Спецоперация России по защите Донбасса - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

Лавров атайын операция тууралуу: антироссиялык долбоорго бөгөт коюлду

© Sputnik / Евгений Биятов / Медиабанкка өтүүРФ ТИМинин жетекчиси Сергей Лавров
РФ ТИМинин жетекчиси Сергей Лавров - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.03.2022
Жазылуу
Министрдин айтымында, атайын операциянын жүрүшүндө ойлонулган планды үзгүлтүккө учуратууга мүмкүн болгон.
БИШКЕК, 19-мар. — Sputnik. Россиянын башка жолу жок эле, антироссиялык долбоорго бөгөт коюлду. Бул тууралуу РФ ТИМинин жетекчиси Сергей Лавров Украинадагы атайын операция тууралуу айтып жатып билдиргенин РИА Новости жазды.
Министр Москва Батышка киргизген коопсуздук кепилдиги сунушун эске салды, бирок Украина жана НАТО боюнча ал жактагылар сүйлөшүүдөн баш тарткан.
"Донбасста дыкат даярдалган аткылоо башталганда Украинадагы орустарды коргоо үчүн башка жолубуз калган жок. Биз ЛЭР менен ДЭРди таанып, өз ара көмөктөшүү келишимине кол койдук. Алардын суранычына жооп кылып президент атайын операция баштоону тапшырды", — деди Лавров "Лидеры России" аттуу эл аралык тректин финалында катышуучулар менен жолугушуп жатып.
Министрдин айтымында, Донбассты басып алуу планы көптөн бери ойлонулуп жүргөн, атайын операция анын ишке ашуусуна жол берген жок. Ошол эле учурда Лавров буга Батыштын өзгөчө реакциясын белгиледи.
"Мунун баары бир гана нерсени тастыктап турат, "антироссия" долбооруна атайын операция бөгөт койду, анткени анын максаты, биринчиден, Донбасстагы элдин коопсуздугун камсыздоо эле, экинчиден, Россия Федерациясы үчүн кооптуулукту жоюу болду. Ал эми бул коркунучтар Украинаны милитаризациялоо жана нацификациялоонун жүрүшүндө топтолуп келген. Биздин кадамыбыз алардын ойлогон оюн ишке ашырбай койгондо эмне кыларын билбей калышты", — деди Лавров.
Эскерте кетсек, Россия Украинада атайын операциясын 24-февралда баштаган.
ДЭР аскер кызматкерлери Мариупольдогу өткөрмө бекетте - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.03.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Мариуполь курчоосу, НАТОго айбат жана РФтин аскердик чеберчилиги
РФ тышкы иштер министри Сергей Лавров. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.03.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Лавров: атайын операция бардык маселени камтыган келишим менен аяктайт
Жаңылыктар түрмөгү
0