00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
6 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
5 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Личный интерес
Конгресс аналитиков: новые исследования и проекты для будущего Евразии
12:04
52 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Ала-Арча паркына эми унаалар киргизилбейт — паркта эмнелер өзгөрөт?
13:04
26 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Россияда мигранттарга көзөмөл күчөтүлдү. Кыргызстандыктар эмнелерди эске алуу керек?
13:31
25 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
Троянский конь для ЦА по-японски — беседа с аналитиком
14:05
40 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
Өлкөдө чоң тоок фермалар өнүгүүдө — коопсуздук жана тобокелдиктер
15:04
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Будь в курсе
Сохранить историю через археологию. О реализации программы раскопок «Тайны древней истории»
16:04
53 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Туяк
Манасчыларды, төкмө акындарды, Улуу Ата мекендик согуш баатырларын даңазалаган. Үмөталиевди эскерүү
17:04
50 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
«Мусорят сами же альпинисты» — волонтеры о походе для очистки от мусора пиков Ленина и Хан-Тенгри
18:07
36 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Киноблог
Мировые кинофестивали: тренды и темы года
20:06
35 мин
Ачык кеп
Өлкөдө чоң тоок фермалар өнүгүүдө — коопсуздук жана тобокелдиктер
23:04
46 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Россияга өлүм жазасы кайтарылабы? Медведевдин пикири

© Sputnik / Екатерина Штукина / Медиабанкка өтүүРоссиянын Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Дмитрий Медведев. Архив
Россиянын Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Дмитрий Медведев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.03.2022
Жазылуу
Россияда өлүм жазасына 1997-жылдын 16-апрелинде мораторий жарыяланган. Бир аз мурда Дмитрий Медведев Россия Европа кеңешинен чыгарын айтып, эми өтө оор кылмыш жасагандар үчүн өлүм жазасын кайтаруу мүмкүнчүлүгү пайда болорун билдирген.
БИШКЕК, 25-мар. — Sputnik. Россияга өлүм жазасын кайтарып келүүгө чектөөлөр жок. Албетте, бардыгы тынч болсо, мораторий кала берет. Эгер зарылдык жаралса, бул маселени кайра карап чыгышыбыз мүмкүн. Бул тууралуу Россиянын Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Дмитрий Медведев РИА Новости агенттигине берген маегинде айтты.
"Бул өтө татаал маселе. Анын адеп-ахлактык, философиялык мааниси бар. Өлүм жазасына ар кимдин көз карашы ар кандай. Россиянын андан баш тартышынын себептеринин бири — Европа кеңешине мүчө болушу эле. Азыр бул конвенция биз үчүн күчүн жоготту. Бирок баары бир дароо чечим кабыл алып коё албайбыз. Талкуулачу нерселер көп. Мисалы, ар кайсы дин өлүм жазасына ар кандай көз карашта. Кайсы гана мамлекет болбосун өлүм жазасы тууралуу талкууга келгенде бул маселеге олуттуу көңүл бурулат", — деди Медведев.
Ошондой эле ал жазанын бул түрүн кайтаруу маселесине келгенде азыр Россия үчүн эл аралык укук эмес, ички кырдаал биринчи орунда болуп жатканын билдирди.
"Бардыгы азыркы криминалдык кырдаалга байланыштуу. Мисалы, өлкөдө абал туруктуу сакталып тура берсе, жаза жаатында эч нерсе өзгөрбөйт. Эгер жогорку жазаны талап кыла турган кылмыштар жасала баштаса, албетте, маселени кайра карап чыгууга туура келет", — деди Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары.

Маселе эмнеден улам көтөрүлдү?

Бир аз мурда Дмитрий Медведев Россия Европа кеңешинен чыгат деген билдирүү жасаган. Мындан улам ал өтө оор кылмыш жасагандар үчүн өлүм жазасын кайтаруу мүмкүнчүлүгү пайда болорун айткан.
Ал эми Мамлекеттик думанын ЛДПР фракциясынын депутаттары өлүм жазасын кайтаруу боюнча референдум өткөрүү демилгесин көтөрүп чыгышкан.
Адам укуктары боюнча кеңештин төрагасы Валерий Фадеев өлүм жазасы боюнча маселе аскердик кылмыштарды иликтеген учурда көтөрүлүшү мүмкүн экенин айткан.
Россияда өлүм жазасына 1997-жылдын 16-апрелинде мораторий жарыяланган.
Сауд Аравиясынын желеги. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.03.2022
Сауд Аравияда коопсуздук күчтөрүнө кол салган 81 адам өлүм жазасына тартылды
Жаңылыктар түрмөгү
0