Санитардык дарыгер: тамактануу жайларын текшере келгенде көп калпыстык чыгат

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкек шаардык санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун санитардык дарыгери Үмүт Сатыбалдиева
Бишкек шаардык санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун санитардык дарыгери Үмүт Сатыбалдиева - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.03.2022
Жазылуу
Коомдук тамактануу жайларындагы санитардык абал калктын ден соолугуна түз таасир этет. Буга чейин Санэпидемстанциянын да текшерүүсүнө бөгөт коюлуп келген. Быйыл ал мораторий алынып, пландуу текшерүү жанданат.
Sputnik Кыргызстан агенттигинде Бишкек шаардык санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун санитардык дарыгери Үмүт Сатыбалдиева болуп, коомдук тамактануучу жайлардын көбү талапка жооп бербесин айтты.
— Борбордо жалпы 800дөй тамактануучу жай катталганы айтылат. Сиздер баарына көзөмөл кыласыздарбы?
— Азыр борбор шаарыбызда жайнаган коомдук тамактануучу жайлардын баары эле талапка жооп бербейт. Шаардык санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык жылына бир-эки жолу текшерип турушу керек. Ишкерлер санитардык тазалыкты сактоого жана жеке милдеттерине кызыгышпайт. Арыз түшкөндө же капысынан текшерип барган учурда көп мыйзам бузуулар катталат. Бул жетекчи менен кызматкерлердин тамак-аш даярдоо жана өндүрүү, азык-түлүк коопсуздугу жаатында окуудан өтпөгөнүнөн улам болуп жатат. Жумушчуларды алып жатканда санитардык эрежелердин жол-жобосу да үйрөтүлбөйт. Аларга айтып, түшүндүрө келгенде "буларды бизге эч ким үйрөткөн эмес, билген жокпуз" деп ийин куушурат. Бул үчүн атайын курстар бар. Пандемияга чейин санитардык дарыгерлер тейлөө тармагында эмгектенген калктын тобу үчүн санитардык минимум боюнча сабак өтүп келген. Азыр алар шаардагы Ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борборунда окутулат. Заман талабына ылайык, ар бир ишкер тобокелдиктерди талдоо жана критикалык көзөмөл түйүндөрүн аныктоо принциптерине (HACCP — азык-түлүк коопсуздугуна олуттуу таасир этүүчү коркунучтарды системалуу түрдө аныктоону, баалоону жана башкарууну караган концепция — ред.) ылайык иштеши керек. Учурда КРдин нормативдик актылары менен бекитилген, тамак-аш жана соода-сатык жайларындагы санитардык норма эрежелеринин тизмеси бар.
Ал эми документ жагын алсак, мурда коомдук тамактануучу жайлар санитардык талаптарга жооп берер-бербеси тууралуу макулдук кагазын алар эле. Бирок кийинки учурда жеке ишкерлерди колдоо максатында бул уруксат берүү реестринен алып салынды. Ошондуктан каалагандар эч бир санитардык эрежени сактабастан кичинекей ашканаларды ачып иштетип жатышат. Тар бөлмөдө түрдүү тамак-аш даярдоо кооптуу. Анткени технологиялык көзөмөл болбосо, микробиологиялык коркунуч бар. Идиш-аяк жууп дезинфекциялоо иштерине өзүнчө шарт түзүлүшү керек. Болбосо кардарлардын ден соолугуна доо кетет.
© Sputnik / Асель СыдыковаҮмүт Сатыбалдиева: арыз түшкөндө же капысынан текшерип барган учурда көп мыйзам бузуулар катталат. Бул жетекчи менен кызматкерлердин тамак-аш даярдоо жана өндүрүү, азык-түлүк коопсуздугу жаатында окуудан өтпөгөнүнөн улам болуп жатат
Санврач Бишкекского центра санитарно-эпидемиологического надзора Умут Сатыбалдиева - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.03.2022
Үмүт Сатыбалдиева: арыз түшкөндө же капысынан текшерип барган учурда көп мыйзам бузуулар катталат. Бул жетекчи менен кызматкерлердин тамак-аш даярдоо жана өндүрүү, азык-түлүк коопсуздугу жаатында окуудан өтпөгөнүнөн улам болуп жатат
— Сиздер тараптан кайсы учурларда рейд жүргүзүлөт?
