Бейшембиге карата аба ырайы

© пресс-служба мэрии города Бишкек / Улукбек ШамбетовЛюди в парке Ынтымак в Бишкеке. Архивное фото
Люди в парке Ынтымак в Бишкеке. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.04.2022
Жазылуу
6-апрелден 7-апрелге чейин абанын температурасынын жогорулашына байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүүcү күтүлөт. Айрым жерлерде жолдор тайгак болот.
БИШКЕК, 6-апр. — Sputnik. Бейшемби күнү күндүз өлкөнүн тоолуу райондорунда кар жаайт. Ал эми дыйканчылык аймактарда күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Түштүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден күндүз кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүйдө +25…+30, Талас жергесинде +22...+27, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +26…+31, Ысык-Көл менен Нарын аймагында +16...+21 градуска ысыйт.
Термометрдин көрсөткүчү Бишкекте +28...+30, Ош калаасында +29…+31 градуска жетет.
Кар көчкү тазалоо иштери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.04.2022
Шашылыш билдирүү! Күндүн ысышынан улам кар көчкү түшчү аймактар
Жаңылыктар түрмөгү
0