Германиялыктарга Россиядан газ келбесе эмнеге тушугарын айтып беришти

© Sputnik / Екатерина Соловьева / Медиабанкка өтүүГерманияда Түндүк Агым 2 газ түтүгүнүн курулушу. Архивдик сүрөт
Германияда Түндүк Агым 2 газ түтүгүнүн курулушу. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.04.2022
Жазылуу
Мындан мурдараак Федералдык тармактар агенттигинин башчысы Клаус Мюллер көгүлтүр оттун үзгүлтүккө учурап берилиши немец бизнесине, калкка кесепетин оңбогондой тийгизерин айткан.
БИШКЕК, 7-апр. - Sputnik. Россия газынан баш тартуу Германиянын бардык тармактарында тартыштыкты жаратат. Бул туурасында РИА Новости швейцариялык SRF телеканалына шилтеме кылып жазган.
Өнөр жай өкүлдөрү эгерде азыр Россиянын серьесунан баш тартса экономика төмөндөй баштаарын эскертип жатышат. Тагыраагы, химиялык гигант BASF өзүнүн ишин токтотсо курулуш материалдары менен жарым фабрикаттардын каатчылыгы ар тараптан каптайт. Автомобиль өндүрүшү маңдайкы айнектерди жасай албай калат, башкача айтканда, сатуу токтойт, тамак-аш өнөр жайы маанилүү болуп келген ингредиенттерден кол жууйт, фармацевтика аксайт. Тартыштык бардык жакта жаралат. Камсыз болуп жашаган учур каатчылыкка кептелет, андыктан Россия газы зарыл деп жыйынтык жасаган SRF.
Мындан мурдараак Федералдык тармактар агенттигинин башчысы Клаус Мюллер көгүлтүр оттун үзгүлтүккө учурап берилиши немец бизнесине, калкка кесепетин оңбогондой тийгизерин айткан. Ал эми Германия ТИМ жетекчиси Анналена Бербок Россиядан газ импорттоого тыюу салган тартип киргизүү боюнча сүйлөгөн.
Россиянын Украинаны демилитаризация жана денацификациялоо боюнча атайын операциясы башталгандан тарта Батыш Москвага санкция боюнча басымдарын катуулатты. Чектөө биринчи иретте банк системасы менен жогорку технологиялык продукцияларды ташып келүү жолдоруна коюлду. Европада россиялык энергоресурстарга көз каранды болууну азайтуу боюнча чакырыктар айтыла баштады. Анткен менен технологиялык чынжырчанын бузулушу Европа менен АКШда экономикалык көйгөй жаратып, тамак-аш жана отун ресурстары кымбаттады.
Кремль мындай кадамды буга чейин кездешпеген экономикалык согуш деп атады. Бийлик абалдын жогорудагыдай болуп кетишине мурдатан даяр болгондугун жана социалдык милдеттерин аткара берерин билдирген. Россиянын банктары валюта рыногундагы кырдаалды жөнгө сала турган чараларды көрдү. Өкмөт жүзгө чукул демилгени камтыган санкцияга каршы планды даярдаганын билдирип, финансылоонун көлөмү триллион рублге жакын акчаны түзөрү айтылды.
Батыш санкцияларынын күчөгөн учурдун фонунда Россия касташкан мамлекеттерге берген газдын акчасын рубль менен алмай болду. Газпромбанк чет элдик сатуучулар үчүн валюталык жана рублдик эсептерди ачары айтылган. Алар биринчи эсепке келишимде көрсөтүлгөндөй валюта менен которот, банк аны Мосбиржада сатат да, андан кийин гана берген тарап менен эсептешүүгө мүмкүнчүлүк жаралат.
"Чоң жетиликтин" өлкөлөрү Москванын бул позициясы менен макул эмес жана көгүлтүр оттун акысын рубль менен талап кылуу келишимди бир тараптуу бузгандык деп эсептейт. Кремлден буга "акча төлөнбөсө газ да болбойт" деп жооп беришти.
Газ трубасы. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.04.2022
РФ газынын келбей калышы Германияда немец өнөр жайынын талкаланышына алып келет
Жаңылыктар түрмөгү
0