— Негизинен ал эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу. Коронавирус пандемиясы учурунда алгоритмдин негизинде атайын текшерүүлөр болуп турган. Ал эми пландуу рейддер Экономика министрлигинин макулдугу менен ар бир кварталга белгиленет. 2021-жылдын сентябрь айында ишкерлерди текшерүүгө бөгөт койгон мораторий аяктады. Бирок министрликке жөнөткөн план ушуга чейин макулдашылбай келгендиктен пландуу рейд жүргүзө элекпиз.
Эгер коомдук тамактануучу жайда уулануу катталса санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору плансыз текшерүү укугуна ээ. Былтыр ашканада эл ууланып, шаардагы тамак-аш жайларынын бардыгын текшердик. Дээрлик көбүндө элементардык тазалык жок экени аныкталды. Жумушчулар медициналык кароодон да өтпөптүр.
— Буга чейин тамак-аш жайларындагы абалга жараша кызыл, сары, жашыл стикерлерди чаптачу элеңиздер. Кийин мунун баары алып салынды. Анда бир гана ресторан жашыл стикер алса, басымдуу көпчүлүгү кызыл алышкан. Бул иш-чара дагы уланабы?
— Негизи бул пилоттук долбоор эле. Анын максаты жетекчилерге мотивация берүү болчу. "Бардык талаптарга жооп берет" деген таризде чапталган жашыл стикер ишкерлерге стимул берсе, экинчиден, кардарлар да өзүн коопсуз сезет. Бирок пилоттук долбоор болгондуктан талаптары да абдан катуу болуп калды. Ошондуктан бир гана коомдук тамактануучу жай жашыл түскө ээ болду. Жашыл стикер алган жай эл аралык өзүн-өзү көзөмөлдөө системасын (НАССР) колдонуп жаткан жалгыз ресторан экен. Бул эрежелер бажы союзунун техникалык регламентинде да жазылган. Ушул системада иштөөнү ар бир ишкер колго алса, коомдук коопсуздукту камсыздап берет эле.
Бул долбоор Бишкек менен эле Ысык-Көлдө гана ишке киргизилген. Кайсы коомдук тамак-аш жайы кандай стикер алганы тууралуу жыйынтыгын интернетке да жазып чыкканбыз. Долбоор улана турган болсо, критерийлерин жаңылап киргизүүнү колго алабыз. Бирок буга ишкерлер өздөрү да кызыкдар болсо дейбиз. Анткени алардын арасында ишенбөөчүлүк жаралып калууда. Мында негизинен тамак-аштын сапаты эмес, коопсуздугу, жасалуу шарты, санитардык абалы камтылган. Ал эми тамактын сапаты, тейлөө сервиси кошумча критерий болуп эсептелинет. Биз ошого басым жасадык.
© Sputnik / Асель СыдыковаҮмүт Сатыбалдиева: тар бөлмөдө түрдүү тамак-аш даярдоо кооптуу. Анткени технологиялык көзөмөл болбосо, микробиологиялык коркунуч бар. Идиш-аяк жууп дезинфекциялоо иштерине өзүнчө шарт түзүлүшү керек
Санитарный врач, специалист по гигиене питания Центра госсанэпиднадзора Бишкека Умут Сатыбалдиева - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.03.2022
Үмүт Сатыбалдиева: тар бөлмөдө түрдүү тамак-аш даярдоо кооптуу. Анткени технологиялык көзөмөл болбосо, микробиологиялык коркунуч бар. Идиш-аяк жууп дезинфекциялоо иштерине өзүнчө шарт түзүлүшү керек
— Бул долбоор кандай шартта уланышы мүмкүн?
— Ишкерлерди текшерүүгө бөгөт койгон мораторий алып салынганына байланыштуу пландуу рейддерге чыга турган болсок, коомдук тамак-аш жайлардын жана соода-сатык түйүндөрүнүн санитардык коопсуздугун баалаган стикер чапталат. Эгер кандайдыр бир жетишпестик болсо, түзөтүүгө үч күндөн 30 күнгө чейин мөөнөт беребиз. Тамак-аш коопсуздугун сактоого далалат кылган ишкерлер көп. Алар биздин системага макул болуп, алдыга жылууга аракет кылышат. Ар бир критерий так жазылган текшерүү баракчаларын бардык ишкерлерге таштап кетебиз. Алар аны аткарууга аракет кылышы керек. Арасында мындай талаптарды тоготпогондор да көп.
