Электр энергиянын тарифи кайра каралабы? Министрдин жообу

© Sputnik / Илья Наймушин / Медиабанкка өтүүЭлектр эсептегич. Архив
Электр эсептегич. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 31.03.2022
Жазылуу
Министрдин айтымында, учурдагы тарифтик саясат 2025-жылга чейин бекитилди.
БИШКЕК, 31-мар. — Sputnik. Кыргызстанда электр энергияга болгон тарифтер 2025-жылга чейин өзгөрбөйт. Бул тууралуу энергетика министри Доскул Бекмурзаев маалымат жыйын учурунда билдирди.
"2021-жылы кабыл алынган тарифтик саясат 2025-жылга чейин бекитилди. Буга байланыштуу 2025-жылга чейин тарифтер өзгөрбөйт", — деди ведомство жетекчиси.
Белгилей кетсек, учурда бир киловатт-сааттын тарифи 0,77 сом. Ал эми 700 киловатт-сааттан ашса 2,16 сомдон эсептелет.
Энергетика министри Доскул Бекмурзаев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 31.03.2022
Министр Бекмурзаев: Камбар-Ата-1 ГЭСин жайында кура баштайбыз
Жаңылыктар түрмөгү
0