Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Сыдыкбекова: депрессия — оору, дарылабаса өзүнөн-өзү өтүп кетпейт

© Sputnik / Табылды КадырбековРеспубликалык психикалык ден соолук жана наркология борборунун психиатры Алтынай Сыдыкбекова
Республикалык психикалык ден соолук жана наркология борборунун психиатры Алтынай Сыдыкбекова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.04.2022
Жазылуу
Республикалык психикалык ден соолук жана наркология борборунун психиатры Алтынай Сыдыкбекова депрессияга кабылган адам психиатр же психотерапевтке гана кайрылышы керектигин айтты.
Депрессиянын негизги белгилери бул энергиянын жетишсиздиги, тамакка болгон табиттин төмөндөшү, ыйлоо, көп уктоо же тескерисинче, уйкусуздук, тынчсыздануу, чечкинсиздик, кам саноо, өзүн башкалардан төмөн сезүү, күнөөлүү же чарасыз сезүү болуп саналат. Эгерде адам мындай абалда эки жумадан ашык жүрсө, демек, бул депрессия экенин Алтынай Сыдыкбекова Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Сыдыкбекова: депрессия — оору, дарылабаса өзүнөн-өзү өтүп кетпейт
Анын айтымында, депрессияга кабылган адам суицид тууралуу көп ойлонот.
"Статистика боюнча, дүйнө жүзүндө элдин төрт пайызы (болжол менен 280 миллион киши) депрессия менен жабыркайт. Аялдар үй жумуштарына жооптуу, бала багып, тарбиялап, бирөөгө көз каранды жана эмоционалдуу болгондуктан аталган ооруга эркектерге караганда эки эсе көбүрөөк чалдыгат. Депрессиянын пайда болушуна жаш категория же социалдык абал таасир этет деп кесе айта албайм. Көбүнчө депрессия стресстик терс кырдаалдардын фонунда, жолу болбогон учурда пайда болот. Андан тышкары, оор психологиялык травма да депрессиянын өнүгүшүнө алып келиши мүмкүн (үй-бүлөнүн бузулушу, жакынынын өлүмү ж.б.). Депрессиянын ыктымалдыгы гормоналдык өзгөрүүлөр менен бирге жогорулайт (өспүрүм куракта, төрөттөн кийин, менопауза, карылык башталганда). Депрессияга кабылган адам жакындары менен баарлашуудан кийин өзүн кыйла жакшы сезип калат. Бирок айрымдарына тынчтык бериш керек. Эгер сүйлөшкүсү келбесе кыйнаганга болбойт. Андан тышкары, адам өзүнүн аймактык же үй бүлөлүк дарыгерине кайрылганы дурус. Депрессия — бул оору, аны дарылабаса өзүнөн-өзү өтүп кетпейт", — деди Сыдыкбекова.
Ал депрессияны дарылоодо антидепрессанттар берилерин жана аталган ооруну психотерапия менен эффективдүү жеңсе болорун кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0