https://sputnik.kg/20220317/zher-tilke-miyzamdashtyruu-demlige-1062917687.html
Өкмөт басып алынган 120 миң жер тилкеге документ берүү мыйзамын алып чыкты
Өкмөт басып алынган 120 миң жер тилкеге документ берүү мыйзамын алып чыкты
Sputnik Кыргызстан
Азыркы учурда борбор калаадагы мыйзамсыз салынган 3 589 үйгө мунапыс берүү сунушталууда. 17.03.2022, Sputnik Кыргызстан
2022-03-17T16:06+0600
2022-03-17T16:06+0600
2022-03-17T16:07+0600
кыргызстан
саясат
жер тилкеси
мыйзамдаштыруу
документ
https://sputnik.kg/img/07e5/04/17/1052237237_315:175:3645:2048_1920x0_80_0_0_890313954e114f856198a9c0697bec2a.jpg
БИШКЕК, 17-мар. — Sputnik. Министрлер кабинети Кыргызстанда басып алып турак жай куруп алган 30 миң гектар жерди документтештирүү мыйзам долбоорун иштеп чыкты.Демилге парламентте экинчи окууда каралды. Айыл чарба министринин орун басары Нурлан Шериповдун айтымында, мунапыс мыйзамына сунушталган 30 гектар жерге 105 миң турак жай, 16 миңге чукул фундамент уруксатсыз тургузулган.Анын ичинде Бишкек шаарынын 44 жаңы конушунда мыйзамсыз курулган 6 382 үй бар. Азыркы тапта 3 589 үйдү мыйзамдаштырса болот, 2 793ү санитардык нормага дал келбегенине байланыштуу каралып жатат.Бул мыйзам долбоору президент Садыр Жапаровдун уруксатсыз курулган үйлөрдү мыйзамдаштыруу жана документтештирүү тапшырмасына ылайык иштелип чыккан.Мунапыс беш объектиге багытталган:Эл өкүлү Алишер Козуев азыркы кырдаалда эки вариант бар экенин белгиледи. Биринчиси — жүз миңден ашуун үйдү түрттүрүп кайра мурунку калыбына келтириш керек, экинчиси — баарын мыйзамдаштырып берүү зарыл.Аны менен катар депутат мунапыс бере турган комиссиянын курамына көңүл бурууга чакырды. Ал эми укук коргоо органдарынан комиссиянын иштөө тартибин тыкыр көзөмөлдөөнү суранды.Ошол эле учурда жергиликтүү бийлик органдары жеке кызыкчылыктарын көздөбөй, ишти жөнгө салышы шарт экени белгиленген.
https://sputnik.kg/20220112/bishkek-zhany-konush-tekhpasporttor-berildi-1061175190.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2022
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e5/04/17/1052237237_538:0:3269:2048_1920x0_80_0_0_34edbf3a5db5af0db6f06a06cfb28d50.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, саясат, жер тилкеси, мыйзамдаштыруу, документ
кыргызстан, саясат, жер тилкеси, мыйзамдаштыруу, документ
Өкмөт басып алынган 120 миң жер тилкеге документ берүү мыйзамын алып чыкты
16:06 17.03.2022 (Жаңыртылды: 16:07 17.03.2022) Азыркы учурда борбор калаадагы мыйзамсыз салынган 3 589 үйгө мунапыс берүү сунушталууда.
БИШКЕК, 17-мар. — Sputnik. Министрлер кабинети Кыргызстанда басып алып турак жай куруп алган 30 миң гектар жерди документтештирүү мыйзам долбоорун иштеп чыкты.
Демилге парламентте экинчи окууда каралды. Айыл чарба министринин орун басары Нурлан Шериповдун айтымында, мунапыс мыйзамына сунушталган 30 гектар жерге 105 миң турак жай, 16 миңге чукул фундамент уруксатсыз тургузулган.
Анын ичинде Бишкек шаарынын 44 жаңы конушунда мыйзамсыз курулган 6 382 үй бар. Азыркы тапта 3 589 үйдү мыйзамдаштырса болот, 2 793ү санитардык нормага дал келбегенине байланыштуу каралып жатат.
Бул мыйзам долбоору президент
Садыр Жапаровдун уруксатсыз курулган үйлөрдү мыйзамдаштыруу жана документтештирүү тапшырмасына ылайык иштелип чыккан.
Мунапыс беш объектиге багытталган:
Өз алдынча уруксатсыз курулган үйлөр;
Трансформация жөнүндө чечими барлар;
Айыл чарба өндүрүшүнө жараксыз жерлер;
Жер үлүштөрү, айыл чарба багытындагы мамлекеттик актысы бар 10-15 сотыхка бөлүнүп кеткен жер тилкелер;
Багбанчылык дача тибиндеги жер тилкелери.
Эл өкүлү Алишер Козуев азыркы кырдаалда эки вариант бар экенин белгиледи. Биринчиси — жүз миңден ашуун үйдү түрттүрүп кайра мурунку калыбына келтириш керек, экинчиси — баарын мыйзамдаштырып берүү зарыл.
Аны менен катар депутат мунапыс бере турган комиссиянын курамына көңүл бурууга чакырды. Ал эми укук коргоо органдарынан комиссиянын иштөө тартибин тыкыр көзөмөлдөөнү суранды.
Ошол эле учурда жергиликтүү бийлик органдары жеке кызыкчылыктарын көздөбөй, ишти жөнгө салышы шарт экени белгиленген.