— 2019-2023-жылдарга карата тамак-аш коопсуздугу тууралуу программа бар экени белгилүү. Индикаторлору тууралуу да айтсаңыз?
— Бул тамак-аш менен камсыз кылуудан баштап, анын коопсуздугуна чейин камтыган өтө чоң программа. Негизгиси коопсуздук жаатында тамак-аш чынжырчасынын ар бир этабын көзөмөлгө алуу керек. Коомдук активисттер көп жарандарыбыз бөйрөгүн же боорун алмаштыруу үчүн чет өлкөгө кетип жатканын айтып жатышат. Мында даяр тамак-аштын сапатына эле эмес, мал чарбачылыгынын, дан өсүмдүктөрүнүн кандай өстүрүлүп, иштетилип жаткандыгына маани беришибиз керек. Малдын жеген тоютун, ветеринардык кызматты, касапканалардын шартын көзөмөлдөө абзел. Талаада жер семирткичтерди кандай колдонуп жатат? Алар ашыкча колдонулгандыктан даяр тамак-ашка зыяны тийген жокпу? Мына ушунун баарын көзөмөлдөгөндө гана таза азык-түлүк менен камсыздалып, элдин саламаттыгын коргой алабыз. Тамак-аш даярдоо технологиясын, инструкциясын кылдат кароо зарыл. Мунун баары азык-түлүктүн коопсуздук чынжырчасына кирет.
© Sputnik / Табылды КадырбековҮмүт Сатыбалдиева: ишкерлерди текшерүүгө бөгөт койгон мораторий алып салынганына байланыштуу пландуу рейддерге чыга турган болсок, коомдук тамак-аш жайлардын жана соода-сатык түйүндөрүнүн санитардык коопсуздугун баалаган стикер чапталат
Санитарный врач ЦГСЭН Умут Сатыбалдиева - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.03.2022
Үмүт Сатыбалдиева: ишкерлерди текшерүүгө бөгөт койгон мораторий алып салынганына байланыштуу пландуу рейддерге чыга турган болсок, коомдук тамак-аш жайлардын жана соода-сатык түйүндөрүнүн санитардык коопсуздугун баалаган стикер чапталат
— Кыргызстандагы кафе, ресторандарга тамак-аш азыктарын өндүрүүдө тобокелчиликтерди изилдөө, талдоо жаатында иштелип чыккан НАССР системасын толук киргизүү жагы айтылууда. Бул мүмкүнбү?
— НАССР — бул өзүн-өзү көзөмөлдөө, окутуу системасы. Жогоруда айткандай, тобокелчиликти, коркунучту жана конкреттүү коопсуздук чекиттерди аныктоо жана анализдөө — бул азыркы замандын талабы. Тамак-аш коопсуздугу боюнча Бажы союзунун 21-техникалык регламентинин 10-беренесинде тамак-аш өндүрүүдө ушул системаны колдонуу менен анын үстүнөн иштөө тууралуу жазылган. Ишкерлер арасында ушул системаны киргизүүнү каалагандар жана иштегендер өтө аз болуп жатат. Анда жетекчиге өзүн-өзү көзөмөлдөп, өндүрүштүк программаларды түзүп, милдеттенмени алуу талабы бар. Бул системага өтүү талабы бар болгону менен текшерип, талапты аткарбагандарга кандайдыр бир чара көрүү каралган эмес.
Гемодиализ алып жаткан бейтап. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.03.2022
Гемодиализ алууда медициналык жабдыктын сапаты да маанилүү. Адистин маеги
Улуттук госпиталдын анестезиология жана реанимация бөлүмүнүн анестезиологу Уулжан Казатова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.03.2022
Анестезиолог Казатова: наркоз алган соң сырын айтканы да, сөгүнгөнү да болот
Жаңылыктар түрмөгү
0