https://sputnik.kg/20220321/sadyr-zhaparov-nooruz-majram-kuttuktoo-1063005266.html
Нооруз – жандануунун башаты! Садыр Жапаровдун куттуктоосу
Нооруз – жандануунун башаты! Садыр Жапаровдун куттуктоосу
Sputnik Кыргызстан
Мамлекет башчы кыргыз элин майрамы менен куттуктап, ынтымак, береке, ийгилик, бардар турмуш жана бакубат жашоо каалады. 21.03.2022, Sputnik Кыргызстан
2022-03-21T10:32+0600
2022-03-21T10:32+0600
2022-03-21T11:27+0600
кыргызстан
нооруз
майрам
садыр жапаров
куттуктоо
https://sputnik.kg/img/07e5/0b/1c/1054784364_0:0:2835:1595_1920x0_80_0_0_640d5805775547298767cfb3b4c3bb61.jpg
БИШКЕК, 21-мар. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров кыргызстандыктарды Нооруз майрамы менен куттуктап, бул жакшы тилек-пейилдердин майрамы экенин эске салды.Ошондой эле президент бул күнү мамлекеттин өнүгүшү үчүн конкреттүү иш-пландардын жүзөгө ашуусуна тилек кылуу керектигин кошумчалайт."Эл кызматындагылар саясатты экинчи планга коюп, эл-журттун камы, экономиканын өнүгүшү үчүн ишенимдүү кадамдарды жасай баштады. Бийлик бутактары бир максатты көздөп, бир багытта иш алып барууну колго алды. Ынтымагыбыз артып, элдин үмүт-тилегин аткаруу үчүн ар бирибиз адал эмгек менен Кыргызстандын жаркын келечегин курууга, экономикасын өнүктүрүүгө салым кошолу деген ниетибизден жанбайлы", — деди ал.Сөзүнүн соңунда президент кыргыз элине ынтымак, береке, ийгилик, бардар турмуш жана бакубат жашоо каалады.
https://sputnik.kg/20220321/nooruz-mayramy-ish-charalar-tizmesi-1062996639.html
https://sputnik.kg/20220320/batkende-sumolok-kaynatuuga-katyshkan-sadyr-zhaparov-zhana-birinchi-ayym-1063004117.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2022
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e5/0b/1c/1054784364_287:0:2558:1703_1920x0_80_0_0_deceef3b34e09a494b9bad0c32204ae4.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, нооруз, майрам, садыр жапаров, куттуктоо
кыргызстан, нооруз, майрам, садыр жапаров, куттуктоо
Нооруз – жандануунун башаты! Садыр Жапаровдун куттуктоосу
10:32 21.03.2022 (Жаңыртылды: 11:27 21.03.2022) Мамлекет башчы кыргыз элин майрамы менен куттуктап, ынтымак, береке, ийгилик, бардар турмуш жана бакубат жашоо каалады.
БИШКЕК, 21-мар. — Sputnik. Президент
Садыр Жапаров кыргызстандыктарды Нооруз майрамы менен куттуктап, бул жакшы тилек-пейилдердин майрамы экенин эске салды.
"Бул майрам миңдеген жылдык тарыхы бар, мааниси-мазмуну терең майрам. Табият уйкудан ойгонгон күнү адамзат менен жаратылыштын ортосундагы бир бүтүндүктүн, гармониянын белгиси катары жүрөгүбүздө да аруу ниеттер, жакшы тилектер ойгонот. Эзелтеден эле ата-бабаларыбыз жер жарылып көк чыккан, күн менен түн теңелген ушул күндү жаздын, жаңылануунун майрамы катары белгилеп келишкен. Бири-бирине чын пейили менен куттук айтып, аруу тилектерин тилеген", — деп айтылат өлкө башчынын маалымат кызматы тараткан куттуктоодо.
Ошондой эле президент бул күнү мамлекеттин өнүгүшү үчүн конкреттүү иш-пландардын жүзөгө ашуусуна тилек кылуу керектигин кошумчалайт.
"Эл кызматындагылар саясатты экинчи планга коюп, эл-журттун камы, экономиканын өнүгүшү үчүн ишенимдүү кадамдарды жасай баштады. Бийлик бутактары бир максатты көздөп, бир багытта иш алып барууну колго алды. Ынтымагыбыз артып, элдин үмүт-тилегин аткаруу үчүн ар бирибиз адал эмгек менен Кыргызстандын жаркын келечегин курууга, экономикасын өнүктүрүүгө салым кошолу деген ниетибизден жанбайлы", — деди ал.
Сөзүнүн соңунда президент кыргыз элине ынтымак, береке, ийгилик, бардар турмуш жана бакубат жашоо каалады.
21 Жалган Куран 2022, 09:12
20 Жалган Куран 2022, 23:11