Кыргызстандык футболчулар эртең Тажикстандын командасы менен ойнойт

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстандын жана Тажикстандын футболчулары оюн учурунда. Архив
Кыргызстандын жана Тажикстандын футболчулары оюн учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.03.2022
Жазылуу
Буга чейин Navruz Cup 2022 эл аралык турниринин алкагында кыргызстандыктар Өзбекстандын спортчуларына утулуп калган.
БИШКЕК, 28-мар. — Sputnik. Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы 29-мартта Наманган шаарында Тажикстандын тайпасы менен ойнойт. Бул тууралуу Кыргыз футбол союзунан кабарлашты.
Оюн Navruz Cup 2022 эл аралык турниринин алкагында өтөт. Буга чейин 25-мартта кыргызстандыктар Өзбекстандын спортчулары менен ойноп, 1:3 эсеби менен утулуп калышкан. Жалгыз голду Мирлан Мурзаев киргизген.
Ушул эле күнү Уганда менен Тажикстан курамалары беттешип, оюн 1:1 эсеби менен аяктаган. Буга байланыштуу пенальти уюштурулуп Африка континентинин өлкөсү 5:4 эсебинде жеңүүчү болгон.
29-мартта Уганда Өзбекстан менен беттешмекчи.
Кыргызстандын улуттук курама командасы кечээ Өзбекстандын "Динамо" спорт комплексинде мелдештен кийинки машыгууларды өткөргөн.
Кыргызстандык футболчу Мирлан Мурзаев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.03.2022
Футбол легендасы Майкл Оуэн Мирлан Мурзаевдин голун эң мыкты деп атады. Видео
Жаңылыктар түрмөгү
0