Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Сатыбалдиева: өкмөт колдосо кафе-ресторандарга кайрадан стикерлерди чаптоого даярбыз

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкек шаардык санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун санитардык дарыгери Үмүт Сатыбалдиева
Бишкек шаардык санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун санитардык дарыгери Үмүт Сатыбалдиева - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.03.2022
Жазылуу
Бишкек шаардык санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун санитардык дарыгери Үмүт Сатыбалдиева мораторий аяктаганы менен Экономика министрлиги тамактануучу жайларды пландуу текшерүүгө макулдук бере электигин айтты.
Коомдук тамактануучу жайларда рейддер эпидемиологиялык кырдаалга жараша жана пландуу түрдө ар бир кварталда жүргүзүлүшү зарыл. Буга чейин тамактануучу жайлардын санитардык талапка жооп берер-бербеси боюнча уруксат кагаздары берилчү. Бирок кийинки учурда жеке ишкерлерди колдоо максатында бул нерсе уруксат берүү реестринен алып салынды. 2021-жылы сентябрь айында ишкерлерди текшерүүгө бөгөт койгон мораторий аяктаганы менен Экономика министрлигине жөнөтүлгөн текшерүү планына макулдук ала элекпиз. Бул тууралуу Үмүт Сатыбалдиева Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Сатыбалдиева: өкмөт колдосо кафе-ресторандарга кайрадан стикерлерди чаптоого даярбыз
Анын айтымында, эгер коомдук тамактануучу жайда тамак-ашка уулануу катталса санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору плансыз текшерүү укугуна ээ.
"Борбор калаадагы коомдук тамактануучу жайлардын көбү санитардык талаптарга жооп бербейт. Мыйзамга ылайык жылына эки ирет санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл жүргүзүлүп турушу зарыл. Бардык эле ишкерлер коомдук тамактануучу жайларды ачып жаткан маалда санитардык нормалар, талаптар, милдеттери тууралуу ойлонушпайт. Арыз түшүп же тамак-ашка уулануу катталган учурда текшергенде бир топ эреже бузуулар аныкталат. Бул жетекчи, кызматкерлер тамак-аш даярдоо жана өндүрүү, азык-түлүк коопсуздугу жаатында окуудан өтпөгөнүнөн улам болуп жатат. Пандемияга чейин санитардык дарыгерлер тейлөө тармагында эмгектенген калктын тобу үчүн санитардык минимум боюнча окутууларды өтүп келген. Ал эми азыр бул ишти Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борбору алып барууда. Азыркы замандын талабы боюнча ар бир ишкер тобокелдиктерди талдоо жана критикалык көзөмөл түйүндөрүн аныктоо принциптерине (HACCP) ылайык иштеши керек. Бүгүнкү күндө КРдин нормативдик актылары менен бекитилген коомдук тамак-аш, соода-сатык жайларындагы санитардык норма эрежелердин тизмеси бар. Анда жетекчинин өзүн-өзү көзөмөлдөө жаатында өндүрүштүк программаларды түзүп, милдеттенмени алуу талабы бар. Бирок HACCP системасына өткөн ишкерлер абдан аз. Бул системага өтүү талабы бар болгону менен, текшерип, талапты аткарбагандарга айып пул салуу каралган эмес", — деди Сатыбалдиева.
Ал 2018-жылы Бишкек жана Ысык-Көл облусунун коомдук тамактануу жайларын текшерип, имараттардын сыртына стикерлерди чаптаган сынамык долбоордун критерийлери катуу болгонун, эгер өкмөт колдосо санэпидемстанция талаптарды жумшартып кайрадан бул долбоорду улантууга даяр экенин кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0