Тажик чек арачылары кыргыз аскерин ур-токмокко алганы кабарланды

© Sputnik / Григорий Сысоев / Медиабанкка өтүүЧек арачы. Архив
Чек арачы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.03.2022
Жазылуу
Кыргызстандык аскер чек ара линиясында турган автоунааны кууп барып тажик тарапка өтүп кеткенде, аны кармап алышкан.
БИШКЕК, 23-мар. — Sputnik. Тажикстандын Чек ара аскерлери кыргызстандык чек арачыны кармап алып ур-токмокко алганы аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын Чек кара кызматынан билдирди.
Маалыматка ылайык, аскер кызматкери 19-март күнү Баткен облусунун Лейлек районуна караштуу Сада тилкесинде кызмат өтөп жатып чек ара линиясынан белгисиз автоунааны көргөн. Аны кармоого аракет кылып жатып Тажикстандын чек арачылары турган тилкеге өтүп кеткен.
"Тажик чек арачылары кыргызстандык чек арачыны кармашкан. Тез арада Кыргызстандын Лейлек району жана Тажикстандын Ганчинск району боюнча чек ара өкүлдөрү жолугуп, сүйлөшүүнүн натыйжасында кармалган аскер кыргыз тарапка өткөрүп берилген. Бирок ал жактан башы жарылып, денеси тытылып, кийими канга боёлуп чыккан. Кыргызстандык чек арачы тажик аскерлери менен урушуп кеткенин айтты. Учурда анын абалы туруктуу, ооруканада дарыланып жатат", — деп айтылат маалыматта.
УКМКнын Чек ара кызматы аталган факты боюнча териштирүү жүргүзүп жатат.
Жаңылыктарды кыска жана ыкчам окугуңуз келсе Telegram каналыбызга катталыңыз.
Атылган октор. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.03.2022
УКМК: түндө кыргыз-тажик чек арасында дагы атышуу болду
Жаңылыктар түрмөгү
0