16 жашында театрдын босогосун аттаган. Сабира Күмүшалиеванын сүрөттөрү

Жазылуу
Бүгүн белгилүү сахна жана кино чебери, Кыргыз ССРинин эл артисти, КРдин Баатыры Сабира Күмүшалиеванын туулган күнү.
Sputnik Кыргызстан агенттиги залкар инсандын сүрөттө калган ирмемдерин сунуштайт.
Сабира Күмүшалиева үй-бүлөдөгү жалгыз кыз эле. 1917-жылы 19-мартта жарыкка келген. Мектепти аяктаган соң педагогикалык институттун даярдоо курсунан өтүп, борбор калаадагы башталгыч класстын окуучуларына сабак берип эмгек жолун баштаган. Сентябрда окуу башталышы менен Абдылас Малдыбаев ал мектепке концерт коюп келип, жаш кызды театрга чакырган. 16 жаштагы Күмүшалиева азыркы Кыргыз мамлекеттик академиялык театрына келип "Карачач" драмасындагы Карачачтын ролун аткарган. Ошентип актёрдук билими жок эле театрдын босогосун аттап, өмүрүн сахнага арнаган.
СССРдин эл артисти жалпы 70 жылдай чыгармачылык менен алектенип, театрда 100дөн ашык образ жаратып, кинодо 30дан ашык тасмага тартылган.
Кыргыз Республикасынын Баатыры, эл артисти, залкар актрисанын өмүрү жана чыгармачылыгындагы кызыктуу фактыларды Sputnik Кыргызстан агенттигинин материалынан окуңуздар.
© Sputnik / Александр Федоров

СССРдин эл артисти Сабира Күмүшалиева "Ак кеме" тасмасында Карыз таененин образында

СССРдин эл артисти Сабира Күмүшалиева "Ак кеме" тасмасында Карыз таененин образында - Sputnik Кыргызстан
1/14

СССРдин эл артисти Сабира Күмүшалиева "Ак кеме" тасмасында Карыз таененин образында

© Sputnik / Александр Федоров

Топтошкон элдин ортосунда отурган КРдин Баатыры Сабира Күмүшалиева менен СССРдин эл артисти Бакен Кыдыкеева. "Караш-Караш окуясы" тасмасы, 1967-жыл

Топтошкон элдин ортосунда отурган КРдин Баатыры Сабира Күмүшалиева менен СССРдин эл артисти Бакен Кыдыкеева. "Караш-Караш окуясы" тасмасы, 1967-жыл - Sputnik Кыргызстан
2/14

Топтошкон элдин ортосунда отурган КРдин Баатыры Сабира Күмүшалиева менен СССРдин эл артисти Бакен Кыдыкеева. "Караш-Караш окуясы" тасмасы, 1967-жыл

© Sputnik / Александр Федоров

Актриса Сабира Күмүшалиева менен актёр Асанкул Куттубаев, 1975-жыл

Актриса Сабира Күмүшалиева менен актёр Асанкул Куттубаев, 1975-жыл - Sputnik Кыргызстан
3/14

Актриса Сабира Күмүшалиева менен актёр Асанкул Куттубаев, 1975-жыл

© Sputnik / Фред Гринберг / Медиабанкка өтүү

СССРдин эл артисти, кинорежиссёр Болот Шамшиев менен Кыргыз ССРинин эл артисти Сабира Күмүшалиева. Ысык-Көл, 1972-жыл

СССРдин эл артисти, кинорежиссёр Болот Шамшиев менен Кыргыз ССРинин эл артисти Сабира Күмүшалиева. Ысык-Көл, 1972-жыл - Sputnik Кыргызстан
4/14

СССРдин эл артисти, кинорежиссёр Болот Шамшиев менен Кыргыз ССРинин эл артисти Сабира Күмүшалиева. Ысык-Көл, 1972-жыл

© Sputnik / Фред Гринберг

Режиссёр Болот Шамшиевдин "Ак кемесиндеги" Карыз эне

Режиссёр Болот Шамшиевдин "Ак кемесиндеги" Карыз эне - Sputnik Кыргызстан
5/14

Режиссёр Болот Шамшиевдин "Ак кемесиндеги" Карыз эне

© Фото / Александр Федоров

"Лифти бар үйдөгү тепкичтер" тасмасын тартуу учуру

"Лифти бар үйдөгү тепкичтер" тасмасын тартуу учуру - Sputnik Кыргызстан
6/14

"Лифти бар үйдөгү тепкичтер" тасмасын тартуу учуру

© Фото / Александр Федоров

Кыргыз киносунун алптары: Алиман Жангорозова, Муратбек Рыскулов, Сабира Күмүшалиева, Исмаилбек Абдубачаев

Кыргыз киносунун алптары: Алиман Жангорозова, Муратбек Рыскулов, Сабира Күмүшалиева, Исмаилбек Абдубачаев - Sputnik Кыргызстан
7/14

