+0600
2022-04-08T12:01+0600
2022-04-09T17:30+0600
кыргызстан
буу
эдил байсалов
саясат
россия
сүрөт
видео
https://sputnik.kg/img/07e6/04/08/1063488772_0:0:1920:1080_1920x0_80_0_0_19d124d527460ac2478a63ce3bd9272b.jpg
БИШКЕК, 8-апр. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Россиянын эл аралык уюмдарга катышуусун токтотуу аракетине Кыргызстан каршы экенин айтты. Мындай позицияны ал Женева шаарында өткөн БУУнун Европа экономикалык комиссиясынын регионалдык форумунун жабылышында сүйлөп жатып айтканын өкмөттөн билдирди.Белгилей кетсек, Кыргызстан бул жылы аталган уюмга төрагалык кылууда.Байсалов комиссияга мүчө 56 мамлекеттин делегаттарын Чыгыш менен Батыштын ортосундагы кызматташтыктын көпүрөсү катары ишин сактап калууга чакырды.Белгилей кетсек, БУУнун Европа экономикалык комиссиясы 1947-жылы 28-мартта БУУнун Экономикалык жана Социалдык кеңеши тарабынан аймактын ичиндеги экономикалык ишмердүүлүктү өнүктүрүү жана байланыштарды чыңдоо максатында түзүлгөн.Уюмга Европа, Борбор Азия өлкөлөрү, АКШ, Канада, Түркия, Израиль сыяктуу 56 мамлекет мүчөлүк кылат. Кыргызстан ага 1993-жылдын 30-июлунда толук кандуу мүчө болуп кирген.
https://sputnik.kg/20220407/buu-rossiya-adam-ukuktary-kenesh-ishin-toktottu-1063482539.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2022
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e6/04/08/1063488772_80:0:1520:1080_1920x0_80_0_0_bcd0a907c27bc00800ca74c55b082179.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, буу, эдил байсалов , саясат, россия, сүрөт, видео
кыргызстан, буу, эдил байсалов , саясат, россия, сүрөт, видео
Кыргызстан Россиянын эл аралык уюмдарга катышуусун токтотууга каршы
12:01 08.04.2022 (Жаңыртылды: 17:30 09.04.2022) Байсалов комиссияга мүчө 56 мамлекеттин делегаттарын Чыгыш менен Батыштын ортосундагы кызматташтыктын көпүрөсү катары ишин сактап калууга чакырды.
БИШКЕК, 8-апр. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары
Эдил Байсалов Россиянын эл аралык уюмдарга катышуусун токтотуу аракетине Кыргызстан каршы экенин айтты. Мындай позицияны ал Женева шаарында өткөн БУУнун Европа экономикалык комиссиясынын регионалдык форумунун жабылышында сүйлөп жатып айтканын өкмөттөн билдирди.
Белгилей кетсек, Кыргызстан бул жылы аталган уюмга төрагалык кылууда.
Байсалов комиссияга мүчө 56 мамлекеттин делегаттарын Чыгыш менен Батыштын ортосундагы кызматташтыктын көпүрөсү катары ишин сактап калууга чакырды.
"Төрага катары сиздерди Европа экономикалык комиссиясынын өзгөчө ролун сактап калууга жана коргоого чакыргыбыз келет. Бардык трагедиялуу жагдайларга, тараптардын позицияларынын кагылышына жана эмоциялардын күчөшүнө карабастан, биз диалог аянтчасы жана кызматташтык көпүрөсү катары калышыбыз керек. Акыркы 75 жыл ичиндеги чыңалуу мезгилдеринде биздин өлкөлөр уюмдун өзгөчө мандатын жогору баалап келген. Комиссиянын негизги мүчөлөрүнүн биринин катышуусун чектөө баарыбызды чектейт", — деди Байсалов.
Белгилей кетсек, БУУнун Европа экономикалык комиссиясы 1947-жылы 28-мартта БУУнун Экономикалык жана Социалдык кеңеши тарабынан аймактын ичиндеги экономикалык ишмердүүлүктү өнүктүрүү жана байланыштарды чыңдоо максатында түзүлгөн.
Уюмга Европа, Борбор Азия өлкөлөрү, АКШ, Канада, Түркия, Израиль сыяктуу 56 мамлекет мүчөлүк кылат. Кыргызстан ага 1993-жылдын 30-июлунда толук кандуу мүчө болуп кирген.