Шашылыш билдирүү! Күндүн ысышынан улам кар көчкү түшчү аймактар

© Sputnik / Денис Абрамов / Медиабанкка өтүүКар көчкү тазалоо иштери. Архив
Кар көчкү тазалоо иштери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.04.2022
Жазылуу
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги аба ырайы улам өзгөрүп жаткандыктан жолдор тайгак болуп, муз тоңорун эскертти.
БИШКЕК, 5-апр. — Sputnik. 5-апрелден 7-апрелге чейин абанын температурасынын жогорулашына байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүшү ыктымал. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.
Кар көчкү түшүшү мүмкүн болгон аймактар:
Бишкек — Ош унаа жолундагы Төө-Ашуу ашуусу, Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы;
Бишкек — Нарын — Торугарт жолундагы Долон ашуусу, Кара-Үңкүр капчыгайы;
Казарман — Ак-Тал-Чат жолундагы Кара-Көө ашуусу;
Каракол — Эңилчек жолундагы Чоң-Ашуу ашуусу;
Барскоон — Ак-Шыйрак жолундагы Сөөк ашуусу.
ӨКМ аба ырайы улам өзгөрүп жаткандыктан жолдор тайгак болуп, муз тоңорун эскертип, автоунаалардын ортосундагы 500 метр аралык чектелиши керектигин белгиледи.
Бишкек шаары. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.04.2022
Күн ысыйт! Бир жумага карата аба ырайы
Жаңылыктар түрмөгү
0