Кыргыз киносунун алптары: Алиман Жангорозова, Муратбек Рыскулов, Сабира Күмүшалиева, Исмаилбек Абдубачаев

© Фото / Александр Федоров

СССРдин эл артисти "Ак куулар конгон айдың көл" кинокартинасында

СССРдин эл артисти "Ак куулар конгон айдың көл" кинокартинасында - Sputnik Кыргызстан
8/14

СССРдин эл артисти "Ак куулар конгон айдың көл" кинокартинасында

© Фото / из семейного архива Абдубачаевых

Атактуу актриса Даркүл Күйүкова, Сабира Күмүшалиева, төкмө акын Эстебес Турсуналиев замандаштары менен. Фрунзе шаары, 1980-жыл

Атактуу актриса Даркүл Күйүкова, Сабира Күмүшалиева, төкмө акын Эстебес Турсуналиев замандаштары менен. Фрунзе шаары, 1980-жыл - Sputnik Кыргызстан
9/14

Атактуу актриса Даркүл Күйүкова, Сабира Күмүшалиева, төкмө акын Эстебес Турсуналиев замандаштары менен. Фрунзе шаары, 1980-жыл

© Sputnik / Мамадалиев / Медиабанкка өтүү

КРдин Баатыры Сабира Күмүшалиева кыргыз киночуларынын бир топ тасмаларына катышкан

КРдин Баатыры Сабира Күмүшалиева кыргыз киночуларынын бир топ тасмаларына катышкан - Sputnik Кыргызстан
10/14

КРдин Баатыры Сабира Күмүшалиева кыргыз киночуларынын бир топ тасмаларына катышкан

© Фото / Александр Федоров

Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын актрисалары: Тынара Абдразаева, Сабира Күмүшалиева, Шайыр Касымалиева

Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын актрисалары: Тынара Абдразаева, Сабира Күмүшалиева, Шайыр Касымалиева - Sputnik Кыргызстан
11/14

Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын актрисалары: Тынара Абдразаева, Сабира Күмүшалиева, Шайыр Касымалиева

© Sputnik / Александр Федоров

СССРдин эл артисттери Сабира Күмүшалиева, Сайра Кийизбаева жана көрүнүктүү мамлекеттик ишмер Күлүйпа Кондучалова. Кыргыз ССРиндеги аялдардын VIII съезди

СССРдин эл артисттери Сабира Күмүшалиева, Сайра Кийизбаева жана көрүнүктүү мамлекеттик ишмер Күлүйпа Кондучалова. Кыргыз ССРиндеги аялдардын VIII съезди - Sputnik Кыргызстан
12/14

СССРдин эл артисттери Сабира Күмүшалиева, Сайра Кийизбаева жана көрүнүктүү мамлекеттик ишмер Күлүйпа Кондучалова. Кыргыз ССРиндеги аялдардын VIII съезди

© Фото / Александр Федоров

Кыргыз театры менен киносунун жылдыздары: Даркүл Күйүкова, Сабира Күмүшалиева, Гүлсара Ажыбекова, Жамал Сейдакматова жана залкар жазуучу Чыңгыз Айтматов

Кыргыз театры менен киносунун жылдыздары: Даркүл Күйүкова, Сабира Күмүшалиева, Гүлсара Ажыбекова, Жамал Сейдакматова жана залкар жазуучу Чыңгыз Айтматов - Sputnik Кыргызстан
13/14

Кыргыз театры менен киносунун жылдыздары: Даркүл Күйүкова, Сабира Күмүшалиева, Гүлсара Ажыбекова, Жамал Сейдакматова жана залкар жазуучу Чыңгыз Айтматов

© Фото / Александр Федоров

Кыргыз театр жана кино өнөрүнүн легендасы Муратбек Рыскулов Сабира апанын өмүрлүк жубайы болгон. Эки талант 38 жыл чогуу өмүр кечирип, төрт баланы тарбиялап өстүргөн

Кыргыз театр жана кино өнөрүнүн легендасы Муратбек Рыскулов Сабира апанын өмүрлүк жубайы болгон. Эки талант 38 жыл чогуу өмүр кечирип, төрт баланы тарбиялап өстүргөн - Sputnik Кыргызстан
14/14

Кыргыз театр жана кино өнөрүнүн легендасы Муратбек Рыскулов Сабира апанын өмүрлүк жубайы болгон. Эки талант 38 жыл чогуу өмүр кечирип, төрт баланы тарбиялап өстүргөн

Тема боюнча:
Дооронбек Садырбаевдин доору... Сүрөттө калган ирмемдер
Тасма тартуу үчүн үйүн күрөөгө да койгон. Эрнест Абдыжапаровдун сүрөттөрү
Кайгылуу ырлардын рыцары 64 жашта. Асылбек Өзүбековдун сүрөттөрү
Бопуш, Саяк, Саякбай болуп жашай берет. Марат Жантелиев 61 жашка чыкмак...
Көч көрктүү болсун! Кыргыздардын 150 жыл мурунку турмушунан сүрөт баян
Жаңылыктар түрмөгү
0