https://sputnik.kg/20220311/kyrgyz-tazhik-chek-arasynda-dagy-atyshuu-boldu-1062749554.html
УКМК: түндө кыргыз-тажик чек арасында дагы атышуу болду
УКМК: түндө кыргыз-тажик чек арасында дагы атышуу болду
Sputnik Кыргызстан
Кечээ, 10-мартта, саат 10.50лөр чамасында, Баткен облусундагы Тескей айылы жактагы мамлекеттик чек аранын такталбаган бөлүгүндө курал колдонулган чатак чыккан. 11.03.2022, Sputnik Кыргызстан
2022-03-11T09:46+0600
2022-03-11T09:46+0600
2022-03-11T09:46+0600
кыргызстан
тажикстан
баткен
чек ара
атышуу
https://sputnik.kg/img/07e5/0c/16/1060639464_0:0:3072:1728_1920x0_80_0_0_a8fdfadc38363915fef4c2d0a2e0d12c.jpg
БИШКЕК, 11-мар. – Sputnik. Кыргыз-тажик чек арасында 11-мартка караган түнү дагы атышуу болду. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан билдирди.Окуя саат 2:50лөр чамасында Баткен облусунун Эки-Таш аймагында башталган.Ошол учурда Тажикстандын башка чек ара кызматкерлери Кыргызстандын байкоо мунарасы көздөй ок чыгара баштаган. Атышуу 20 мүнөткө созулуп, саат 03.10до токтогон."Кыргыз тараптан жаракат алгандар болгон жок. Чыр-чатактын мындан ары күчөп кетпеши үчүн Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара өкүлдөрү телефон аркылуу сүйлөштү", — деп айтылат билдирүүдө.Чек ара кызматы күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөөсүн улантууда.Эске салсак, кечээ, 10-мартта, саат 10.50лөр чамасында, Баткен облусундагы Тескей айылы жактагы мамлекеттик чек аранын такталбаган бөлүгүндө курал колдонулган чатак чыккан. Атышуу 10 мүнөткө созулган. Жабыркагандар болгон эмес.
https://sputnik.kg/20220310/batken-chek-aradagy-atyshuu-taraptar-makuldashuu-1062739956.html
тажикстан
баткен
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2022
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e5/0c/16/1060639464_71:0:2802:2048_1920x0_80_0_0_44a90cdf63dd359d09930bfa2093a71b.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, тажикстан, баткен, чек ара, атышуу
кыргызстан, тажикстан, баткен, чек ара, атышуу
УКМК: түндө кыргыз-тажик чек арасында дагы атышуу болду
Кечээ, 10-мартта, саат 10.50лөр чамасында, Баткен облусундагы Тескей айылы жактагы мамлекеттик чек аранын такталбаган бөлүгүндө курал колдонулган чатак чыккан.
БИШКЕК, 11-мар. – Sputnik. Кыргыз-тажик чек арасында 11-мартка караган түнү дагы атышуу болду. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан билдирди.
Окуя саат 2:50лөр чамасында Баткен облусунун Эки-Таш аймагында башталган.
"Баткен — Исфана автожолунун аймагында Тажикстандын чек арачылары жолдон өткөн автоунааларды ташка ала баштаган. Кыргызстандын чек арачыларынын токтоткула деген талабын аткарышкан эмес. Ошол маалда кыргыз чек арачылары тажик аскер кызматкерлеринин мыйзамсыз аракеттерин токтотуу максатында аргасыздан эскертүү иретинде асманга ок атышкан", — деп айтылат билдирүүдө.
Ошол учурда Тажикстандын башка чек ара кызматкерлери Кыргызстандын байкоо мунарасы көздөй ок чыгара баштаган. Атышуу 20 мүнөткө созулуп, саат 03.10до токтогон.
"Кыргыз тараптан жаракат алгандар болгон жок. Чыр-чатактын мындан ары күчөп кетпеши үчүн Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара өкүлдөрү телефон аркылуу сүйлөштү", — деп айтылат билдирүүдө.
Чек ара кызматы күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөөсүн улантууда.
Эске салсак, кечээ, 10-мартта, саат 10.50лөр чамасында, Баткен облусундагы Тескей айылы жактагы мамлекеттик чек аранын такталбаган бөлүгүндө курал колдонулган
чатак чыккан. Атышуу 10 мүнөткө созулган. Жабыркагандар болгон эмес.
10 Жалган Куран 2022, 17:14